М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

6-1

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2017-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин отчету жөнүндө

2.

6-2

28.10.2017

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9 айдагы аткарылышы боюнча ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө

3.

6-3

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө                                                   

4.

6-4

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын кышка даярдыгынын абалы жөнүндө

5.

6-5

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы  жерлердин базалык салык ставкаларын  көтөрүү жөнүндө.

6.

6-6

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына  өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

7.

6-7

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер боюнча   түзүлгөн  убактылуу    комиссиясына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

8.

6-8

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы  ДТ-75  каз тамандуу тракторун  айыл өкмөтүнүн  балансынан чыгаруу жөнүндө

9.

6-9

28.10.2017

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы "Старекс" автомобилин  "Барын"үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна пайдаланууга берүү жөнүндө

10.

6-10

28.10.2017

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген  "Жылдызча-Нур" балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

11.

6-11

28.10.2017

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке  алмаштыруу  долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу  жөнүндө

12.

6-12

28.10.2017

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген  "Кызгалдак-Ак-Булак" балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-1

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2017-жылдын 9 айында  аткарган иштеринин отчету жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча берилген маалыматы жактырылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-2

28.10.2017

 

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9 айдагы аткарылышы боюнча ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын отчету жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын отчетун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9 айында аткарылгандыгы канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн өз убагында  толтурулушу жана чыгаша бөлүгүнүн максаттуу пайдаланышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-3

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө                                                   

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин "Бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодекси" Мыйзамынын  102-беренесине ылайык  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-февралындагы № 4-1 токтомундагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

706 -   бөлүмдүн    3111 статьясынан                                 - 342953 сом

70921- бөлүмдүн   2222 статьясынан                                 - 67365   сом

                               3112 статьясынан                                 - 41000   сом

                               2221 статьясынан                                 - 17640   сом

                               2224 статьясынан                                 - 20000   сом

704 -  бөлүмдүн    2221 статьясынан                                  - 242155 сом 

70911- бөлүмдүн  2224 статьясынан                                  - 64800  сом

                            Жалпысы болуп             795913 сом акча каражаты,

70911-бөлүмдүн  3111 статьясына             795913 сом болуп которулсун.

 

704 -   бөлүмдүн  2221 статьясынан         - 70 000 сом акча каражаты,            

704 -   бөлүмдүн  2222 статьясына            - 70 000 сом болуп которулсун. 

 

2. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.         

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-4

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын кышка даярдыгынын абалы жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы  мектептердин, балдар бакчаларыны   кышка даярдыгынын абалы жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы   мектептердин, балдар бакчаларынын  кышка даярдыгы боюнча түзүлгөн штабдын маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Айыл аймагындагы   мектептердин, балдар бакчаларынын  жылытуучу мештеринин үзгүлтүксүз иштешин көмүр менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин  социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү тапшырылсын

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-5

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы  жерлердин базалык салык ставкаларын  көтөрүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги  Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын көтөрүү  жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Салык Кодексинин" 337-беренесине жана   Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлердин базалык салык ставкаларын жерлердин топурагынын балл бонитетине карап көтөрүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл чарба багытындагы жерлердин топурагынын балл бонитетин аныктоо боюнча корутундуну Ош топурак агрохимстанциясынан  алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                   

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-6

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына СЭЗ түзүү маселеси кошулуп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги   Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ЭЭЗ түзүү маселеси  кошулуп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына  жана  31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына ЭЭЗ түзүү маселеси  кошулуп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилсин.  

2. Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Таш-Булак участкасындагы таштак жайыт жерине инвестиция тартуу, ЭЭЗ га  жогорку органдарга сунуш берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-7

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер боюнча          

түзүлгөн  убактылуу    комиссиясына                                                   өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

      Күн тартибиндеги   Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер боюнча түзүлгөн  убактылуу    комиссиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү   жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер боюнча түзүлгөн  убактылуу    комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

  М Асанов  -           айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,                                        

                                    комиссиянын төрагасы;

            2.    Ж Нурматов-       айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,                            

                                    комиссиянын катчысы;

 

                                                          Мүчөлөрү :

 

           3. С .Толубаев   -      айыл өкмөтүнүн  жер адиси.

           4. К .Назарбаев-       Кыргыз-Ата айылдык Кеңешинин төрагасы.

           5. А .Аттокуров-       Өзгөчө кырдаалдар,курулуш боюнча адиси.

           6. У .Мадумаров-     Ноокат райондук мам.каттоонун адиси.

           7. М .Исманова-       айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин мүчөсү.

           8. Н. Максытов  -     Кыргыз-Ата айылынын айыл башчысы.

           9.  З.Камбаров  -       Ак-Булак айылынын айыл башчысы.

           10. Т.Садиров  -        Көтөрмө айылынын айыл башчысы.

           11. К.Бодоев    -        Борко айылынын айыл башчысы.

           12. О.Матиев -          Кара-Кой айылынын айыл башчысы.

           13. А. Эргешов -        айылдык кеңештин депутаты.

           14. Ю.Маликов-     айылдык кеңештин депутаты

            15. А.Калжигитов-   айылдык кенештин депутаты

 

      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-8

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы  ДТ-75  каз тамандуу тракторун  айыл өкмөтүнүн  балансынан чыгаруу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы 1983-жылы чыгарылган  мамлекеттик номери  435 ТRДА, техникалык паспорт сериясы АЖ № 001034, двигатель № 377349, шасси № 322018   ДТ-75  каз тамандуу тракторун  айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу  жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  карамагындагы   мамлекеттик  номери            435 ТRДА   ДТ-75   каз тамандуу тракторун  айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылсын.

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы мамлекеттик   номери            435 ТRДА  ДТ-75  каз тамандуу тракторун  айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу боюнча тиешелүү документтерди  бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика  жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

ТИРКЕМЕ №6

 

Назад

 

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-9

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы "Старекс" автомобилин  "Барын"үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна пайдаланууга берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн балансындагы "Старекс" автомобилин  "Барын"үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнө пайдаланууга  берүү жөнүндөгү  айыл аймагындагы атуулдардын арыздарын канааттандыруу максатында  жана жалпы элдик жыйындардагы сунуштарды эске алып,  айылдык кенешинин депутаттарынын  туруктуу комиссиясынын  заседаниесинде  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын   31-беренесинин 2-пунктына таянып  Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  балансындагы "Старекс" автомобили  

"Барын" үй бүлөлүк дарыгерлер  борборунун  "Тез жардам" бөлүмүнө   

пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн  балансындагы "Старекс" автомобилин  

"Барын" үй бүлөлүк дарыгерлер  борборуна "Тез жардам" унаасы  

катарында пайдаланууга берүү боюнча иш кагаздарын жана документин  

 бүткөрүү айыл  өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кенешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына милдеттендирилсин.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-10

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген  "Жылдызча-Нур" балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык  планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү "Жылдызча-Нур" балдар бакчасына кошумча имарат куруу пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүндөгү "Жылдызча-Нуралдар бакчасына кошумча имарат куруу үчүн  мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. "Жылдызча-Нур"балдар бакчасына кошумча имарат курууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300 000 (үч жүз миң ) сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика  жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына

тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-11

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке  алмаштыруу  долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу  жөнүндө

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык  планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке алмаштыруу  пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик улуштук дем беруучу гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"  мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүндөгү Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик-терезелерин пластикке алмаштыруу үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2.Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эшик- терезелерин пластикке алмаштырууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 76 822 сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика  жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы

Т О К Т О М

Көтөрмө айылы

6-12

28.10.2017

 

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген  "Кызгалдак-Ак-Булак" балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык  планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү "Кызгалдак-Ак-Булак" балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүндөгү "Кызгалдак-Ак-Булак" балдар     бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн  мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 2. "Кызгалдак-Ак-Булак" балдар бакчасынын имаратын капиталдык   ремонттоо үчүн даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы   жергиликтүү бюджетинин эсебинен  өздүк салымга 300000 (үч жүз миң ) сом акча  каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика  жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

К.Назарбаев                  

 

 

Назад