М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 31-1

13.08.2020

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

2.

№31-2

13.08.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн стимул катарында материалдык жардам берүү жөнүндө

3.

№31-3

13.08.2020

Т.Кулатов атындагы айыл  аймагындагы участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарынан  талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

          Дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында таркалып жаткан "COVID-19" илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жал" айылдык ооруканасына  "Рентген" аппаратын алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин 2019-жылдын 29-декабрындагы кезектеги 24-сессиясынын №24-6 токтомундагы Сейдали Мойдунов атындагы спорт майданынын чыгыш тарабына спорттук комплекс куруу үчүн каралган акчадан 2 млн. 900,0 миң сом акча каражаты "Рентген" аппарат сатып алуу үчүн берилсин.

2.         Акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" комиссиясына жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

2

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

№31-3

13.08.2020

Т.Кулатов атындагы айыл  аймагындагы участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдарынан  талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

                      Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн   талапкерлерди көрсөтүп берүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу катына ылайык, айыл аймагындагы жамаатык, коомдук  уюмдар тарабынан талапкерлерди сунуштап берген чогулуштарынын протоколдору менен айылдык кеңештин депутаттары таанышып жана  талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү тургундар тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмелери жактырылсын.(тиркеме тиркелет).

2.         Сунушталган талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

Назад