М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

22-1

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Шаран-Сайга бурулган жаңы  көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин  атын ыйгаруу жөнүндө

2.

22-2

30.10.2019

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын  9 айына кошумча түшкөн кирешелери жана чыгашалары жөнүндө

3.

22-3

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну "Ооган" согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматовдун арызын кароо жөнүндө

4.

22-4

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы  "Нур-Белек" балдар бакчасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2019-жылдын ноябрь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө  жөнүндө

5.

22-5

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө

6.

22-6

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык медициналык борбор куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө

7.

22-7

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Абшыр" карьерине кеткен жолдун түндүк тарабындагы Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет курууга макулдук берүү жөнүндө

8.

22-8

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

9.

22-9

30.10.2019

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу  обьектилерге 2019-жыл үчүн кошумча электр энергиясына алынган лимит жөнүндө"

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

             Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Шаран-Сайга бурулган жаңы  көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин  атын ыйгаруу жөнүндө, Кожо-Арык айылынын жалпы элдик  чогулушунун № 3 протоколун угуп жана талкуулап, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кожо-Арык айылынын жалпы элдик чогулушунун 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 3 протоколу колдоого алынсын.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу  Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Шаран-Сайга бурулган жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин  атын ыйгарууга макулдук берилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-2

30.10.2019

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын  9 айына кошумча түшкөн кирешелери жана чыгашалары жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айына кошумча кирешелери жана чыгашалары боюнча Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин  2019-жылдын 9 айына кошумча түшкөн кирешелери жана чыгашалары  боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган протоколдун негизинде  Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы  айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын 9 айына кошумча түшкөн кирешелери жана чыгашалары № 1 тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 11767,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

2.         Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу өз багытында иштетүү жагын айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаров менен айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-3

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну "Ооган" согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматовдун арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну "Ооган" согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматов жүрөктөн  операция, бутунун манжаларына операция кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери  жөнүндө" Мыйзамына негиз жергиликтүү бюджеттен акча берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну "Ооган" согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматов жүрөктөн  операция, бутунун манжаларына операция кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери  жөнүндө" Мыйзамына негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү мин сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"   боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                   

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-4

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы  "Нур-Белек" балдар бакчасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2019-жылдын ноябрь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө  жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы  "Нур-Белек" балдар бакчасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын ноябрь айынан штаттык бирдигине негиз  жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү мыйзамды эске алып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Булак айылындагы  "Нур-Белек" балдар бакчасынын кызматкерлерине 2019-жылдын ноябрь айынан штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин.

2.         Кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-5

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Абшыр-Ата" спорт комплексинин филиалы, республикалык бюджеттин эсебинен курулган "Жунусов Айдарали" атындагы спорт комплексинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн штаттык бирдикке кошуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 18-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы  "Жунусов Айдарали" атындагы спорт комплексинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн "Абшыр-Ата" спорт комплексинин штат бирдигине кошууга макулдук берилсин.

3.         Кызматкерлердин эмгек акысын штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-6

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык медициналык борбор куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө

             Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык медициналык борбор куруу жөнүндө "Жал" айылдык ооруканасынын жетекчиси Азим Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 20 -беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык4 медициналык борбор куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"   боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-7

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Абшыр" карьерине кеткен жолдун түндүк тарабындагы Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет курууга макулдук берүү жөнүндө

             Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Абшыр" карьерине кеткен жолдун түндүк тарабындагы, Т.Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет куруу жөнүндөгү муниципалдык менчик обьектилерин куруу боюнча башкы адис С.Бойдоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 3 -беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Абшыр" карьеринин кеткен жолдун түндүк тарабындагы Т.Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет курууга макулдук берилсин.

2.         Атайын ажыратылган жер аянтына  Ноокат районунун мамлекеттик архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук  шаар курулушу жана архитектура боюнча   башкармалыгынан суралсын.

3.         Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын  тактап, тийешелуу юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун каттоо  жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу  жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча комиссиясы , " транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика" боюнча  туруктуу комиссияларына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-8

30.10.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү жер комиссиясынын 2019-жылдын 25-октябрындагы № 11 протоколун угуп жана талкуулап, жер кодексинин 13-32-беренелерине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.         Спорт залды куруучу демөөрчүлөр менен келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

3.         Атайын ажыратылган жер аянтына  Ноокат районунун мамлекеттик архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук  шаар курулушу жана архитектура боюнча   башкармалыгынан суралсын.

4.         Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын  тактап, тийешелуу юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун каттоо  жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу  жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

9

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 22 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

22-9

30.10.2019

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу  обьектилерге 2019-жыл үчүн кошумча электр энергиясына алынган лимит жөнүндө"

             Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү,  2019-жыл үчүн айыл өкмөтүнө караштуу    обьектилерге кошумча  электр энергиясына лимит алуу үчүн   Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы  айыл өкмөтүнүн  2019-жыл жергиликтүү  бюджеттинде № 1 тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү  430,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

2.         Акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчы А.Зулпуевке тапшырылсын.

ТИРКЕМЕ №2

Назад