М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

21.11.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

2.

2

21.11.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын контролдук суммасын жана 2019-2020-жылдардын долбоорун бекитүү жөнүндө

3.

3

21.11.2017

 Ноокат райондук сотунун имараты капиталдык ремонттолуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

4.

5

21.11.2017

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобону бекитип берүү жөнүндө

5.

6

21.11.2017

Т.Айбашов атындагы орто мектебинин учурдагы абалын карап чыгуу менен жаңы, заман талабына ар тараптуу жооп берген  көп тилдүү иновациялык, кошумча жатып окуу шарты менен 1000 орундуу жана 200 орундуу жатаканасы менен мектеп куруу жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

1

21.11.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин  маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пуктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

2

21.11.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын контролдук суммасын жана 2019-2020-жылдардын долбоорун бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин "бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы" тарабынан каралып чыгарылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2018-жылдын контролдук суммасы  43585,5 миң сомго, 2019-жылга 44239,5 миң сомга жана 2020-жылга 44956,5 миң сомго  бекитилсин.

2.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

3

21.11.2017

 

 Ноокат райондук сотунун имараты капиталдык ремонттолуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров Ноокат райондук сотунун 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 5020 сандуу катында Ноокат райондук сотунун имараты капиталдык ремонттолуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине негиз депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ноокат райондук сотунун имаратынын капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге тапшырылсын.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

5

21.11.2017

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобону бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жээнбаеванын билдирүүсүндө USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобону угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү USAIDдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорун ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиясынын курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).

2.         Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө Жобо бекитилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т.Кулатов айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

6

21.11.2017

 

Т.Айбашов атындагы орто мектебинин учурдагы абалын карап чыгуу менен жаңы, заман талабына ар тараптуу жооп берген  көп тилдүү иновациялык, кошумча жатып окуу шарты менен 1000 орундуу жана 200 орундуу жатаканасы менен мектеп куруу жөнүндө

            Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жана ата-энелер комитетинин катышуусундагы 2017-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун № 7 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин  сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жана ата-энелер комитетинин катышуусундагы 2017-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун № 7 протоколу аткарууга алынсын.

 

2.         Аймактагы инновациялык гимназия тибиндеги, жатаканасы менен жаңы мектептин курулушун куруу колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн суралсын.

 

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

А.Топчубаев                  

 

 

Назад