М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

17-1

21.12.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

2.

17-2

21.12.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2020- жылга бюджети жана 2021- 2022-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

3.

17-3

21.12.2019

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы "Эрнис Маманов"  балдар  бакчасын  бюджетке киргизүү жөнүндө

4.

17-4

21.12.2019

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө                

7.

17-7

21.12.2019

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы  К. Коконбаев   атындагы балдар бакчасынын 3-тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

8.

17-8

21.12.2019

Кыргыз-Ата  айыл  өкмөтүнүн  жайыт   айдалануучулар бирикмесинин  2019-  жыл  ичинде  аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету,  2020-жылга иш планы жана бюджетин    бекитүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

17-1

21.12.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

    Кыргыз-Атаайылөкмөтүнүн  2018-жылдагыбюджетининаткарылышыжөнүндөгү маселени Кыргыз Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын  31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджети    аткарылгандыгы белгиленсин (тиркелет).

2.            Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын финансалык- экономикалык негиздерин  чындоо, алардын финансалык-мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

3.            Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы   депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

17-2

21.12.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2020- жылга бюджети жана 2021- 2022-жылдарга бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган айылдык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2020-жылга республикалык бюджети  жана 2021-2022-жылдарга болжолу   жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Кыргыз Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын  31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.   2020-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  23806,8 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

            2.  2020-жылга бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

           3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  төмөндөгүдөй болуп колдоого алынсын:

            - кирешенин болжолу 2021-жылга 24766,2  миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8312,0 миң сом менен) жана 2022-жылга 25182,3 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 8248,1миң  сом менен) белгиленсин.

            - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүүмезгилдекабылалуудатактоожүргүзүү жагыбелгиленсин.

     Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн

ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

            Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

4.  Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.        

5.  2020-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 300,0 миң сом суммасында белгиленсин.

6.   Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 7.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

17-3

21.12.2019

 

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы "Эрнис Маманов"  балдар  бакчасын  бюджетке киргизүү жөнүндө

   Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы  Э. Маманов атындагы балдар бакчасын бюджетке киргизүү боюнча маселени туруктуу комиссияда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамына жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы  Э. Маманов атындагы балдар бакчасын бюджетке киргизүүгө макулдук берилсин.

 

2.           Э.Маманов атындагы балдар бакчасында эмгектенген кызматкерлерди республикалык бюджетке киргизүү, тамак-ашына, жылытуу системасына, электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, тиешелүү органдардан макулдук алуу, турак жай ээси менен келишим түзүү, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

17-4

21.12.2019

 

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө                

     Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамынын , "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн  жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү", "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү" жоболордун талаптарына ылайык  Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын 2019-жылдын 10-декабрындагы  № 1 сунуш кылынган протоколундагы  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди   айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди сунуш кылган Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын 2019-жылдын 10-декабрындагы  № 1 протоколу бекитилсин.

2.            Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Борко айылынын тургуну Назаралиев Мамасали Байматовичтин талапкерлиги сунуш кылынсын.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу   катчысы Ж. Нурматовго жүктөлсүн.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

17-7

21.12.2019

 

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы  К. Коконбаев   атындагы балдар бакчасынын 3-тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы  К. Коконбаев атындагы балдар бакчасынын 3-тайпасын ачуу жөнүндөгү Борко айылынын тургундарынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 1 протоколун туруктуу комиссияда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамына жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.             Кыргыз-Ата айыл аймагынын  Борко  айылындагы К. Коконбаев атындагы      балдар бакчасынын 3-тайпасын ачуу жөнүндөгү  Борко айылынын тургундарынын 2019-жылдын 17- декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин жана  балдар бакчасынын 3-тайпасын ачууга макулдук берилсин.

 

2.            Балдар бакчасынын кошумча 3-тайпасында эмгектенген кызматкерлер

республикалык бюджетке киргизүү, тамак-ашына, жылытуу системасына, электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, тиешелүү органдардан макулдук алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

17-8

21.12.2019

 

Кыргыз-Ата  айыл  өкмөтүнүн  жайыт   айдалануучулар бирикмесинин  2019-  жыл  ичинде  аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету,  2020-жылга иш планы жана бюджетин    бекитүү  жөнүндө

    Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  2019-жыл  ичинде аткарган иштеринин отчету,  2020-жылга иш планы жана бюджетин  бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамына ылайык  Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  2019-жыл  ичинде аткарган иштери жактырылсын (тиркелет).

2.           Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга иш планы жана бюджети бекитилсин (тиркелет).

3.          Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин аграрды маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология  комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад