М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

13-1

15.12.2018

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2017-жылдагы бюджетинин   аткарылышы жөнүндө

2.

13-2

15.12.2018

"Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга

бюджети жана 2020-2021-жылдарга  бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

3.

13-3

15.12.2018

Кыргыз-Ата  айыл  өкмөтүнүн  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  2018-жыл   ичинде  аткарган иштеринин отчету,  2019- жылга иш планы жана бюджетин  бекитүү   жөнүндө

4.

13-4

15.12.2018

Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин алдындагы бузуулар жөнүндөгү  иштерди кароо боюнча  комиссиясы тууралуу  жобону бекитүү  жөнүндө.

5.

13-5

15.12.2018

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин  депутаттарынын   этикалык   кодексинин  жобосун  бекитүү  жөнүндө.

6.

13-6

15.12.2018

 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы   аксакалдар сотунун иштеринин регламентин   бекитүү жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

13-1

15.12.2018

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2017-жылдагы бюджетинин   аткарылышы жөнүндө

    Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  2017-жылдагы бюджетинин  аткарылышы жөнүндөгү маселени Кыргыз Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын  31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджети    аткарылгандыгы белгиленсин.

2.            Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин  чындоо, алардын финансалык-мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

3.            Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  

депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

13-2

15.12.2018

 

"Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга

бюджети жана 2020-2021-жылдарга  бюджеттин  болжолун бекитүү  жөнүндө"

    Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган айылдык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2019-жылга республикалык бюджети  жана 2020-2021-жылдарга болжолу   жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Кыргыз Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү" Мыйзамынын  31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.   2019-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  23942,7 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

            2.  2019-жылга бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

           3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолунун  негизги көрсөткүчтөрү  төмөндөгүдөй болуп колдоого алынсын:

            - кирешенин болжолу 2020-жылга 25163,6  миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9670,5 миң сом менен) жана 2021-жылга 26210,5 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 9107,4 миң  сом менен) белгиленсин.

            - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга  айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн  болжолу  жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

     Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн

 

ашыкча бөлүгү  толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

            Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык  бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

            4. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин  2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз  республикалык  бюджетке  алынып  коюлары эскертилсин.           

            5.  2019-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 300,0 миң сом суммасында белгиленсин.

            6. 2019-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн  пландарынан  ашыкча аткарылышынан  түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү  жана  өзгөртүү  киргизүү  айылдык  Кенешке  ыйгарылсын.

             7. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

              9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

13-3

15.12.2018

 

Кыргыз-Ата  айыл  өкмөтүнүн  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  2018-жыл   ичинде  аткарган иштеринин отчету,  2019- жылга иш планы жана бюджетин  бекитүү   жөнүндө

     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  2018-жыл  ичинде аткарган иштеринин отчету,  2019-жылга иш планы жана бюджетин  бекттүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамына ылайык  Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин     

   2018-жыл  ичинде аткарган иштери жактырылсын (тиркелет).

 

 

2.         Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин   

               2019-жылга иш планы жана бюджети бекитилсин (тиркелет).

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык     

  маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө  

  кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология  

  комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

13-4

15.12.2018

 

Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин алдындагы бузуулар жөнүндөгү  иштерди кароо боюнча  комиссиясы тууралуу  жобону бекитүү  жөнүндө.

    Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча   мамлекеттик  агенттигинин  2018-жылдын   17-октябрындагы"Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча органдарынын бузуулар  жөнүндө  иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү  жобону  бекитүү жөнүндө" Агенттиктин   № 01-18 / - 126  буйругун жетекчиликке алуу менен   айылдык кенешинин  депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап   Кыргыз-Ата  айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1.  Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин алдындагы бузуулар жөнүндөгү  иштерди кароо боюнча  комиссиясы тууралуу  жобо бекитилсин (тиркеме № 1).

     2.  Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин алдындагы бузуулар жөнүндөгү  иштерди кароо боюнча  комиссиясы тууралуу жобого ылыйык түзүлгөн  комиссиянын курамы бекитилсин (тиркеме  № 2).

     3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   айылдык кенешинин  мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат, каада-салттар боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

13-5

15.12.2018

 

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин  депутаттарынын   этикалык   кодексинин  жобосун  бекитүү  жөнүндө.

Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча   мамлекеттик  агенттиги тарабынан  2018-жылдын 24-июлундагы  № 01-18 / 89 буйругу  менен бекитилген    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин  типтүү этикалык кодексин  бекитүү  жөнүндөгү маселени  жетекчиликке  алып   Кыргыз-Ата  айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

      1.     Кыргыз-Ата  айылдык  кенешинин  депутаттарынын    этикалык кодексинин    

           жобосу бекитилсин (тиркелет).

 

      2.     Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин депутаттарына  мындан ары бекитилген       

          жобону жетекчиликке алып,  иш жүзунда  аткаруу   жагы  эскертилсин.

 

      3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   айылдык кенешинин  мыйзамдуулук,   

            укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат, каада-салттар боюнча 

            туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

13-6

15.12.2018

 

 Кыргыз-Ата айыл аймагындагы   аксакалдар сотунун иштеринин регламентин   бекитүү жөнүндө.

   Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча   мамлекеттик  агенттиги тарабынан  2018-жылдын 24-июлундагы  № 01-18 / 88 буйругу  менен бекитилген    Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун  регламенти  бекитүү  жөнүндөгү маселени  айылдык кенешинин депутаттары  карап чыгышып  Кыргыз-Ата  айылдык кенешинин 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

o               Кыргыз-Ата  айыл  аймагындагы   акскалдар сотунун  иштеринин  регламенти бекитилсин (тиркелет).

o               Кыргыз-Ата  айыл аймагында бекитилген  регламентти жетекчиликке алып иш жүргүзүү  айыл   өкмөтүнүн аксакалдар сотунун  курамына  тапшырылсын.

o              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   айылдык кенешинин  мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат, каада-салттар боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад