М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

27-1

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетин бекитип, 2019-жылдагы бюджетин аткарылышын жана   2020-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты  бекитүү  жөнүндө"

2.

27-2

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Мойдунов Сейдали" атындагы борбордук спорт  аянтына Мекеме түзүү жөнүндө

3.

27-3

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө белек болуп келген Нива ВАЗ 21214 авто унаасын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө                         

4.

27-4

21.02.2020

"CASA-1000"  долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

5.

27-5

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө "Тез жардам" автомашина сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

6.

27-6

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну  Токторбаев Мундуздун арызын кароо жөнүндө

7.

27-7

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучуларына форма тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

8.

27-8

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин ишин баалап, сый акча берүү жөнүндө

9.

27-9

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

10.

27-10

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин көмүрканасынын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

11.

27-11

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Абшыр-Ата" толук эмес орто мектебинин навесинин курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

12.

27-12

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

13.

27-13

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

14.

27-14

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Төрөбай Кулатов" атындагы  музейге Мекеме түзүү жөнүндө

15.

27-15

21.02.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Жунусов Айдарали" атындагы  спорт комплексине Мекеме түзүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-1

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы айылдык бюджетин бекитип, 2019-жылдагы бюджетин аткарылышын жана   2020-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты  бекитүү  жөнүндө"

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыкты  иштелип чыгылган долбоор тиешелүү  мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда  Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.  2020-жылдын 1-январына  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин чыгашалары  15815,2 мин сомго жүргүзүлсүн.

            2.  2020-жылга айылдык бюджеттине 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

            Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2020-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

           3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-2

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Мойдунов Сейдали" атындагы борбордук спорт  аянтына Мекеме түзүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Мойдунов Сейдали" атындагы борбордук спорт аянтына Мекеме түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Мойдунов Сейдали" атындагы борбордук спорт аянты Мекеме болуп ачылуусуна макулдук берилсин.

 

2.         "Мойдунов Сейдали " атындагы борбордук спорт аянты Мекемесинин Уставын түзүп,  Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

3.         "Мойдунов Сейдали " атындагы борбордук спорт аянты Мекемесинин Уставын түзүп,  Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-3

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө белек болуп келген Нива ВАЗ 21214 авто унаасын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө                         

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүнө негиз, "Түштүк Кыргыз Цемент" жабык типтеги акционердик коомунун ачылышында белек болуп келген ак түстөгү Нива ВАЗ 21214 маркасындагы 2008-жылы чыгарылган мотор кыймылдаткычынын №8699165, кузов номери ХТА21214081887824 болгон автоунаасын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө "Түштүк Кыргыз Цемент" жабык типтеги акционердик коомунун ачылышында белек катары берилген ак түстөгү Нива ВАЗ 21214 маркасындагы 2008-жылы чыгарылган мотор кыймылдаткычынын № 8699165, кузов номери ХТА 21214081887824 болгон автоунаасын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алынган Нива ВАЗ 21214 автоунаасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекеменин Ош региондук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү суралсын.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алынган Нива ВАЗ 21214 автоунаасын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунан каттоодон өткөрүү суралсын.

4.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансына алынган Нива ВАЗ 21214 автоунаасын  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекеменин Ош региондук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-4

21.02.2020

 

"CASA-1000"  долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

"CASA-1000"  долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 105 токтомунун негизинде Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аба линиясын зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн 10590чм жер аянтын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга  ажыратып берүү жөнүндөгү жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексини 13, 32-беренесинин 4-пунктун, 7-беренесинин  2- пунктун эске алып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "CASA-1000"  долбоорун ишке ашыруу үчүн Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аба линиясын зым тирөөчтөрүн орнотуу үчүн кайрак айдоодон-5333 чм, суугат айдоодон-1924чм, жайыт жерлеринен-3333чм жалпы 10590чм жер аянтын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна 49 жылга мөөнөттүү пайдаланууга ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагынан аралап өтүүчү  жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын  узундугу  11749 метр, коопсуз зонага жалпы аянты 99,86 га жер аянтына  сервитуттар сакталсын.

 

3.         Ажыратылып  берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы  Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

 

4.         Ажыратылып  берилген жер аянтынын чек араларын, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ноокат филиалынан суралсын.

 

5.         Токтомдун аткарылышын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.

 

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-5

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө "Тез жардам" автомашина сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө "Тез жардам" автомашинасын сатып алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин"  29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө "Тез жардам" автомашинасын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-6

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну  Токторбаев Мундуздун арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну  Токторбаев Мундуздун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери  жөнүндө" Мыйзамына негиз жергиликтүү бюджеттен акча берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын тургуну Токторбаев Мундузга, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери  жөнүндө" Мыйзамына негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма мин сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"   боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-7

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучуларына форма тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучуларына форма тиктирүү үчүн "Айыл өкмөттүн кошумча кызмат көрсөтүүлөрүн жана кошумча кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндөгү" айылдык кеңештин 2018-жылдын 11-июлундагы № 13-9 токтомуна негиз ,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучуларына форма тиктирүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 45 000 (кырк беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы  финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-8

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө иштеген адистердин ишин баалап, сый акча берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн баалоо комиссиясынын 2019-жылда жүргүзгөн баалоонун жыйынтыгы менен жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн профсоюз уюумунун 2020-жылдын 3-февралындагы №2 протоколуна негиз адистерге сый акча бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн   адистери эки айлык сый акча менен сыйлануусуна көрсөтүлсүн. Эмгек акысына 573,8 миң сом, социалдык чегерүүлөргө 99,0 миң сом төлөнүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-9

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин жылытуу системасын ондоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 449 218 (төрт жүз кырк тогуз миң эки жүз он сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

4.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

5.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин директору Г.Ураимовага жүктөлсүн.

 

 

6.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-10

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин көмүрканасынын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебинине көмүркана куруу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебине көмүркана куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 179 000 (бир жүз жетимиш тогуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

3.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы К.Колдошов атындагы орто мектебинин директору Б.Топчубаевге жүктөлсүн.

 

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-11

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Абшыр-Ата" толук эмес орто мектебинин навесинин курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Абшыр-Ата" толук эмес орто мектебинине навес куруу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Абшыр-Ата" толук эмес  орто мектебине навес куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

3.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы "Абшыр-Ата" толук эмес орто мектебинин директору Г.Ураимовга жүктөлсүн.

 

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-12

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы ФАПтын айланасын тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

3.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Баглан айылындагы ФАПтын жетекчиси Р.Зикировага жүктөлсүн.

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-13

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу үчүн акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу  жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Баглан орто мектебинин филиалынын тосмосун тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

3.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Баглан орто мектебинин директору С.Жолдошовага жүктөлсүн.

 

 

4.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

14

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-14

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Төрөбай Кулатов" атындагы  музейге Мекеме түзүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы "Төрөбай Кулатов" атындагы  музейге Мекеме түзүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 18-августундагы № 495 токтомуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Төрөбай Кулатов " атындагы  музейи Мекеме болуп ачылууга макулдук    берилсин.

 

2.         "Төрөбай Кулатов " атындагы  музей Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

15

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

27-15

21.02.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Жунусов Айдарали" атындагы  спорт комплексине Мекеме түзүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Жунусов Айдарали" атындагы  спорт комплексине Мекеме түзүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 18-августундагы № 495 токтомуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Жунусов Айдарали " атындагы  спорт Мекеме болуп ачылууга макулдук    берилсин.

 

2.         "Жунусов Айдарали " атындагы  спорт Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад