М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

18-1

08.02.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жыл ичинде    аткарган иштеринин отчету жана 2020-жылга иш планы жөнүндө

2.

18-2

08.02.2020

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 1-январына карата эсептик   счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө                                                   

3.

18-3

08.02.2020

  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2019-жылдын  21-декабрындагы  № 17-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

4.

18-4

08.02.2020

Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин   2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

5.

18-5

08.02.2020

 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына    көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана

мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү тууралуу 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

18-1

08.02.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жыл ичинде    аткарган иштеринин отчету жана 2020-жылга иш планы жөнүндө

   Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2 жана 6-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берилген маалымат жактырылсын (тиркелет).

 

2.           Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

 

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

18-2

08.02.2020

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдын 1-январына карата эсептик   счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө                                                   

  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1 январына карата эсептик счетундагы калдыкты  бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин "Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодекси" Мыйзамынын  102-беренесине ылайык  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            2020-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана  чыгашалары 1158,9 миң сомго, атайын эсептик счетундагы 148,6 миң сомго бардыгы болуп 1307,5 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

 

2.            2020-жылга айылдык  бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинен

                     чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

                       Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башында бекитилген суммага   

                    2020-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп  

                    каржылануусун айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мариповго жана финансы-

                    экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Коконбаевге милдеттендирилсин.

 

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

18-3

08.02.2020

 

  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2019-жылдын  21-декабрындагы  № 17-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

     Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  жергиликтүү бюджетинин  аткарылышын анализдеп, аталган меселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин "Бюджет,салык жана ишмердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 115-беренесине  ылайык  Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине жыл  жыйынтыгы менен ашыкча түшүүчү жана күтүлүүчү 1307,5 миң сом акча каражаттын эсебинен № 1 тиркемеге ылайык белгиленсин.

2.            Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын төмөнкү максаттарда иштетүү  бекитилсин.

-709-11бөлүмдүн 2218 беренесине Э. Маманов атындагы балдар бакчасына тамак-аш сатып алууга-142,6 миң сом, 2224 беренесине Э. Маманов атындагы балдар бакчасына көмүр сатып алууга-36,3 миң сом, 3111 беренесине Жылдызча Нур балдар бакчасына стимгрантка өздүк салымга - 300,0 миң сом, 2221 беренесине Көтөрмө Нур балдар бакчасына полун ремонттоого - 50,0 миң сом.

-704 бөлүмдүн 3112 беренесине Таза суу өздүк салымга- 500,0 миң сом.

-708 бөлүмдүн 3111 беренесине маданият үйүнүн ремонтуна- 80,0 миң сом.

-709-21 бөлүмдүн 2222 беренесине Борко айылындагы К.Каримов атындагы орто мектебинин ремонт иштери үчүн-84,0 миң сом.

-701бөлүмдүн 3111 беренесине ВУС кабинетине пластик эшик-терезеге- 50,0 миң сом.

- 709-11 бөлүмдүн 2218беренесине тамак-аш сатып алууга спец ата-энелер акчасына- 148,6 миң сом.

Бардыгы болуп 1307,5 миң сом.

3.            Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине жыл  жыйынтыгы менен ашыкча түшүүчү жана күтүлүүчү акча каражаты сметага ылайык өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана каржылоо жагы айыл өкмөттүн башчысы  Б. Мариповго,  ФЭБ башчысы Р.Коконбаевге милдеттендирилсин.

            4.   Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

18-4

08.02.2020

 

Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин   2020-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

            Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин 2020-жылга карата  иш планын түзүү боюнча маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамына ылайык  Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Кыргыз-Ата  айыл кенешинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш-планы     өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркелет).

2.         Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып       туруу  Кыргыз-Ата айылдык кенешинин  катчысы Ж. Нурматовго         тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин          

мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат   жана каада салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 18 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

18-5

08.02.2020

 

 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына    көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана

мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү тууралуу 

     Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары" мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун  айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдору бекитилсин.

 

2.           Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3.           Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад