М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

20-1

26.04.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2.

20-2

26.04.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-таза-суу" ишканасынын 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2019-жылга тарифин бекитүү жөнүндө

3.

20-3

26.04.2019

Т.Кулатов атындагы  айылдык кенештин 2019-жылдын 19-мартындагы № 19-4 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

4.

20-4

26.04.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 156 буйругундагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин алдында уюшулган "Коомдук алдын алуу борборунун"  курамын жана 2019-жылга карата түзүлгөн иш-чара планын бекитип берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

20-1

26.04.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын Этикалык Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

           Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча   мамлекеттик  агенттиги тарабынан  2018-жылдын 24-июлундагы  № 01-18. 89 буйругу  менен бекитилген    Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин   Этикалык Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча маселени  жетекчиликке  алып , карап чыгышып,  Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин  депутаттарынын    Этикалык Кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр  киргизүү менен  бекитилсин.  (кодекс тиркелет)

 

2.         Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин депутаттары мындан ары   бекитилген Этикалык Кодексти жетекчиликке алып  иш жүзундө  аткаруу   жагы   эскертилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу  жагы   айылдык кенешинин  мыйзамдуулук, укук, диний иштер этика боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилет.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

20-2

26.04.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-таза-суу" ишканасынын 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2019-жылга тарифин бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчисинин 2018- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун  жана 2019-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

2.         Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.

А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 13 (он үч) сом 00  тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

Б-жеке түтүкчөлөрү бар эсептегичи жок үй ээлерине ар бир жанга 22 (жыйырма эки) сом 32 (отуз эки) тыйындан баа бекитилсин.

В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 14 (он эки) сом 88 (сексен сегиз) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

3.         /йлөргө киргизилген суу түтүгүнө шевелевдин таблицасынын негизинде 1 м3 суунун наркы 12 (он эки) сом 40 (кырк) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

 

4.         Башкы суу түтүгүнөн үйлөргө суу  киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы 3000 (үч мин) сом тарифинде бекитилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына" жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

20-3

26.04.2019

 

Т.Кулатов атындагы  айылдык кенештин 2019-жылдын 19-мартындагы № 19-4 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнөн бош жаткан 1.0 га жер аянтына проектинин негизинде логистикалык борбор куруу  үчүн 1.0 га айыл чарба багытындагы жер аянтын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиянын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3784 контурунан  0.94 га , таштак жайыт жеринен № 3780 + № 3781+ № 3782+ № 3783 контурларынан 0,06 га , жалпысы 1,0 га жер аянттарын   "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.           Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3784 контурунан  0.94 га , таштак жайыт жеринен № 3780 + № 3781+ № 3782+ № 3783 контурларынан 0,06 га , жалпысы 1,0 га жер аянттарын    "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3784 контурунан  0.94 га , таштак жайыт жеринен № 3780 + № 3781+ № 3782+ № 3783 контурларынан 0,06 га , жалпы 1,0 га жер аянттарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которулгандан    (трансформациялангандан) кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү    Ак-Терек айылынын тургуну Жумабаев Мавлян   менен ижаралык келишим түзүлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

20-4

26.04.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 156 буйругундагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин алдында уюшулган "Коомдук алдын алуу борборунун"  курамын жана 2019-жылга карата түзүлгөн иш-чара планын бекитип берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Д.Көчкөновдун билдирүүсүндө Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 156 буйругундагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин алдында уюшулган "Коомдук алдын алуу борборунун"  курамын жана 2019-жылга карата түзүлгөн иш-чара планын бекитип берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 156 буйругундагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин алдында уюшулган "Коомдук алдын алуу борборунун"  курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын "Коомдук алдын алуу борборунун" кеңешинин 2019-жылга карата иш-чаралар планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу  жагы   айылдык кенешинин  мыйзамдуулук, укук, диний иштер этика боюнча туруктуу  комиссиясына милдеттендирилет.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад