Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын                                                                               

                                                             (алтынчы шайланган)  он биринчи  сессиясынын                

                                                             № 11-5 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында өткөрүлгөн жалпы чогулуштун протоколу

   15-апрель  2018-жыл                                                                                    Ак-Булак айылы

   Катышкандар: Ак-Булак айылынын айыл башчысы З. Камбаров, Ак-Булак-1 мечитинин имамы Э. Турганбаев, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты К. Баймурзаев, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты  А. Азимбаев, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Ташбалта у А.,  айыл аксакалдары жана жаштары,  Атантай көчөсүнүн жашоочулары..

Күн тартибинде:  1.  Ак-Булак айылындагы Атантай көчөсүнүн атын өзгөртүү       

                                 жөнүндө.

 

   Күн тартибиндеги  маселе боюнча  Ак-Булак айылынын айыл башчысы З. Камбаров төмөнкүлоргө токтолду. Ассалому алайкум урматтуу жамаат, урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары. Мамлекет тарабынан, айыл өкмөтүбүз тарабынан учурда айылдарды өнүктүрүү боюнча зор иштер жүруп жатат. Айылыбызда көчөлөрдү кеңейтүү, тазалоо, жарыктандыруу боюнча көп ищтер аткарылып жатат. Мына көптөн күткөн таза суу да келип, долбоор ишке ашып иштер жүрүп жатат. Эми мамлекетибиздин саясаты айылдарды өнүктүрүү болуп жаткандан кийин биз да айылыбызды көрктөндүрүүгө аракет кылып, көчолөргө көңүл буруубуз зарыл. Айылыбызда Атантай көчөсү бар, бак-дарактар коп эгилип, курулуштар мыйзамсыз жолго чыгып, көчө тарып кеткен. Ошондуктан аталган көчонүн атын өзгөртүп, жолду калыбына келтире ала турган инсандар болсо, ошолордун атынан койсок деген сунушум бар.

    Айылдык кенештин депутаты Баймурзаев Кубаныч: Айыл башчынын айткан сөздөру туура, көчолөрүбүз өтө тарып кеткен. Айы өкмөтүнүн бюджети азырынча көчолөрдү ондоого күчу жетпей турат, ошондуктан колунда бар, ушул иштерди аткара ала турган инсандар болсо көчөнун атын өзгөртсөк болот, мен айыл башчынын сунушун колдоймун.

  Муратов Мазарип-айыл ардагери: Урматтуу жердештер, мен да айыл башчынын сунушун колдоймун жана Атантай көчөсүн илгери коюп жатканда Атантай ким экенин эч ким билбейт экен, ошондуктан мен ушул көчөдө жашап өткөн, эмгектин ардагери, ардактуу атуул Каранов Нурбайдын атынан койсок деймин.

 Азимбаев Атиш- айылдык кенештин депутаты: Урматттуу жыйындын катышуучулары, мен Каранов Нурбай агабызды жакшы билемин, көп жылдар бою колхоздо эл үчүн иштеп, эл арасында зор кадыр баркка ээ болгон инсан. Уул-кыздары да элге таанымал, жакшы адамдар. Эгер Каранов Нурбай агабыздын атын койсок, көчөнү кайрадан калыбына келтирүүө, заманбап көчөгө айландырууга бала чакасынын колунан келмек, Мен Каранов Нурбай агабыздын эмгек жолун сиздерге окуп берейин (өмүр баяны, эмгек жолу окулду).

  Жарыш сөздөргө айыл тургундары Ормонов Зулу, Абдивалиев Ашир, Айдаралиев Төлөн, Тажимаматов Абыттар чыгып , көчөгө Каранов Нурбай ажынын атын коюуну колдошту.

 

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар жана дин иштери боюнча жетектөөчү адиси Ташбалта у А.:  Урматттуу жыйындын катышуучулары Атантай көчөсүнүн жашоочулары. Сиздердин жогорудагы айткан сунущтарыныз абдан учурдун талабындагы орчундуу маселелерден. Президентибиздин 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялагандыгына байланыштуу айыл аймагыбызда айылдарды өнүктүрүү боюнча жакшы иштер жүрүүдө. Атантай көчөсүнүн атын өзгөртүп, Каранов Нурбай атындагы көчөгө койгонунуздарды колдоймун, бул да болсо эгер көчө огндолуп, жарыктандырылып, кум-шагыл төшөлүп калса элдин эле пайдасы, жашоо шарты жакшырат. “Аймактарды өнүктүрүү жылына” да  бир иш-чара болуп калмак.

  Каранов Мити - айыл тургуну: Урматтуу аксакалдар, агалар, эжелер. Сиздерге ишеним көрсөтүп, атамдын атын коюп бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдиремин. Куда кааласа аталган көчөнү көрктөндүрүүгө, мындан ары да ар дайым карап турууга убада беремин, ырахмат!

  Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш  чечим кылат:

1.       Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы Атантай атындагы көчөнүн аты өзгөртүлсүн.

2.       Ак-Булак айылындагы Атантай атындагы көчө мындан ары Каранов Нурбай атындагы көчө деп аталсын.

3.      Чечимди бекитип берүү жагы  Кыргыз-Ата айылдык кенешинен суралсын.

 

 

Чогулуштун төрагасы:                                                              З. Камбаров

 

Катчысы:                                                                                      Ташбалта у А

 

 

 

          Кыргыз-Ата айыл

        өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                                                Ж. Нурматов