М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

12-1

11.04.2018

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын "Абшыр-таза-суу" ИСКАКБнын 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жана 2018-жылга суу алынуучу тарифти бекитип берүү жөнүндө

2.

12-2

11.04.2018

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетин бекитип, 2017-жылдын  айылдык бюджетинин аткарылышын   жана  2018-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө"

3.

12-3

11.04.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

4.

12-4

11.04.2018

Уулу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтин атын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

5.

12-5

11.04.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө  АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2"  долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик)  өздүк салымына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

6.

12-8

11.04.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК "Жин-Жиген" коому жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн  трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

7.

12-9

11.04.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жин-Жиген " бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө жеке ишкер Исламовго жер аянтын берүү жана трансформатор коюу үчүн жер аянтын келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

8.

12-10

11.04.2018

  "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы "2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндөгү" № 2 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-1

11.04.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын "Абшыр-таза-суу" ИСКАКБнын 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жана 2018-жылга суу алынуучу тарифти бекитип берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчисинин 2017- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун  жана 2018-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап  Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2017-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

2.         Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.

А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 12 (он эки) сом 43 (кырк үч) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

Б-жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине ар бир жанга 21 (жыйырма бир) сом 73 (жетимиш үч) тыйындан баа бекитилсин.

В-мекеме, ишкана ж социалдык мекемелерге м3 12 (он эки) сом 42 (кырк эки) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына" жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-2

11.04.2018

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетин бекитип, 2017-жылдын  айылдык бюджетинин аткарылышын   жана  2018-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө"

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга  айылдык бюджетин бекитип, 2017-жылдын аткарылышын, 2018-жылдын 1-январына калган калдык боюнча Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин  2018-жылдын 1-январына  карата калган калдык  боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган протоколдун негизинде  Т.Кулатов атындагы  айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Кулатов атындагы  айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү  бюджеттинде калган калдыгы № 1 тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 4042,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-3

11.04.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылда аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун  маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пуктуна ылайык  Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-4

11.04.2018

 

Уулу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтин атын көчөгө ыйгаруу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын  8-январындагы № 1 протоколуна негиз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шайбеков Орозмаматтын наамын Акматалиев Убайдилланин үйүнөн тартып Садыкова Сахабаттын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Шайбеков Орозмаматтын наамын коюу боюнча элдик жыйындын № 1 протоколун угуп жана талкуулап  Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2018-жылдын 8-январындагы № 1 протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Кожо-Арык айылындагы  Акматалиев Убайдилланин үйүнөн тартып Садыкова Сахабаттын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Шайбеков Орозмаматтын   наамын коюуга макулдук берилсин.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-5

11.04.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө  АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2"  долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик)  өздүк салымына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө  АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2"  долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик) өздүк салымына  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик кодексинин" 4-бөлүмүнүн 5-главасынын 28-беренесине негиз Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2"   долбоорунун алкагында сатылып алынуучу техниканын (погрузчик) өздүк салымы үчүн 800,0 (сегиз жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-8

11.04.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК "Жин-Жиген" коому жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн  трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК "Жин-Жиген" коому жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн 1,21 га   жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун жер кодексинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, Ош облустук жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын 2015-жылдын 25-март № 223  жана Түштүк аймактык топурак-агрохимялык станциясынын 2015-жылдын 21-апрель № 228  коротундуларына негиз , айылдык кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын протоколуна таянып,  Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна ЖЧК "Жин-Жиген" коому жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн 1,21 га жайыт жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         "Жин-Жиген"  ЖЧКсы менен  "Өнөр жайын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы жер аянтын убактылуу пайдаланууга 49 жылдык мөөнөткө (2067-жылдын 11-апрелине чейин) келишимди түзүү жагы  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы эски кам кыш чыгаруучу заводдун ордуна жаныдан бышык кыш чыгаруучу ишканасын куруу үчүн 1,21 га жайыт жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

Назад

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-9

11.04.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жин-Жиген " бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө жеке ишкер Исламовго жер аянтын берүү жана трансформатор коюу үчүн жер аянтын келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жин-Жиген " бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отурумунда карап, анда каралган жайыт жерлерин жеке ишкер Исламовго геологиялык чалгындоо максатында жер пайдалануу укугуна берүүгө каршы экендигин, ал жер аянттары жайыттар мурда эле союз убагында чалгындоо жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле Жин-Жиген жана Кулуштан айылдарынын жайыт пайдалануучулары чалгындоо иштерине каршы экендигин билдиргендигине , Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Араван жана Ноокат райондор аралык башкармалыгынын 2016-жылдын 5-октябрындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук абалын текшерүү актысы № 21-485-33, бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук № 21-485-2016-ж. таянып,  Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жин-Жиген " бөлүмүнөн көмүр кенин изилдөөгө жеке ишкер Исламовго жер аянтын берүү жана трансформатор коюу үчүн жер аянтын берүүгө макулдук берилбесин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  . айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 12 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12-10

11.04.2018

 

  "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы "2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндөгү" № 2 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы "2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо жөнүндөгү" № 2 Жарлыгына жана "Жаңы доорго-кырк кадам" программасынын негизинде Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү максатында Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу социалдык обьектилерге интернет чубалгыларын тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1606,4 (бир миллион алты жүз алты мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.         Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.

 

 

3.         Керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.         .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад