М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

11-1

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017--жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

2.

11-2

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2017-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

3.

11-3

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин  Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабындагы эгилген тал-теректерди кесүү жөнүндө

4.

11-4

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаңыдан курулуп жаткан спорт комплексине "ООган согушунун ардагери, " Эрдик" медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгаруу жөнүндө

5.

11-5

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине мурда берилген мамлекеттик акттыны өзгөртүп берүү жөнүндө

6.

11-6

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кара-Дөбө бөлүмүнүн кооптуу жерде жашаган тургундарына Кожо-Арык айылынын Кызыл бөлүмүнөн жайыт жерлеринен үй салуу үчүн жер аянтын  которууга  (трансформациялоого)  макулдук берүү жөнүндө

7.

11-7

14.03.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-1

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017--жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун 2017-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2018-жылга алынуучу тарифин  угуп жана талкуулап  Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун  2017-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

2.         Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүнгө отун акы 1000 (бир мин) сом, ар бир баш кара мал үчүн жайыт  акысы 119 (бир жүз он тогуз) сом, бир баш жылкыга 200 (эки жүз) сом, бир баш койго 30 (отуз) сом, жакынкы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 30 (отуз ) сом, алыскы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 55 (элүү беш) сом, коңушу айыл өкмөттөрүнөн келген кара малга 500 (беш жүз) сом,жылкыга 500 (беш жүз) сом, ал эми кой, эчкилерге 100 (жүз) сомдон  тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин. 

3.         Ортонку жайыттардан эгин айдоо жана чөп чабуу  үчүн тосуп алган ар бир сотых жер үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жакынкы жайыт жерлеринен:-кайрак суу чыкпаган жайыт жерлеринен ынгайсыз деп өздөштүрүлгөн жерге ар бир сотых жерге 30 (отуз) сомдон, суу чыккан өздөштүрүлгөн жайыт жерлери үчүн ар бир сотых жер аянтына 40 (кырк) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.

4.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-2020-жылга карата иштеп чыккан 3 (үч) жылдык жана 1 (бир) жылдык иш пландары алымча кошумчасын эске алуу менен бекитилсин.

 

5.         Ноокат токой чарбасынын жайыттарынан пайдаланган Т. Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулары үчүн кара малга, жылкыга, эчкиге айына 20 (жыйырма) сомдон жана сезонуна 140 (бир жүз кырк) сомдон, койго айына 12 (он эки ) сомдон сезонуна 84 (сексен төрт) сом тарифи бекитилсин.

6.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин "экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча  жана "айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо"  боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                   

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-2

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2017-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2017-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп  жана талкуулап   Т.Кулатов айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2017-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1га  (бир) сотых жер аянтына 600  (алты жүз) сомдон, ал эми тамаркага 1  (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон, ал эми бак насос жана чаркы палак менен ж.б. суу пайдалангандарга 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.

 

3.         Суу ресурстарын башкаруу Фаз-1 долбоору тарабынан "Ходжа-Арык" СПАсына реабилитациялоо үчүн берилүүчү акча каражатын алууга жана 25 %  пайыздык кайтарымды СПА өз учурунда төлөй албай калса же жоюлуп кетсе төлөп берүүнү өз кепилдигине алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 649 токтомунун негизинде, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго кепилдик кат берүү жагы милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кенештин "айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                   

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-3

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин  Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабындагы эгилген тал-теректерди кесүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин  Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабына эгилген тал-теректер мектеп окуучуларына кооптуу жаратып жаткандыгына  жана ал жерден "Кайрагач каналы" курулуп жаткандыгын эске алуу менен айыл чарба,суу,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна  таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин  Т.Кулатов атындагы борбордук жол тарабындагы эгилген тал-теректер  кестирип алдырылсын.

 

2.         Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруукология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-4

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаңыдан курулуп жаткан спорт комплексине "ООган согушунун ардагери, " Эрдик" медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгаруу жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаңыдан курулуп жаткан спорт комплексине "ООган согушунун ардагери, " Эрдик" медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгаруу жөнүндө Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин  жыйынынын № 1 протоколун угуп жана талкуулап, Жунусов Айдарали Исаковичтин  эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып   Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 1 протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына жаңыдан курулуп жаткан спорт комплексине "ООган согушунун ардагери, " Эрдик" медалынын ээси Жунусов Айдарали Исаковичтин атын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-5

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине мурда берилген мамлекеттик акттыны өзгөртүп берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине айылдык Кеңештин 2013-жылдын 18-мартындагы № 4-7 токтомунда бекитилген 11992 га жайыт жер аянты Кыргыз Республикасынын Президиумунун № 1456 25-августундагы 1989-жылкы № 15 токтому менен 6 га жайыт жер аянты "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулгандыгына байланыштуу жайыт комитетине жалпы 11986 га жайыт жерин бекитип берүү жөнүндө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,   Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине айылдык Кеңештин 2013-жылдын 18-мартындагы № 4-7 токтомунда бекитилген 11992 га жайыт жер аянты Кыргыз Республикасынын Президиумунун № 1456 25-августундагы 1989-жылкы № 15 токтому менен 6 га жайыт жер аянты "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулгандыгына байланыштуу жайыт комитетине жалпы 11986 га жайыт жерин бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Жайыт комитетине мурдагы берилген мамлекеттик актыны оңдоп жазып берүүнү, Ноокат райондук мамкатоо башкармалыгынан суралсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-6

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кара-Дөбө бөлүмүнүн кооптуу жерде жашаган тургундарына Кожо-Арык айылынын Кызыл бөлүмүнөн жайыт жерлеринен үй салуу үчүн жер аянтын  которууга  (трансформациялоого)  макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Кара-Дөбө участкасындагы кооптуу жерде жашаган атуулдарга үй куруу  үчүн жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып,   Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын  Кара-Дөбө участкасындагы кооптуу жерде жашаган атуулдарга үй куруу  үчүн жайыттан 0,70 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Кара-Дөбө участкасындагы кооптуу жерде жашаган атуулдарга үй куруу  үчүн жайыттан 0,70 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.         Бекитилип  берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы  Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

 

4.         Бекитилип  берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 11 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11-7

14.03.2018

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 648 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд (АЧЖФ) жерлери бар. Анын ичинен суулуу 278 га, кайрак 369 га, бак 37 га фонд жерлер айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык, Ак-терек, Ак-Чал, Кызыл-Булак, Баглан, Таш-Булак айылдарында жайгашкан.Ошол айыл чарба жерлерин мамлекеттик фонд (АЧЖФ) жерлерин туура пайдалануу, жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогаланынын, Чернобль согушунун катышуучуларына) , айыл өкмөтүнүн жарандарына ижарага берүү тартибин карап чыгып,   Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүнүн талабына ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) 1,0 га жеринин суулуу жана кайрак айдоо, көп жылдык бактардын баштапкы баасы айылдар жана участкалар боюнча соц.фонд взносторун, жер салыгынын жана ижара акысын кошуп эсептегенде төмөнкүчө бекитилсин.

Баглан, Таш-Булак айылдары боюнча.

1.         Багландын астынкы бөлүмү-2300-2500 сом

2.         Багландын үстүнкү таштак бөлүмү-2300 сом

3.         Баглан үч бурчтук бөлүмү-3000 сом

4.         Көп жылдык бак- 20 000 сом

5.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн кайрак айдоо жерлери боюнча- 500-1000 сом

6.         Көп жылдык бак (тыт)- 2400 сом

Ак-Чал, Кызыл-Булак айылдары боюнча

1.         Баглан саз бөлүмү- 2500 сом

2.         Куммайдандын үстүнкү бөлүгү 3000 сом

3.         Куммайдандын асты 2500 сом

4.         Чымчык-Жар 2300 сом

5.         Көп жылдык бак (тыт)- 2400 сом

Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдары боюнча:

1.         Жалгыз-Өрүк бөлүмү 2300-2500 сом

2.         Арык-Тейиттин асты 1500-2500 сом

Кожо-Арык айылдары боюнча:

1.         Каравандын жолу Кайрагач бөлүмү- 2000-2200 сом

2.         Көп жылдык бак 20 000 сом

3.         Көп жылдык бак (тыт) 2400 сом

4.         Жаны-Арык бөлүмү 1500-2000 сом тарифтер боюнча алымча кошумчалар болсо айтсаныздар болот.

 

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад