М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

21-1

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен көрктөндүрүү,бак тигүү үчүн 3.0га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

2.

21-2

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө

3.

21-3

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын "Ардактуу атуулу" наамын берүү жөнүндө

4.

21-4

05.07.2019

"Ийгиликтүү аймак" долбоорунун аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында спортту өнүктүрүү максатында тренирлердин ишин жандандыруу, сапатын жогорулатуу үчүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

5.

21-5

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасына экскватор  сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

 Т. Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү  жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту "Кыргызмамжердолбоор" Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдын 05-апрелиндеги № 01-8/5-05-05/36 корутундусуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 жана 26 беренелерине таянып, Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү  жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча   комиссиясынын заседаниясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 4-1 протоколу  бекитилип берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан,көп жылдан бери пайдаланылбай жаткан № 521 контурунда жайгашкан  кайрак айдоо эсебиндеги 3.0га жер аянтын  Кожо-Арык айылынын тургуну А.Козубаевга көрктөндүрүү,бак тигүү үчүн  ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

3.Ажыратылып берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу А.Козубаевга милдеттендирилсин.

4. Ажыратылып берилген 3.0га жер аянтын көп жылдык мөөнөт менен ижаралык келишимди  түзүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясынын төрагасы А.Муратовко тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

21-2

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында маданий ийримдерди өнүктүрүү максатында ийримдин жетекчилерине жергиликтүү бюджеттен субсидия берүү жөнүндө

Т.Кулатов айылдык кенешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 токтому менен бекитилген, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексиинин 22 беренесинин негизинде,Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагында катталган, 16 жашка толбогон 55 балага маданий ийримдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ай сайын 3000 (үч мин) сомдон акча каражаты төлөнүп берилсин.

2.         Субсидия алууга талапкер балдардын саны 100 (бир жүз) баладан ашса, балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.         Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү максатында юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Кулатов атындагы  өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

21-3

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын "Ардактуу атуулу" наамын берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чон салымдарын кошкондугу үчүн жеке ишкер Анарбаев Маматжан Айдаровичке Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылсын.

2.         Токтомго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

21-4

05.07.2019

"Ийгиликтүү аймак" долбоорунун аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында спортту өнүктүрүү максатында тренирлердин ишин жандандыруу, сапатын жогорулатуу үчүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл аймактын жергиликтүү кеңешинин депутаттары   "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында спортту өнүктүрүү максатында тренирлердин ишин жандандыруу, сапатын жогорулатуу үчүн коюлган тарифтерин угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында спортту өнүктүрүү максатында тренирлердин ишин жандандыруу, сапатын жогорулатуу үчүн тариф ар бир  катышуучусу үчүн айына 200 сомдон  деп бекитилсин.

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

21-5

05.07.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасына экскватор  сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Авазов Мураталинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасына экскватор  сатып алууга макулдук берилсин.

2.         Экскватор сатып алуу үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Авазовго милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад