М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№4-1

16.07.2021

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы  участкалык  (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

2.

№4-2

16.07.2021

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

3.

№4-3

16.07.2021

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн

2022-жылга  жергиликтүү бюджетинин

кирешелеринин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

4.

№4-4

16.07.2021

"Евроресурс" ЖЧКна "Жин-Жиген" бөлүмүндөгү өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана башка багыттагы жерлер категориясындагы 180 га жер аянтынын ичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан №52 контурунан 2,0 га жер аянтына өндүрүш кичи ишкана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндө.

5.

№4-5

16.07.2021

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын кароо жөнүндө

6.

№4-6

16.07.2021

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин суюк таштандыларын ташып чыгууга  тарифин бекитип берүү жөнүндө

7.

№4-7

16.07.2021

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен "Түштүк Кыргыз Цемент" ЖАКнун ортосунда  түзүлгөн меморандумдун  5 пунктундагы майрамдарга  каралган акча каражатын бекитүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-1

16.07.2021

 

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы  участкалык  (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл  аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкерлерди көрсөтүп берүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу катына ылайык, айыл аймагындагы жамааттык, коомдук уюмдар тарабынан талапкерлерди сунуштап берген  чогулуштарынын протоколдору менен айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл  аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкердин тизмеси жактырылсын.

 

2.         Сунушталган талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-2

16.07.2021

 

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Т.Кулатов атындагы Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн 11.06.2021-жылдагы 03/945 сандуу катына негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын №5 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 13-беренесине жана 78-беренесинин 7-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 36-19 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин. Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн 2-кабатын ондоп түзөө үчүн  демөөрчүлүк  иретинде  36-19 сессиянын чечими менен бөлүнүп берилген акча каражатынын эсебинен толук бүтпөй калганына байланыштуу айыл өкмөтүнүн калдык бюджетинин 3111 беренесинен 500 000 (беш жүз  мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Бөлүнгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-3

16.07.2021

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн

2022-жылга  жергиликтүү бюджетинин

кирешелеринин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени тиешелүү айыл аймагынын мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитип  берүү жөнүндө депутаттар таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин  сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин болжолу 2022-жылга  69028,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         2022-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-4

16.07.2021

 

"Евроресурс" ЖЧКна "Жин-Жиген" бөлүмүндөгү өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана башка багыттагы жерлер категориясындагы 180 га жер аянтынын ичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан №52 контурунан 2,0 га жер аянтына өндүрүш кичи ишкана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндө.

       "Евроресурс" ЖЧКна "Жин-Жиген" бөлүмүндөгү өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана башка багыттагы жерлер категориясындагы 180 га жер аянтынын ичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан №52 контурунан 2,0 га жер аянтына өндүрүш кичи ишкана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын №2 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып ,  Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы ичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан "Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы  жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген № 52 контурунан 2,0 га жер аянтын "Евроресурс" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу келишимдин негизинде  пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.         Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген  2,0 га  жер аянты боюнча ижаралык келишимди  "Евроресурс" ЖЧКнун жетекчилиги менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-5

16.07.2021

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын канааттандыруу максатында, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын №2 протоколун эске алып,  Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамына негиз, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Абшыр-Ата айылынын тургуну Жуманбаев Эмилбектин арызын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамына негиз, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен  20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                     

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-6

16.07.2021

 

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин суюк таштандыларын ташып чыгууга  тарифин бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин суюк таштандыларын ташып чыгууга тарифин бекитип берүү жөнүндө ишкананын жетекчиси М.Авазовдун билдирүүсүн Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин депутаттары угуп жана талкуулап чыгышып, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна  таянып, Т.Кулатов  атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин  суюк таштандыларын ташып чыгуу үчүн  1 рейсине 1600 сом өлчөмүндө тарифи бекитилсин.

 

2.         2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен суюк таштанды үчүн акча каражаты каралбагандыгына байланыштуу ушул жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешеден каралсын. №1 тиркемеге ылайык.

 

3.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№4-7

16.07.2021

 

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен "Түштүк Кыргыз Цемент" ЖАКнун ортосунда  түзүлгөн меморандумдун  5 пунктундагы майрамдарга  каралган акча каражатын бекитүү  жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен "Түштүк Кыргыз Цемент" ЖАКнун ортосунда  түзүлгөн меморандумдун 5 пунктундагы  көрсөтүлгөн акча каражатын учурдагы жылдын майрамдарын өткөрүү үчүн Т.Кулатов  атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен "Түштүк Кыргыз Цемент" ЖАКнун ортосунда  түзүлгөн меморандумдун 5 пунктунда көрсөтүлгөн  100 000 (жүз мин) сом акча каражатын учурдагы жылдын майрамдарына иштетүү үчүн  бекитилсин.

 

2.         Бекитилген акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад