КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛУСУ

НООКАТ РАЙОНУ

Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ

 АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: F:\003.jpg

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

 НООКАТСКИЙ РАЙОН

АЙЫЛ ОКМОТУ

ИМ. Т.КУЛАТОВА

 

 

ТОКТОМ                                                                                 ПОСТАНОВЛЕНИЕ

«_____»_________2021ж.г. № ________

 

«CASA-1000»  долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 26 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

«CASA-1000»  долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 35 сессиясынын №35-1 токтомун аткаруу максатында  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү

Токтом кылат:

 

  1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы №26 токтомун төмөнкү редакцияда кабыл алынсын.
  2.  Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан өтүүчү «CASA-1000»  долбоорун ишке ашыруу  10 даана  тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 6572, 449, 470, 397, 423, 431, 437, 33,  35, 35 контурунда жайгашкан жалпы 3495 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун , байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ураимов Равшан Икрамович долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Башчы                                                   Н.Мадимаров