М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№5-1

03.09.2021

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтарын белгилеп берүү жөнүндө

2.

№5-2

03.09.2021

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбекке Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндө.

3.

№5-3

03.09.2021

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын  ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндө

4.

№5-4

03.09.2021

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 34- сессиясынын 34-10-токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

5.

№5-5

03.09.2021

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча маалыматы жөнүндө

6.

№5-6

03.09.2021

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы  участкалык  (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№5-1

03.09.2021

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтарын белгилеп берүү жөнүндө

 Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер аянтарын белгилеп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 32 берелерине таянып, Т.Кулатов  атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак-жай куруу үчүн кайрак айдоо аянтынан 0,08  га жер тилкесин бөлүп берүү бекитилсин.

 

2.         Токтом боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовго жүктөлсүн.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№5-2

03.09.2021

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбекке Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндө.

       Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбекке Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 30-июнундагы №3 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып,  Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбекке убактылуу келишимдин негизинде  пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.         Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген  1,0 га  жер аянты боюнча ижаралык келишимди  жеке ишкер Козубаев Акылбек менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№5-3

03.09.2021

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын  ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндө

       Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын  ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 5-августундагы №5 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып,  Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын  ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга  макулдук берилсин.

 

2.         Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген  0,005 га  жер аянты боюнча ижаралык келишимди  Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынай менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№5-4

03.09.2021

 

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 34- сессиясынын 34-10-токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги көчөсүнө төшөлүүчү асфальттын кеңдиги  сметада 4 м болуп калгандыгына байланыштуу дагы 1 м кошуп 5 м кылып кошуп берүү  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги жолуна төшөлүүчү асфальттын кеңдиги 5 м болуп курулууга макулдук берилсин.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№5-5

03.09.2021

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча маалыматы жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын  15-июлундагы  №101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын  6 айында аткарылган иштери кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык деп эсептелсин.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№5-6

03.09.2021

 

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы  участкалык  (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл  аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкерлерди көрсөтүп берүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу катына ылайык, айыл аймагындагы жамааттык, коомдук уюмдар тарабынан талапкерлерди сунуштап берген  чогулуштарынын протоколдору менен айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл  аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкердин тизмеси жактырылсын.

 

2.         Сунушталган талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Ажибаев                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад