М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

18-1

19.02.2019

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө"

2.

18-2

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кызматтык "Нива" автоунаасын сатып алуу жөнүндө

3.

18-3

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

4.

18-4

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан бош жаткан 1,0 га жер аянтына кыш завод куруу үчүн жана 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн   жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

5.

18-5

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы  жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген  3,0 га жер аянтын "Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндө

6.

18-6

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө келген фронталдык погрузчикти Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө

7.

18-7

19.02.2019

            Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзүнчө статус алуу жөнүндө

8.

18-8

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө

9.

18-9

19.02.2019

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен курулган спорт комплексин айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-1

19.02.2019

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө"

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган калдык боюнча Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин  2019-жылдын 1-январына  карата калган калдык  боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган протоколдун негизинде  Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Кулатов атындагы  айыл өкмөтүнүн  2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү  бюджеттинде калган калдыгы № 1 тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 12276,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу өз багытында иштетүү жагын айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаров менен айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-2

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кызматтык "Нива" автоунаасын сатып алуу жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кызматтык "Нива" автоунаасын сатып алуу үчүн "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин"  29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу, жаңыдан "Нива" автоунаасын сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинен 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-3

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык формасын тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

            Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 12.4563 сандуу катына негиз,Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июунундагы № 82 сандуу "Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу" боюнча мыйзамынын 14-беренесине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы тескөөчүлөргө кызматтык форма тиктирүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 51 000 (элүү бир мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетилишине көзөмөлдүк кылуу жагы Т.кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                   

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-4

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан бош жаткан 1,0 га жер аянтына кыш завод куруу үчүн жана 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн   жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабындагы бош жаткан 1,0 га жер аянтына кыш завод куруу үчүн жана 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн   жалпы 4,0 га айыл чарба багытындагы жер аянттарын жер аянттарын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиянын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

5.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан № 524 контурунан 1,0 га жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жана № 521 контурунан 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га кайрак айдоо жер аянтарын  "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

6.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан № 524 контурунан 1,0 га жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жана № 521 контурунан 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га кайрак айдоо жер аянтарын  "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер"  категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

7.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы   "Каримберди" бөлүмүнүн түштүк чыгыш тарабынан № 524 контурунан 1,0 га жер аянтын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жана № 521 контурунан 3,0 га жер аянтын топурак алуу (карьер) үчүн жалпы 4,0 га кайрак айдоо жер аянтары трансформациялангандан кийин   Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү    жеке ишкер Рустамбек Нарматов   менен ижаралык келишим түзүлсүн.

8.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-5

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы  жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген  3,0 га жер аянтын "Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндө

      "Вернель Трейдинг "  ЖЧКнун башкы директору Б.Төлөмүшовдун   2018-жылдын 7-августундагы № 558 сандуу арызына негиз,     Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы  жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген 3,0 га жер аянтын " Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып , депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  "Жин-Жиген" бөлүмүнөн, мурдагы "Ленин комсомолу" атындагы шахта жайгашкан "Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы  жерлер" категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген № 31 контурунан 3,0 га жер аянтын "Вернель Трейдинг" Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна 49 (кырк тогуз ) жылдык мөөнөткө ижара шарттарында мөнөөттүү (убактылуу)  пайдаланууга ажыратып  берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген  3,0 га  жер аянты боюнча ижаралык келишимди  "Вернель Трейдинг" ЖЧКнун жетекчилиги менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-6

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө келген фронталдык погрузчикти Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө

            Айыл өкмөтүнө келген фронталдык погрузчикти Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүү иштерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына негиз Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө келген фронталдык погрузчикти Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө жобосу бекитилсин.(жобо тиркелет).

 

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө келген LOVOL FL 953  фронталдык погрузчиктин    мото часть үчүн калькуляциясы бекитилсин.(тиркеме тиркелет).

 

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-7

19.02.2019

 

            Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга өзүнчө статус алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын батыш тарабынын жогорку жагындагы Алак,Дөн маала, Чоко маала,Бак маала,Чукур маала, Ак-Терек бөлүмү 2018-жылдын 15-мартындагы элдик жыйында   өзүнчө айыл болгондугуна байланыштуу "Ак-Терек" айылы статусун алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап  депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Ак-Терек" айылынын тургундарынын өзүнчө статус алуу жөнүндөгү 2018-жылдын 15-мартындагы № 2 жалпы элдик чогулушунун протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Айыл аймагындагы Ак-Терек айылына өзүнчө статус болуп, мамлекеттик классификаторго (САОТЭ) алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-8

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун билдирүүсүндө  жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүү үчүн айтылган сөздөрүн угуп жана талкуулап,Т.кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын,  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Бөлүнүп берилген акча каражатын максатуу иштетүү жагын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовго милдеттендирилсин.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 18 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

18-9

19.02.2019

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен курулган спорт комплексин айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен жаңыдан курулган  спорт залды айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттин эсебинен жаңыдан курулган  спорт зал айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

 

2.         Спорт залдын баланска алынуучу иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу боюнча башкы адиси С.Бойдоновго тапшырылсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш ,өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиясына жана социалдык , маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо комиссиясларына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад