М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

16-1

26.10.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2019-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин отчету жөнүндө

2.

16-2

26.10.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын  9 айындагы аткарылышы боюнча ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө

3.

16-3

26.10.2019

  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2018-жылдын  15-декабрындагы  № 13-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

4.

16-4

26.10.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ жерлери тууралуу маалыматы жана КБФ   жерлерин  аукцион менен ижарага берүү  жөнүндө

5.

16-5

26.10.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык обьектилерин түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоо иштерине акча  каражатын ажыратуу тууралуу

6.

16-6

26.10.2019

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата спорт комплексине  Социалисттик Эмгектин Баатыры Абдувап Тойгонбаевдин атын коюу жөнүндөгү жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө

7.

16-7

26.10.2019

Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин   депутаты Калдар уулу Муртаздын   депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда   чакыртып алуу жөнүндө

8.

16-8

26.10.2019

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата  айылына  балдар бакчасын  ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-1

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2019-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин отчету жөнүндө

    Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2 жана 6-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берилген маалымат жактырылсын(тиркелет).

 

2.           Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

 

3.            Кыргыз-Ата айыл аймагындагы эгин талаасына жайылган жылкыларды жана башка мал жандыктарын камоону колго алуу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн бузуулар боюнча комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

4.            Жолго чыгып кеткен курулуштарды, тосмолорду алуу,ички жана чарбалар аралык арыктардын, каналдардын  боюндагы дарактарды тазалоо боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин  социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына жана мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй- бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-2

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын  9 айындагы аткарылышы боюнча ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө

    Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын отчетун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктына, "Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси" кодексинин117- беренесине таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.                 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүнбюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2019-жылдын 9 айында аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын (тиркелет).

 

2.                Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн өз убагында  толтурулушу жана чыгаша бөлүгүнүн максаттуу пайдаланышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.                 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-3

26.10.2019

 

  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2018-жылдын  15-декабрындагы  № 13-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

     Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын  жергиликтүү бюджетинин  аткарылышын анализдеп, аталган меселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин "Бюджет,салык жана ишмердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 115-беренесине  ылайык  Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине жыл  жыйынтыгы менен сатуудан жана лицензиянын кармоо үчүн төлөнүүчү акыдан түшпөй калган 700,0 миң сом акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык белгиленсин.

2.            Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2019-жылдын жыйынтыгы менен  түшпөй калган  акча каражатын төмөнкү беренелерден өзгөртүлүүсү   бекитилсин.

-701 бөлүмдүн 2215 беренесине акча каражаты жетпей калгандыктан  20,6  миң сом жылдырылсын.

-704 бөлүмдүн 3112 беренесинен эвакуатор алуу үчүн бөлүнгөн 420,6 миң сом акча каражаты кыскартылсын.

-709-11 бөлүмдүн 3111 беренесинен Жылдызча-Нур балдар бакчасына өздүк салым үчүн каралган 312,6 миң сом акча каражаты иштетилбей калгандыктан кыскартылсын жана 3112 беренесине 26,4 миң сом, 2221 беренесинен-12,6миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин

709-21 бөлүмдүн 2211 беренесине-12,6 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.

3.            Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине жыл  жыйынтыгы менен түшпөй калган акча каражаты сметага ылайык өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү   жана каржылоо жагы айыл өкмөттүн башчысы  Б.Мариповго,  ФЭБ башчысы Р.Коконбаевге милдеттендирилсин.

             4.      Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-4

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ жерлери тууралуу маалыматы жана КБФ   жерлерин  аукцион менен ижарага берүү  жөнүндө

 

     Күнтартибиндеги  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ  жерлери тууралуу маалымат жана КБФ  жерлерин  аукцион менен ижарага берүү  жөнүндөгү маселени   угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкару ужөнүндө" мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктына,  Кыргыз Республикасынын " Жер кодексинин" 11-беренесинин 2-пунктунун, 13-беренесинин 6-пункттарына ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн КБФ жерлерин ижарага берүү тууралуу аткарган  иштери боюнча берген маалыматы жактырылсын(тиркелет).

 

2.             КБФ жерлерин ижарага берүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан  аукцион менен ижарага берүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер  адисине жана жер комиссиясына милдеттендирилсин.

 

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана  экология"  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-5

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык обьектилерин түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоо иштерине акча  каражатын ажыратуу тууралуу

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдыкобьектилерин түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоо иштерине акчакаражатын ажыратуу тууралууФЭБ башчысынын отчетун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктына, "Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси" кодексинин117- беренесине таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.             Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык обьектилерин түрткү берүүчү гранттын

        эсебинен капиталдык оңдоо иштерине акчакаражатын ажыратуу тууралуу ФЭБ        

        башчысынын маалыматы жактырылсын.

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык обьектилерин түрткү берүүчү гранттын

        эсебинен капиталдык оңдоо иштерине айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин 

        эсебинен акча каражаты ажыратылып берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-6

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата спорт комплексине  Социалисттик Эмгектин Баатыры Абдувап Тойгонбаевдин атын коюу жөнүндөгү жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө

     Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө  айылындагы  спорт комплексине ардактуу атуул Социалисттик  Эмгектин Баатыры Абдувап Тойгонбаевдинатын коюубоюнча өткөрүлгөн 2019-жылдын 21-октябрындагы  жалпы жыйындын  протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык   Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө  айылындагы  спорт комплексине ардактуу атуул Социалисттик  Эмгектин Баатыры Абдувап Тойгонбаевдинатын коюу боюнча өткөрүлгөн 2019-жылдын 21-октябрындагы  жалпы жыйындын  протоколу бекитилсин(тиркелет).

2.           Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө  айылындагы спорт комплексинеардактуу атуулСоциалисттик  Эмгектин Баатыры Абдувап Тойгонбаевдинаты коюлсун.

3.           Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө  айылындагы спорт комплексинеардактуу атуулСоциалисттик  Эмгектин Баатыры Абдувап Тойгонбаевдинатын коюубоюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.           Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-7

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин   депутаты Калдар уулу Муртаздын   депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда   чакыртып алуу жөнүндө

  Күн тартибиндеги  Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин депутаты Калдар уулу Муртаздын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин депутаты Калдар уулу Муртаз айылдык кеңештин сессияларына себепсиз катышпай келе жаткандыгына байланыштуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине 10-пунктына таянып депутаттык мандаты  мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынсын.

 

2.           Кийинки талапкерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 16 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

16-8

26.10.2019

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата  айылына  балдар бакчасын  ачууга макулдук берүү жөнүндө

  Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы  Надирова Алтынайдын жеке менчик үйүнө балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айылынын тургундарынын 2019-жылдын 10-июнундагы № 1 протоколун туруктуу комиссиядакарап чыгып,Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү" Мыйзамынажана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл аймагынын  Кыргы-Ата айылындагы  Надирова Алтынайдын жеке менчик үйүнө балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү  Кыргыз-Ата айылынын тургундарынын 2019-жылдын 10- июнундагы № 1 протоколу бекитилсин жана  балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.

 

2.           Балдар бакчасын ачууга имараттын ээси менен келишим түзүү, тиешелүү органдардан макулдук алуу, юридикалык каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №6

 

Назад