М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

30-1

11.06.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2019-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

2.

30-2

11.06.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-таза-суу" ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2020-жылга тарифин бекитүү жөнүндө

3.

30-3

11.06.2020

Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин штаттык    жадыбалын бекитүү жөнүндө

4.

30-4

11.06.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Жал" айылдык ооруканасына "ИВЛ"  аппаратын сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

5.

30-5

11.06.2020

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 12 айында аткарган иштери боюнча отчету

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

30-1

11.06.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2019-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2019-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп  жана талкуулап   Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1га  (бир) сотых жер аянтына 800  (сегиз жүз) сомдон, ал эми тамаркага 1  (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон, ал эми бак насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кенештин "айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

30-2

11.06.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-таза-суу" ишканасынын 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2020-жылга тарифин бекитүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчисинин 2019- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун  жана 2020-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап  Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2019-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагы боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.

А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 13,0 (он үч )   сомдон төлөө тарифи бекитилсин.

Б-жеке түтүкчөлөрү бар эсептегичи жок үй ээлерине ар бир жанга 22 (жыйырма эки) сом 32 (отуз эки) тыйындан же Шевелевдин таблицасы аркылуу трубанын диаметрине карап литр-секунд эсептелсин .

В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 14 (он эки) сом 88 (сексен сегиз) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

3.         /йлөргө киргизилген суу түтүгүнө шевелевдин таблицасынын негизинде 1 м3 суунун наркы 12 (он эки) сом 40 (кырк) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

 

4.         Башкы суу түтүгүнөн үйлөргө суу  киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы 3000 (үч мин) сом тарифинде бекитилсин.

 

5.         2020-жылга ИСКАКБнын бюджети 3166384 сом бекитилсин.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына" жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

30-3

11.06.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин штаттык    жадыбалын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө" токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 "Айылдык  кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун негизинде калкы 6001 ден жогору болгон  айыл аймагынын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинде 2 штаттык кызмат орду (Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы) жана анын айлык акылары каралгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25/119-сандуу чыгуу катынын негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин  жооптуу катчысынын штаттык жадыбалын  бекитип берүү боюнча Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25.119 катына негиз Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2.         Бекитилген штаттык бирдиктин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  жана "Укук,регламент жана мыйзамдуулук" боюнча туруктуу  комиссияларына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

30-4

11.06.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Жал" айылдык ооруканасына "ИВЛ"  аппаратын сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

          Дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында таркалып жаткан "COVID-19" илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жал" айылдык ооруканасына  "ИВЛ" аппаратын алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Жал" айылдык ооруканасына "ИВЛ"  аппаратын сатып алууга макулдук берилсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 30 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

30-5

11.06.2020

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 12 айында аткарган иштери боюнча отчету

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 12 айында аткарган иштерин угуп жана талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 12 айында аткарган иштеринин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад