М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

8-1

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жыл ичинде  аткарган иштеринин отчету  жөнүндө

2.

8-2

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын  1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты   бекитүү жөнүндө                                                   

3.

8-3

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы   менен  акчалай сыйлоо жөнүндө                                                   

4.

8-4

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө  АРИСтен экскватор алуу үчүн   өздүк салымга акча каражатын  бекитүү жөнүндө                                                   

5.

8-5

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогундагы  көмүр  кенин ачык казуу ыкмасында  казууну токтотуу жөнүндө

6.

8-6

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл кенешинин    2018-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

7.

8-7

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл  ичинде аткарган иштеринин отчету,  2018-жылга иш планы жана бюджетин  бекттүү жөнүндө

8.

8-8

28.01.2018

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы  көчөгө ардактуу атуул Аттокуров   Тейиттин атын коюуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-1

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жыл ичинде  аткарган иштеринин отчету  жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө берген маалыматы жактырылсын(тиркелет).

2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-2

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын  1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты   бекитүү жөнүндө                                                   

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1 январына карата эсептик счетундагы калдыкты  бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин "Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодекси" Мыйзамынын  102-беренесине ылайык  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2018-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана  чыгашалары 1285.3 мин сомго, атайын эсептик счетундагы  579,5 мин сомго бардыгы болуп  1864,8 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. 2018-жылга айылдык  бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинен   чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башында бекитилген суммага 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп  каржылануусун айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.   

3.  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетинин киреше бөлүгү 17371,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 15992,4 миң сомго же кирешенин чыгашадан 1378,8 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы  белгиленсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-3

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы   менен  акчалай сыйлоо жөнүндө                                                   

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы              менен  акчалай сыйлоо жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү  " Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салыкчыларын жыл жыйынтыгы  менен  акчалай сыйлоо үчүн  701- бөлүм  2111- беренеге  50,0 миң сом  өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-4

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө  АРИСтен экскватор алуу үчүн   өздүк салымга акча каражатын  бекитүү жөнүндө                                                   

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИСтен экскватор алуу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндөгү  маселени "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү  " Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИС тен экскватор алуу үчүн өздүк салымга 2017-жылдын калдык акчасынан 704-91- бөлүм  3112-беренеге  500,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-5

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогундагы  көмүр  кенин ачык казуу ыкмасында  казууну токтотуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогунда "Сага-Мага" ЖЧК сы   кен байлыктарды геологиялык чалгындоо иштерине берилген лицензиясы менен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү  макулдугусуз айыл чарба жерлеринин кыртышын жана булактын көзүн бузуп, жерди казып жаткандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн берген маалыматын, айылдык кенешинин депутаттарынын жер кыртышын ачык казуу ыкмасында казууну токтотуу жөнүндөгү сунушун угуп, көтөрүлгөн маселени   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесинин 8-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылынын Кен-Жылга участогундагы  "Сага-Мага" ЖЧК сы   тарабынан аткарылып жаткан геологиялык  чалгындоо иштерине түзүлгөн техникалык долбоорго ылайык жүргүзүү эрежесин жана  мыйзамдуулугун  карап, тиешелүү органдарга кайрылуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана  экология         комиссиясына       милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-6

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл кенешинин    2018-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык  кенешинин 2018-жылга карата  иш планын түзүү боюнча маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамына ылайык  Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата  айыл кенешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы   өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркелет).

2. Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу 

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин  катчысы Ж. Нурматовго  тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-7

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл  ичинде аткарган иштеринин отчету,  2018-жылга иш планы жана бюджетин  бекттүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  2017-жыл  ичинде аткарган иштеринин отчету,  2018-жылга иш планы жана бюджетин  бекттүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамына ылайык  Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  2017-жыл  ичинде аткарган иштери жактырылсын.

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  2018-жылга иш планы жана бюджетин   бекитилсин (тиркелет).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

8-8

28.01.2018

 

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы  көчөгө ардактуу атуул Аттокуров   Тейиттин атын коюуу жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы         көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 25-октябрындагы жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык   Кыргыз-Ата айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу  жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 25-октябрындагы жалпы жыйындын протоколу бекитилсин.

2.  Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К. Назарбаев                 

 

 

Назад