М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 20-1

03.08.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу      Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү  максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндө

2.

№ 20-2

03.08.2020

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү тууралуу 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№ 20-1

03.08.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу      Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү  максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндө

     Күн тартибиндеги  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү  маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп,  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесине таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак- Булак айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү  Ак-Булак айылынын тургундарынын 2020-жылдын 23-июлундагы жана Саты Токторов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты менен  өткөрүлгөн 2020-жылдын 24-июлундагы жалпы чогулуштарынын  чечимдери бекитилсин (№1,2 тиркемелер).

 2. Гимназия мектебин ачуу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү, окуу имаратынын материалдык-техникалык базасын уюштурууга көмөк көрсөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

      3.  Гимназия ачууга  макулдук берүү, каржылоону Республикалык бюджеттин 

      эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

      4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим       

      берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү     

      комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 20 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

№ 20-2

03.08.2020

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү тууралуу 

     Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары" мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун  айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдору бекитилсин.

 

2.           Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад