М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

19-1

19.03.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2018-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

2.

19-2

19.03.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018--жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

3.

19-3

19.03.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу үчүн макулдук  берүү жөнүндө

4.

19-4

19.03.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу  Кожо-Арык айылындагы Ак-Чаңгал бөлүмүнүн түштүк тарабынан бош жаткан 1.0 га жер аянтына   проектинин негизинде логистикалык борбор куруу үчүн  жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

5.

19-5

19.03.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2018-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

19-1

19.03.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2018-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2018-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп  жана талкуулап   Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1га  (бир) сотых жер аянтына 800  (сегиз жүз) сомдон, ал эми тамаркага 1  (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон, ал эми бак насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.

3.         Суу ресурстарын башкаруу Фаз-1 долбоору тарабынан "Ходжа-Арык" СПАсына реабилитациялоо үчүн берилүүчү акча каражатын алууга жана 25 %  пайыздык кайтарымды  ар бир тамаркага пайдаланган суудан тышкары бир жылына 400 (төрт жүз ) сомдон төлөп берүүгө макулдук берилди.

4.         Мекеме-ишканалар, "Түштүк-Кыргыз цемент" заводу,Ак-Сай цемент заводу, Т.Кулатов атындагы кыш заводу менен түзүлгөн суу алуу келишиминде суу кызмат акысыны 2 эсеге көтөрүү жагы СПАнын жектекчиси А.Камаровго милдеттендирилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кенештин "айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

19-2

19.03.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018--жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2019-жылга алынуучу тарифин  угуп жана талкуулап  Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун  2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

2.         Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүнгө отун акы 1000 (бир мин) сом, ар бир баш кара мал үчүн жайыт  акысы 119 (бир жүз он тогуз) сом, бир баш жылкыга 200 (эки жүз) сом, бир баш койго 30 (отуз) сом, жакынкы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 30 (отуз ) сом, алыскы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 55 (элүү беш) сом, коңушу айыл өкмөттөрүнөн келген кара малга 500 (беш жүз) сом,жылкыга 500 (беш жүз) сом, ал эми кой, эчкилерге 100 (жүз) сомдон  тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.

 

3.         Ортонку жайыттардан эгин айдоо жана чөп чабуу  үчүн тосуп алган ар бир сотых жер үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жакынкы жайыт жерлеринен:-кайрак суу чыкпаган жайыт жерлеринен ынгайсыз деп өздөштүрүлгөн жерге ар бир сотых жерге 30 (отуз) сомдон, суу чыккан өздөштүрүлгөн жайыт жерлери үчүн ар бир сотых жер аянтына 40 (кырк) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.

 

4.         Ноокат токой чарбасынын жайыттарынан пайдаланган Т. Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулары үчүн кара малга, жылкыга, эчкиге айына 20 (жыйырма) сомдон жана сезонуна 140 (бир жүз кырк) сомдон, койго айына 12 (он эки ) сомдон сезонуна 84 (сексен төрт) сом тарифи бекитилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча  жана "айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо"  боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

19-3

19.03.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу үчүн макулдук  берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу жөнүндөгү вет.адис И.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,мергенчилердин керектүү иш кагаздары жана мергенчилик куралынын уруксат кагаздары менен таанышып чыгып,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр,чөө, итттерди атуу үчүн макулдук берилсин.

 

2.         Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнөн уруксат берүү жагы суралсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

19-4

19.03.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу  Кожо-Арык айылындагы Ак-Чаңгал бөлүмүнүн түштүк тарабынан бош жаткан 1.0 га жер аянтына   проектинин негизинде логистикалык борбор куруу үчүн  жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнөн бош жаткан 1.0 га жер аянтына проектинин негизинде логистикалык борбор куруу  үчүн 1.0 га айыл чарба багытындагы жер аянтын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиянын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

9.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3740 контурунан 1.0 га жер аянтын   "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

10.         Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3740 контурунан 1.0 га жер аянтын    "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

11.       Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3740 контурунан 1.0 га жер аянты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которулгандан    (трансформациялангандан) кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү    Ак-Терек айылынын тургуну Жумабаев Мавлян   менен ижаралык келишим түзүлсүн.

12.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

19-5

19.03.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2018-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылда аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 4- бөлүгүнүн 27-статьясынын 4-пунктуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин. 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад