М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№23-2

26.12.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

2.

№23-3

26.12.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2021-       жылга бюджети жана 2022- 2023-    жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

3.

№23-4

26.12.2020

   Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү планына киргизилген  Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге  алмаштырууга түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

4.

№23-5

26.12.2020

    Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү программасына киргизилген  Кыргыз-Ата айылында жайгашкан                 А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын оңдоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№23-2

26.12.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

   Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени Кыргыз Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын  31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджети    аткарылгандыгы 

       белгиленсин (тиркелет).

2.            Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын финансалык- экономикалык негиздерин  чындоо, алардын финансалык-мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

3.            Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы   депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№23-3

26.12.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2021-       жылга бюджети жана 2022- 2023-    жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

        Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган айылдык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2021-жылга республикалык бюджети  жана 2022-2023-жылдарга болжолу   жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Кыргыз Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын  31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   2021-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  25627,1 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

            2.  2021-жылга бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

           3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  төмөндөгүдөй болуп колдоого алынсын:

            - кирешенин болжолу 2022-жылга 25765,4  миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8149,9 миң сом менен) жана 2023-жылга 26112,1 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8141,6 миң  сом менен) белгиленсин.

            - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

     Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн

ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

            Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

            4. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.    

            5.  2021-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 1300,0 миң сом суммасында белгиленсин.

            6.  2021-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

             7. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

              9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№23-4

26.12.2020

 

   Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү планына киргизилген  Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге  алмаштырууга түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

     Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык  планына киргизилген  мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерине  алмаштыруу долбоору жана өздүк салымы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ  башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап  Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамынын  18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүндөгү Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2.           Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластикке алмаштырууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2021- жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 343820 (үч жүз кырк үч миң сегиз жүз жыйырма ) сом акча каражаты ажыратылсын.

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 23 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№23-5

26.12.2020

 

    Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү программасына киргизилген  Кыргыз-Ата айылында жайгашкан                 А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын оңдоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

  Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык  планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндогу Кыргыз-Ата айылында жайгашкан  А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын ондоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик улуштук дем беруучу гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында "Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенешини кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Ата айылында жайгашкан                 А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын ондоп № 26 ГСВ га кайра профилдөөну мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2.            Кыргыз-Ата айылында жайгашкан  А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын ондоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө үчүн даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 502500 (беш жүз эки миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.

3.             Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин эканомика бюджет, салык  жана ишкердүүлүктү колдоо  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад