М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

20.12.2017

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын  айылдык бюджетин бекитип, 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"

2.

2

20.12.2017

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жеңилдик  берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, таштанды салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө"

3.

3

20.12.2017

"Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы № 305 буйругун бекитип берүү жөнүндө

4.

4

20.12.2017

"Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн баалоо жана маниторинг боюнча жумушчу тобун түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы № 306 буйругун бекитип берүү жөнүндө

5.

5

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Алмаз Абдыкадыровичтин демөөрчүлүгү менен курулган 50 (элүү) орундуу бала бакчага Айтиев Кутчунун ысымын коюу жөнүндө

6.

6

20.12.2017

Ноокат райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 12-декабрындагы №1/978-17протестине негиз 2017-жылдын 21-ноябрь Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин № 8-4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

7.

7

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы  "Баглан дил- азыгы"   мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө  жөнүндө

8.

8

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы  "Алтын-Муун Келечек" балдар бакчасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө  жөнүндө

9.

9

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Кырк-Кол" участогунун "Центральный 2" бөлүмчөсүнөн 9,75 га жер аянтынан гипс  кенин казуу үчүн  макулдук берүү жөнүндө

10.

10

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 19-декабрындагы механизаторду тандап алуу боюнча комиссия курамынын отурумунун протоколун бекитип берүү жөнүндө

11.

11

20.12.2017

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн  дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

12.

12

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга айыл макамын алуу жөнүндө

13.

13

20.12.2017

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга айыл макамын алуу жөнүндө

14.

14

20.12.2017

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарбасына, комуналдык чарбаларга  акча каражатын бөлүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

1

20.12.2017

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын  айылдык бюджетин бекитип, 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга  айылдык бюджетин бекитип, 2019-2020-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин жана 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин "Бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" № 101 Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктунун 2пункчасына жана Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-беренесине ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2018-жылга Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 50057,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин  чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешелеринин болжолу 2019-жылга 50306,6 мин сомго  жана 2020-жылга 50616,3 мин сомго  белгиленсин.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

 

4.         2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 4 тиркемеге ылайык аныкталсын.

5.         2018-жылга айылдык бюджеттин жайыт пайдалануучулардын  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 5 тиркемеге ылайык аныкталсын.

 

6.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

7.         Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу;

-ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде  экиден ашпаган тактоолорду жүргүзүүгө,

- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

8.         2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыгарылсын.

9.         Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максатуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

10.       Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

2

20.12.2017

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жеңилдик  берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, таштанды салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө"

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ага  салыкчысы Н.Жолдошбаевдин билдирүүсүнө негиз Кыргыз Республикасынын 27.06.2009-жылдын  № 255, 10.02.2010-жылдын  № 25, 25.06.2012-жылдын № 123, Кыргыз  Республикасынны 16.04.2010-жылдын №51, 22.12.2011-жылдын  №248, 09.08.2012-жылдын №158, 22.02.2013-жылдын № 28, 18.05.2012-жылдын №55-мыйзамдарына негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 945 га жер аянты,  жашаган кожолуктар саны 3447,  2018-жылга тамарка  салыгы боюнча 2635 кожолуктарга 395,25га жер аянтына  жеңилдик берилсин

2.Калган 812 кожолуктардын 549,75га жер аянтынан тамарка  салык өндүрүлсүн. №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    1519 кожолук пенсионерлерге жер аянты 227,85га жеңилдик берилсин №2 тиркемеге ылайык.

4.  933 көп  балалуу үй бүлөөлөрдүн жер аянты 139,95га жеңилдик берилсин. №3 тиркемеге ылайык.

 

            5.  19 Афганистанда кызмат кылгандардын жер аянты 2,85га жеңилдик берилсин. №4 тиркемеге ылайык.

6.  164 кожолук I-II-топтогу майыптардын жер аянты 24,60га. жеңилдик берилсин. №5 тиркемеге ылайык.

7.3447 кожолуктан 100 сомдон таштанды салыгы өндүрүлсүн №6 тиркемеге ылайык.

 

8. Транспорт салыгы боюнча жалпы 1535 оор жана жеңил автоунааларынан 1300,0 миң сом салык өндүрүлсүн. № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

9.Тамарка салыгы жана таштанды салыгы боюнча салыктын өз убагында  төгүлүшү тамарка жана кожолук башчыларынын ээлерине милдеттендирилсин жана айыл өкмөтү жоопкерчилигинен четтетилсин.

 

10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

3

20.12.2017

 

"Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн жумушчу топ түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы № 305 буйругун бекитип берүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн жумушчу топтун курамына айыл өкмөтүнөн чыккан 2017-жылдын 14-декабрындагы № 305 буйругун, угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө  ндө "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн жумушчу топтун курамына айыл өкмөтүнөн чыккан 2017-жылдын 14-декабрындагы № 305 буйругу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

4

20.12.2017

 

"Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн баалоо жана маниторинг боюнча жумушчу тобун түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы № 306 буйругун бекитип берүү жөнүндө

 

"Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн баалоо жана маниторинг боюнча жумушчу тобун түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы № 306 буйругун, угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги " долбоордун алкагында конкурстун негизинде берилүүчү грантка катышуу үчүн баалоо жана маниторинг боюнча жумушчу тобун түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы № 306 буйругу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №4

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

5

20.12.2017

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Алмаз Абдыкадыровичтин демөөрчүлүгү менен курулган 50 (элүү) орундуу бала бакчага Айтиев Кутчунун ысымын коюу жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Алмаз Абдыкадыровичтин демөөрчүлүгү менен курулган 50 (элүү) орундуу бала бакчага Айтиев кутчунун ысымын коюу жөнүндөгү Кош-Дөбө айылынын жамаатынын 2017-жылдын 4-декабрындагы № 1 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Алмаз Абдыкадыровичтин демөөрчүлүгү менен курулган 50 (элүү) орундуу бала бакчага Айтиев Кутчунун ысымын коюу жөнүндөгү Кош-Дөбө айылынын жамаатынын 2017-жылдын 4-декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин.

2.         "Айтиев Кутчу" балдар бакчасы Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы  айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №5

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

6

20.12.2017

 

Ноокат райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 12-декабрындагы №1/978-17протестине негиз 2017-жылдын 21-ноябрь Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин № 8-4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Ноокат райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 12-декабрындагы №1/978-17 протестине негиз ,депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин 2017-жылдын 21-ноябрь № 8-4 токтому жокко чыгарылсын.

 

2.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

7

20.12.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы  "Баглан дил- азыгы"   мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө  жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы  "Баглан дил-азыгы" турмуштук оор кырдаалдагы балдардын күндүзгү убактылуу келип кетүүчү жана мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз  жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы  "Баглан дил-азыгы" турмуштук оор кырдаалдагы балдардын күндүзгү убактылуу келип кетүүчү жана  мектепке чейинки 26 орундуу билим берүү мекемесинин кызматкерлерине 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин.

 

2.         Кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

8

20.12.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы  "Алтын-Муун Келечек" балдар бакчасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөө  жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы  "Алтын-Муун Келечек" балдар бакчасынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 токтомунун № 3 тиркемесинин, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 токтомунун, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 215 токтомуна таянып, 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдигине негиз  жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы  "Алтын-Муун Келечек" балдар бакчасынын кызматкерлерине 2018-жылдын январь айынан штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин.

 

2.         Кызматкерлердин эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

9

20.12.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Кырк-Кол" участогунун "Центральный 2" бөлүмчөсүнөн 9,75 га жер аянтынан гипс  кенин казуу үчүн  макулдук берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ОсОО "Кожо-Арык "А" жетекчиси А.Жамалдиновдун 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 4 чыгыш каты менен "Кырк-Кол" участогунун "Центральный 2" бөлүмчөсүнөн, 2017-жылдын 9-ноябрындагы 9,75 га жер аянтынан гипс кенин казып алып иштетүү үчүн № 5662 ТЕ лицензиясын 20 жылдык мөөнөт менен иштетүүгө алып келген лицензиясын талкуулап,Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27-беренелерине таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин  сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу "Кыркол-Сай" участогунун "Центральный 2" бөлүмчөсүнөн лицензияга негиз 20 жылдык  мөөнөт менен (2037-жылдын 9-ноябрына) чейин гипс казып алуу үчүн макулдук берилсин.

2.         ОсОО "Кожо-Арык "А" 2017-жылдын 9-ноябрындагы 9,75 га жер аянтынан гипс кенин казып алып иштетүү үчүн № 5662 ТЕ лицензиясына негиз Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен ижара келишимин түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

10

20.12.2017

 

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 19-декабрындагы механизаторду тандап алуу боюнча комиссия курамынын отурумунун протоколун бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 19-декабрындагы механизаторду тандап алуу боюнча комиссия курамынын отурумунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү № 1 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 19-декабрындагы механизаторду тандап алуу боюнча комиссия курамынын отурумунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү № 1 протоколу бекитилсин.

 

2.         Конкурстук комиссиянын тандоосунан өткөн Болушев Нургазыны механизатор болууга макулдук берилсин.

 

 

3.         Франталдык погрузчикти механизаторго өткөрүп берүү актысы түзүлгөндөн кийин, жайыт комитетинин жана механизатордун ортосунда түзүлгөн келишимге негиз жүргүзүүгө макулдук берилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесиинин жетекчиси К.Рустамовго тапшырылсын.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №6

 

Назад

 

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

11

20.12.2017

 

Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн  дыйкан чарбалардын жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы , 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселесин "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү"Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык, депутаттардын  Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кыргыз Республикасынын 31-декабрындагы 2014-жылдагы № 182 мыйзамында "Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Салык Кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн  дыйкан чарбалардын  жер салыгынын базалык ставкасы 30 %  көтөрүлүп-суулуу айдоо жерди 536,9 тыйынга ,ал эми кайрак айдоо жерди 80,99 тыйын, көп жылдык бакты 302,90 тыйынга көтөрүү сунушу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2.         2018-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №7

 

Назад

 

 

 

12

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

12

20.12.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга айыл макамын алуу жөнүндө

           Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын айыл башчысы А.Закировдун билдирүүсүндө 2017-жылдын 16-декабрында элдик жыйында Ак-Чал айылынан Арык-Тейит калктуу конушу болгондугуна байланыштуу "Арык-Тейит" "айылы" макамын алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна таянып,  депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Арык-Тейит" калктуу конушунун тургундарынын калктуу конушуна "айыл" макамын алуу жөнүндөгү 2017-жылдын  16-декабрындагы № 8 жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.

 

2.         Айыл аймагындагы Арык-Тейит калктуу конушуна "айыл" макамын алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №8

 

Назад

 

 

 

13

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

13

20.12.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга айыл макамын алуу жөнүндө

             Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүндө 2017-жылдын 15-декабрында элдик жыйында Баглан айылынан Кулуштан калктуу конушу болгондугуна байланыштуу "Кулуштан" "айылы" макамын алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна таянып,  депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы "Кулуштан" калктуу конушунун тургундарынын калктуу конушуна "айыл" макамын алуу жөнүндөгү 2017-жылдын 15-декабрындагы № 4 жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.

 

2.         Айыл аймагындагы Кулуштан калктуу конушуна "айыл" макамын алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №9

 

Назад

 

 

 

14

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

14

20.12.2017

 

"Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарбасына, комуналдык чарбаларга  акча каражатын бөлүү жөнүндө"

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин бөлүүдө айылдык Кенештин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы кенештинг кароосунан кийин айыл аймагындагы  көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин 3-пункутуна ылайык Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен төмөндөгү  көрсөтүлгөн жумуштарга төмөнкүлөргө каражаты бөлүнүп берилсин:

Р 70491 бөлүмчөсүнө

-2215 беренесине 830,4 мин сом, 

- Агрохимстанцияга, гипроземге, архитектурага жана госрегистрге 369,6  мин

сом,

-мамкаттоого мам-к акт сатып алууга 100,0 мин сом,

- жолду экспертизадан өткөрүүгө 68,0 мин сом,

- Краз жолдун госактысына 90,0 мин сом,

- техникалык шарттарды алууга 20,0 мин сом,

-архитектурага АПШ, АПЗ, ИПШларга 44,2 мин сом,

-автордук надзорго 138,6 мин сом,

2221 беренесине 2360,0 мин сом,

-Кайырма айылынын трансформаторун элге улап берүү үчүн 96,1 мин сом,

-Элдерге  Таза Суу иштерин кылуу үчүн 142,2 мин сом

-Кожо Арык айылынына 800,0 мин сом

-Ак Терек айылына  400,0 мин сом. 

 Ак Чал айылына 400,0 мин сом. 

 Кызыл Булак, Баглан айылдарына 700,0 мин сом. 

 

3111 беренесине 5288,1 мин сом

-Эк групп ЖЧК коомго Кт карыз 97,0 мин сом

- Кызыл Кыя Кок Жар  негизги авто жолуна Кт карыз 3632,9 мин сом.

-Негизги жолго   көчө фонарларын орнотууга 500,0 мин сом, 

-1 км борбордук жолго тротуар салуу үчүн 400,0 мин сом 

- Кызыл Булак жана Кожо Арык суу сактагычтагы имаратын капиталдык

  ремонттоо үчүн 200,0 мин сом,

-Абшыр Ата мазарын тосмосун тосуу үчүн 108,2 мин сом,

- Кен Сай көпүрүсүн куруу үчүн 350,0 мин сом

Р 706 бөлүмчөсүнө  2215 беренесине647,7 мин сом,

-И.Сабировко жапайы  ит, мышыктарды атууга, чөө бөрү, бөөрү атууга 224,0 мин

 сом, 

- рекламалык шиттерге корнок жарнактарды жаздырууга 80,0 мин сом,

КТР, ЭлТР, Ош жанырыгы, Кыргыз Туусу, Эркин Тоо, мамлекеттик архивке,

 ж.б.у с кызмат акысын төлөө үчүн 304,0 мин сом.

2221 беренесине 1329,8 мин сом

- Кожо Арык айылына   400,0 мин сом. 

-Ак Терек айылына   200,0 мин сом. 

-Ак Чал айылына 300,0 мин сом. 

-Кызыл Булак, Баглан айылдарына   429,8 мин сом.

 

2.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы депутатардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин "бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад