М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

11.01.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр" технологиялык жолунун түндүк тарабындагы жер аянтына   "Мол Азык-Фей компани"  ЖЧКсы минералдык жер семирткич заводун куруу үчүн  кайрак айдоо, жайыт жер, кысыр аңыз жана айыл чарбасында пайдаланбаган жер аянттарын которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

2.

2

11.01.2018

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн  "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

3.

3

11.01.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жин-Жиген бөлүмүндөгү :

1. Темир- жол жолунан  15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ"  заводунун дубалын  бойлоп, Кызыл-Кыя  шаарынын "Горводоканал" ишканасынын  суу топтоочу резервуарына чейинки жана Кызыл-Кыя шаарынын  "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан,  ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп,  ЖЧК  "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду .

2. ЖАК " ТКЦ"  заводунун цементке керектелүүчү  сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП)  баштап , сайдын ичи менен   ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине  чейинки жолду

ЖЧК " Табылгы " ишканасына убактылуу келишимдин негизинде ижарага макулдук берүү  жөнүндө

4.

4

11.01.2018

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин түзүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр"   технологиялык  жолунун түндүк  тарабынан  "Мол Азык-Фей компании"  ЖЧКсы минералдык жер семирткич заводун куруу үчүн  кайрак айдоо, жайыт жер ,кысыр аныз жана айыл чарбасында пайдаланбаган жер аянтынан Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр"   технологиялык  жолунун түндүк  тарабынан  "Мол Азык-Фей компани"  ЖЧКсы минералдык жер семирткич заводун куруу үчүн жалпы аянты 88 гектар, анын ичинен  41,56 гасы  кайрак айдоо, 16,63 гасы кысыр аныз, 28,18 гасы жайыт     жер аянтарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан жана   1,63 га айыл чарбасында пайдаланбаган жерлер эсебиндеги   жер аянтын "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр"   технологиялык  жолунун түндүк  тарабынан жалпы аянты 88 гектар, анын ичинен  41,56 гасы  кайрак айдоо, 16,63 гасы кысыр аныз, 28,18 гасы жайыт   жер аянтарын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан жана 1,63 га айыл чарбасында пайдаланбаган жерлер эсебиндеги   жер аянтын  "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына  которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы   Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез "Абшыр"   технологиялык  жолунун түндүк  тарабынан  жалпы аянты 88 гектар, анын ичинен  41,56 гасы  кайрак айдоо, 16,63 гасы кысыр аныз, 28,18 гасы жайыт жана 1,63 гасы айыл чарбасында пайдаланбаган жерлер эсебиндеги   жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына трансформациялангандан кийин   Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү    "Мол Азык-Фей компани"  ЖЧКсынын жетекчилиги менен ижаралык келишим түзүлсүн.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

2

11.01.2018

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн  "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан которууга (трансформациялоого) макулдук  берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кожо-Арык айылынын "Кайрагач" бөлүмүнөн  жайыт жер аянтынан Кыргыз Республикасынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин жана "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү" Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн   "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн  "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кайрагач" бөлүмүнөн  "Айылкурулуш" муниципалдык ишканасынын таштанды коругун уюштуруу үчүн жайыт жер аянтынан 3 га жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер" категориясына трансформациялангандан кийин   Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү    "Айылкурулуш"  муниципалдык ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук  берилсин.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовго тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

3

11.01.2018

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жин-Жиген бөлүмүндөгү :

1. Темир- жол жолунан  15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ"  заводунун дубалын  бойлоп, Кызыл-Кыя  шаарынын "Горводоканал" ишканасынын  суу топтоочу резервуарына чейинки жана Кызыл-Кыя шаарынын  "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан,  ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп,  ЖЧК  "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду .

2. ЖАК " ТКЦ"  заводунун цементке керектелүүчү  сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП)  баштап , сайдын ичи менен   ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине  чейинки жолду

ЖЧК " Табылгы " ишканасына убактылуу келишимдин негизинде ижарага макулдук берүү  жөнүндө

     Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жин-Жиген бөлүмүндөгү :

1. Темир- жол жолунан  15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ"  заводунун дубалын  бойлоп, Кызыл-Кыя  шаарынын " Горводоканал" ишканасынын  суу топтоочу резервуарына чейинки жана Кызыл-Кыя шаарынын  орводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан,  ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп,  ЖЧК  "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки жолду.

2. ЖАК " ТКЦ"  заводунун цементке керектелүүчү  сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП) баштап  , сайдын ичи менен   ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине  чейинки жолду

убактылуу келишимдин негизинде ижарага макулдук берүү  максатында ЖЧК "Табылгы " ишканасынын   2017-жылдын 21-декабрындагы  № 73 сандуу катын карап чыгып , депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жин-Жиген бөлүмүндөгү :

     1. Темир- жол жолунан  15 метрден кийин , ЖАК " ТКЦ"  заводунун дубалын  бойлоп, Кызыл-Кыя  шаарынын "Горводоканал" ишканасынын  суу топтоочу резервуарына чейинки  айыл  өкмөтүнүн балансында турган жолду,  узундугу 1400 м , эни ( туурасы) 12 м. - 1,68 га жана Кызыл-Кыя шаарынын  "Горводоканал" ишканасынын суу топтоочу резервуарынан,  ЖАК "ТКЦ" конвейер линиясын бойлоп,  ЖЧК  "Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине чейинки  айыл  өкмөтүнүн балансында турган жолду , узундугу 900 м , эни ( туурасы) 6 м. - 0,54 га, бардыгы - 2,22 га .

     2. ЖАК " ТКЦ"  заводунун цементке керектелүүчү  сырьелорду кабыл алуучу дарбазасынан (КПП) баштап  , сайдын ичи менен   ЖЧК " Айдоочу" ишканасынын базальт кенинин карьерине  чейинки айыл  өкмөтүнүн балансында турган жолду , узундугу 1700 м , эни ( туурасы) 6 м. - 1,02 га . 

жер аянттарын   убактылуу келишимдин негизинде ЖЧК "Табылгы" ишканасына ижарага берүүгө  макулдук берилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  Жин-Жиген бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн балансында турган   жолдорго     ЖЧК "Табылгы" ишканасы менен убактылуу ижаралык келишим түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер комиссиясына  милдеттендирилсин.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №3

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 10 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

4

11.01.2018

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин түзүү жөнүндө

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" жөнүндө мыйзамынын 4-беренесине ылайык, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнөн жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин түзүүгө макулдук берилсин.

2.         Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин.

3.         Жайыт комитетине көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктер жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт комитетине эскертилсин.

4.         Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүү, жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

5.         Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.

6.         Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

7.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссияна тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

А.Топчубаев                  

Назад