М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

24.04.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чалташ бөлүмүндөгү негизги жолуна коюулган Чалташ көчөсүнүн атына өзгөртүү киргизип атын Нишанов Куштар деп коюу жөнүндө

2.

2

24.04.2017

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Курбанбаев Атагожонун наамын көчөгө коюу жөнүндө

3.

3

24.04.2017

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундары кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, өздөрү тиккен бак-дарактарын алдыруу  жөнүндө

4.

4

24.04.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Чүчүк жаны конушундагы Мурзураимов Пайзилданин үйүнөн тартып, Таштемиров Замирдин үйүнө чейин жана Артык ажынын үйүнөн түнтүктү карай кеткен жолго Ураимов Икрам аксакалдын атын коюу жөнүндө

5.

5

24.04.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө

6.

6

24.04.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия  курамын түзүү жөнүндө

7.

7

24.04.2017

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы трансформаторлорду РЭСтин балансасына өткөрүү жөнүндө

8.

8

24.04.2017

Кожо-Арык айылындагы "Жаша-Балалык-таңы" балдар бакчасынын имаратынын пайдубалына жакындап коркунуч келтирип жаткан 4 түп теректи кестирип таштоо үчүн уруксат берүү жөнүндө

9.

9

24.04.2017

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2017-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө"

10.

10

24.04.2017

Турдубаев Мойдундун атын коюу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

1

24.04.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы Чалташ бөлүмүндөгү негизги жолуна коюулган Чалташ көчөсүнүн атына өзгөртүү киргизип атын Нишанов Куштар деп коюу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чалташ бөлүмүндө жашаган жашоочулардын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 9-апрелиндеги № 1 протоколуна негиз 1988-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жин-Жиген айылында туулган Нишан уулу Куштардын басып өткөн жолун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Баглан айылына караштуу Чалташ бөлүмүндө жашаган элдердин  2017-жылдын 9-апрелиндеги жалпы жыйынынын № 1 протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Баглан айылына караштуу Чалташ бөлүмүндөгү көчөнүн аталышы Совет бийлиги орноп жаткан мезгилде, андан кийин көптөгөн иштерде иштеген эмгегин баалап, Нишан уулу Куштардын наамын коюуга макулдук берилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

2

24.04.2017

 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Курбанбаев Атагожонун наамын көчөгө коюу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын  14-апрелиндеги № 1 протоколуна негиз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Курбанбаев Атакожоуну наамын Абшыр-Сай аялдамасынан күн чыгышты карай Шок бөлүмүнөн тартып, күн батыш тарабынан Мамасыдыков Нурбектин үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Курбанбаев Атакожонун наамын коюу боюнча  угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 1 протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай аялдамасынан күн чыгышты карай Шок бөлүмүнөн тартып, күн батыш тарабынан Мамасыдыков Нурбектин үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Курбанбаев Атакожонун наамын коюуга макулдук берилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

3

24.04.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундары кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, өздөрү тиккен бак-дарактарын алдыруу  жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси С.Бойдоновдун билдирүүсүнө негиз Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундары кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, жогорку чыналуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана өздөрү тиккен бак-дарактарын кесип  алдыруу максатында айыл чарба,суу,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-32-беренесинин 2-3 пунктуна  таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган жашоочулар асфальт жолдун боюндагы кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, жогорку чыналуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана өздөрү тиккен бак-дарактарын кестирип алдырылсын.

 

2.         Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан  уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана ошол аймактагы айылдык кенештин депутаттарына  милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

4

24.04.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Чүчүк жаны конушундагы Мурзураимов Пайзилданин үйүнөн тартып, Таштемиров Замирдин үйүнө чейин жана Артык ажынын үйүнөн түнтүктү карай кеткен жолго Ураимов Икрам аксакалдын атын коюу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын элдик жыйынынын № 1 протоколун угуп жана талкуулап,Ураимов Икрам аксакалдын басып өткөн жылдарында элге кылган чон эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2017-жылдын 14-мартындагы № 1 протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Кожо-Арык айылындагы Чүчүк жаны конушундагы Мурзураимов Пайзилданин үйүнөн тартып, Таштемиров Замирдин үйүнө чейин жана Артык ажынын үйүнөн түндүктү карай кеткен жолго Ураимов Икрам аксакалдын атын коюуга макулдук берилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

5

24.04.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү үчүн комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жерлерин  ижарага берүү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып,   (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына), айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЧЖФ) ижарага берүү тартибин аныктоо  максатында депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлерин (АЧЖФ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып , ижарага макулдук берилсин.

 

2.         Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 

3.         Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖФ жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына) жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү жагын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

4.         Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖФ) жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү жана келишимдери бүткөн атуулдар менен октябрь айынын  жана март айынын биринчи жумасында өткөрүү жагы комиссия курамына жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

5.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

6

24.04.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия  курамын түзүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жерлерин  ижарага берүү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмүн жетекчиликке алып,   (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына), айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу   (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди берүү боюнча   Жер комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү боюнча   комиссия түзүлсүн.

( тиркеме 1 баракта).

2.         Айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү  (АЧЖФ жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү (жакыр үй-бүлөлөргө, Ата-Мекендик согуштун, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын, Чэрнобыль согушунун катышуучуларына) жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү жагын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу жер аянттарына менчик укуктарды түз  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусу (АЧЖФ) жана өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү  (АЧЖФ) жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен түз ижарага берүү жана келишимдери бүткөн атуулдар менен октябрь айынын  жана март айынын биринчи жумасында өткөрүү жагы комиссия курамына жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

1.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

7

24.04.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы трансформаторлорду РЭСтин балансасына өткөрүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзөгчө кырдаалдар боюнча башкы адиси С.Бойдоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Мүккө муниципалдык менчик жөнүндөгү" мыйзамынын 19-беренесине таянып депутаттардын Т.Кулатов айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 19 (он тогуз) даана трансформатор жана 8 (сегиз) даана элдин трансформаторлору баары болуп 27 (жыйырма жети) даана трансформатор РЭСтин балансасына өткөрүлүп берилсин.

2.         Трансформаторлорду өткөрүп берүү үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.         Атайын аталган жогорудагы иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыганан суралсын.

 

4.         Юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укугун каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

8

24.04.2017

 

Кожо-Арык айылындагы "Жаша-Балалык-таңы" балдар бакчасынын имаратынын пайдубалына жакындап коркунуч келтирип жаткан 4 түп теректи кестирип таштоо үчүн уруксат берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Жаша-Балалык-таңы" балдар бакчасынын жетекчиси Бобулова Канышайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба,суу,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна  таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы "Жаша-Балалык-таңы" балдар бакчасынын имаратынын артындагы пайдубалга жакын эгилген 4 (төрт) түп терек кестирип алдырылсын.

 

2.         Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

9

24.04.2017

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2017-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө"

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин  2017-жылдын 1-январына  карата калган калдык  боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган протоколдун негизинде депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Кулатов атындагы  айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата жергиликтүү  бюджеттинде калган калдыгы № 1 тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 568,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №6

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 5 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

10

24.04.2017

 

Турдубаев Мойдундун атын коюу жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын  17-апрелиндеги № 1 протоколуна негиз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдубаев Мойдундун наамын Салибаев Кылычбектин үйүнөн тартып Төлөсов Арындын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Турдубаев Мойдундун наамын коюу боюнча  угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кожо-Арык айылынын жашоочуларынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 1 протоколу колдоого алынсын.

 

2.         Кожо-Арык айылындагы Салибаев Кылычбектин үйүнөн тартып Төлөсов Арындын үйүнө чейинки аралыктагы көчөнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Турдубаев Мойдундун  наамын коюуга макулдук берилсин.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №7

 

Назад