М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

15-1

30.10.2018

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө

2.

15-2

30.10.2018

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 9-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

3.

15-3

30.10.2018

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк  төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап. Т Кулатов атындагы айылдык  Кеңешини сессиясы 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 15 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

15-1

30.10.2018

 

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө

             Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 37-беренесинин 10-бөлүмүн турмушка ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун 1-тиркемесинин  19-пунктуна, ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы  № 01-24  / 166 буйругуна  таянып Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы  № 01-24   / 166 буйругундагы  "Коомдук башталышында иштеген айылдык кенештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө" Жобосуна ылайык төлөнүп берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 15 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

15-2

30.10.2018

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 9-1 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин бөлүүдө айылдык Кенештин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы кенештин кароосунан кийин айыл аймагындагы  көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 109,105-беренелерине  ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2018-жылдын бюджетине кошумча план Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  айылдык  бюджетинин  кирешелери жана чыгашалары 9060,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         2018-жылдын айылдык  бюджеттин кошумча  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3.         2018-жылдын айылдык бюджеттин эконом болгон беренеден беренеге жылдыруу  боюнча багыттар № 2 тиркемеге ылайык аныкталсын.

4.         Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максатуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

5.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 15 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

15-3

30.10.2018

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк  төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап. Т Кулатов атындагы айылдык  Кеңешини сессиясы 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.

 

2.         Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.

 

 

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад