КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

НООКАТ РАЙОНУ

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ

 АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: F:\003.jpg

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

 НООКАТСКИЙ РАЙОН

АЙЫЛ ОКМОТУ

ИМ. Т.КУЛАТОВА

 

 

ТОКТОМ                                                         ПОСТАНОВЛЕНИЕ

«_____»_________2021ж.г. № ________

 

«CASA-1000»  долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

CASA-1000»  долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 35- сессиясынын №35-2 токтомун аткаруу максатында  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү:

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1.     Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан өтүүчү «CASA-1000»  долбоорун ишке ашыруу үчүн 18 даана электр аба чубалгысын  тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №6571, №6519, №6525, контурларында жайгашкан 962 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун, №1032, №1032, № 6623, №6509, №6397, №6427, №6400, №6383, №6406, №6375, №6368, №6353, №6346, №6335, №398 контурларында жайгашкан жалпы 5733 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кайрак айдоо жер участокторун, №1039 контурунда жайгашкан 400 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кысыр аныз жер участогун жалпы 7095 чарчы метр жер участокторун  “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.     Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ураимов Равшан    Икрамович     

     долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы 

     милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Башчы                                                          Н.Мадимаров