М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

26-1

10.11.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атуулу Маткаримов Рустамбек  арызынын негизинде Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу үчүн 15 (он беш) га жайыт жер аянтарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттук байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого макулдук берүү  жөнүндө

2.

26-2

10.11.2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбековдун сунуш каты-трансформациялоо жеке менчигине берилгендигине байланыштуу ген планга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

3.

26-3

10.11.2015

«Т . Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 
26-февралындагы  № 21-1 Токтомунун 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

4.

26-4

10.11.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча иштерди бекитип берүү жөнүндө

5.

26-5

10.11.2015

Ноокат райондук сотунун төрагасы К.А.Пирматовдун 2015--жылдын 09-октябрындагы № 990 сандуу сураныч катын аткаруу жөнүндө

6.

26-6

10.11.2015

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 2015-жылдын 26-октябрындагы № 5.2354 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө

7.

26-7

10.11.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндө

8.

26-8

10.11.2015

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атуулу Сарыев Эрдолат Токтосуновичтин арызынын негизинде Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу үчүн 50 (Элүү) га жайыт жер аянтарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттук байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого макулдук берүү  жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы Разаков М. билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынын кайрак адырдан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана куруу үчүн жайыттан он беш (он беш) га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.

2.  Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянтына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянтарын баштапкы калыбына келтирүү (рекультивизациялоо) жагы ижарачы Маткаримов Рустамбекке милдеттендирилсин.

3.  Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасындагы он беш (он беш) га жер аянтына курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана куруу  жана топуракты алып иштетүү  үчүн жайыттан 15 (он беш) га жайыттын жер аянтарынан «Айыл чарба багытындагы жерлер»  категориясынан «Транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү  жагы Ноокат райондук мамлекеттик  администрациясынан суралсын.

4.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү  боюнча комиссиясына тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу (жерлер) категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясынын мөөнөтүнүн негизинде ижара келишимин түзүү жагы Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

Т. Кулатов  айылдык Кенешинин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиянын заседаниесинин

П Р О Т О К О Л У  № 12

Кызыл-Булак айылы.                                                15-июнь 2015-жыл.

Заседаниеге катышкандар:

1.      Разаков М – айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы.

2.      Жээнбаева А. – айыл аймагынын катчысы, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

     3.  Мадимаров Н – айыл өкмөтүнүн башчысы.

     4.  Абдуллаев Г – жер боюнча адис.

5.   Жунусов Р – айылдык кенештин депутаты.

      6.  Боркош уулу дамир – айылдык кенештин депутаты

7.      Рустамов К. – айылдык кенештин депутаты.

8.      Нарматов Ж. – айылдык кенештин депутаты.

9.      Ахмедов Ш – айылдык кенештин депутаты.

10.  Закиров А – айыл башчы

11.  Паязов Ж. – айыл башчы

12.  Маткаримов К – айыл башчы

13.  Чодонова Ө – айыл башчы.

                               Күн тартибинде каралуучу маселе:

1.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Сатаров Кайрат Кош-Дөбө айлынын суу кетүүчү жагынан эл керектөөчү буюмдарды сатуу үчүн дүкөн салууга 0,02 (эки сотых)  га жер аянтын сураган.

2.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын тургуну Сарыев Эрдолат Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан 50 (Элүү) га кайрак адырдан  ишмердик жүргүзүү максатында жер ажыратып берүүнү сураган.

3.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын тургуну Маткаримов Рустамбек Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан кайрак адырдан 15 (он беш) га жер аянтын ишкердик жүргүзүү үчүн  ажыратып берүүнү сураган.

4.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын  Жаштык көчөсүнүн тургундары көчөнүн тарып кеткендигине байланыштуу мыйзам чегинде чечип берүүнү сураган.

5.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Арык-Тейит айылынын тургуну Рахманов Икрам Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген участкасынан 0,20 (жыйырма сотых) га жер аянтын бөлүп берүүнү суранган.

6.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Абдыкадыр Кош-Дөбө айылынын кайрак адырынан 2 (эки) га жер аянтын өздөштүрүп пайдаланууга сураган.

7.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Абдурахманов Абдижалил, айыл өкмөттүн Чакмак-Таш аттуу  госфондтун кайрак жеринен 5,5 (Беш жарым) га жер аянтын суу чыгарып, бак тигип өздөштүрүү үчүн сураган.

Чечим кылат:

1.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Сатаров Кайратка Кош-Дөбө айылынын суу кетүүчү жеринен эл керектөөчү азык-түлүктөрдү сатууга  дүкөн куруу үчүн конкурс жана келишим негизинде мыйзамдаштырып, 0,02 (Эки сотых) га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын тургуну Сарыев Эрдолат арызына негиз Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан кайрак адырдан конкурстун жана келишим негизинде, кырк тогуз жылдык мөөнөт менен  ишмердик жүргүзүү максатында 50 (Элүү) га жер аянтын мыйзамдын негизинде бөлүнүп берилсин. Жерди трансформациялоо жана лицензия алуу жагы арыз ээсине милдеттендирилсин.

3.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылынын тургуну Маткаримов Рустамбекке конкурстун жана келишим негизинде кырк тогуз жылдык мөөнөт менен  Баглан  айылынын Чал-Таш участкасынын таштак адырынан ишмердик жүргүзүү максатында 15 (Он беш) га жер аянтын мыйзамдын негизинде бөлүнүп берилсинерди трансформациялоо жана лицезия алуу арыз ээсине милдеттендирилсин.

4.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Жаштык көчөсүнүн тургундарынын арызына негиз, ушул жолунун көйгөйүн чечип берүү жагы  жер комиссиясына жана айыл өкмөттүн жер боюнча адисине милдеттендирилсин.

5.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Арык-Тейит айылынын тургуну Рахманов Икрамдын арызына негиз, Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген участкасындагы жерлердин тактала элек экендигин эске алып, Рахманов Икрамга жердин чечилишин күтүүсү сунушталсын.

6.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Абдыкадырдын арызына негиз, мыйзам чегинде каралып чыгып, конкурстун жана келишим негизинде беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилсин.

7.      Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Абдурахманов Абдижалилдин бул мезгилге чейин ижарага алып иштетип жаткан 5,5 (беш  жарым) га жерине, бак тигүүгө мыйзам жол бербестигин билдирилсин.

Комиссиянын төрагасы:                                                Разаков М.

Катчысы:                                                                  Жээнбаева А.

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-2

10.11.2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбековдун сунуш каты-трансформациялоо жеке менчигине берилгендигине байланыштуу ген планга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевдин билдирүүсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбековдун сунуш каты-трансформациялоо жеке менчигине берилгендигине байланыштуу ген планга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына жазылган каты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 644-б колдоо буйругун, Ноокат мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 11-мартындагы колдоо боюнча № 8 токтомун ишке ашыруу максатында Т.Кулатов атындагы депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбековдун сунуш каты-трансформациялоо жеке менчигине берилгендигине байланыштуу ген планга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына жазылган каты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 28-сентябрындагы № 644-б колдоо буйругун, Ноокат мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 11-мартындагы колдоо боюнча № 8 токтому колдоого алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын 2015-жылдын 29-октябрындагы № 4-25-3-1466 катына негиз  жерлерди “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууда курулуштун башкы планы же шаар куруу документтери жана техника экономикалык негизде берилсин.

3.  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 112,94 га жер аянтына трансформация боло турган жерине  ген план үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 271400 (эки жүз жетимиш бир мин төрт жүз сом) акча каражаты бөлүп берилсин.

4.  Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-3

10.11.2015

«Т . Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 

26-февралындагы  № 21-1 Токтомунун 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевтин айылдык бюджети боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, сода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин чыгашалары бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.

2. 2015-жылда   эконом болгон акча каражатын Р 701 ст 3111 статьясынан 2215-3112статьясына, Р 704 Экономикалык чыгымдарга 2215 статьясына, Р 708 маданият болумуно 2215 статьясына,  Р 70911 балдар бакчасынын 2224 статьясынан 3112 статьясына , Р 70921 орто мектептердин  2224 статьясынан 3112 статьясына айылдык бюджеттин чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин         (    5       чакырылышы) кезексиз    26  сессиясынын   № 26-3           токтомуна     №1              тиркеме

Төрөбай Кулатов  атындагы айыл окмотунун  2015-жылдын 9 айында  эконом болгон статьядан  статьяга  жылдыруу     боюнча  маалымат

Айыл окмоту боюнча

Статья

статья

статья

статья

2215

2224

3111

3112

Жалпы максатагы мамлекеттик кызмат корсотуулор

10,0

-574,9

52,0

-512,9

Айыл окмоттун  резервдик фонду

0,0

Коргонуу

0,0

Айыл чарбасы

412,9

412,9

Маданият болуму

0,0

Билим беруу балдар  бакчасы

11,0

-100,0

100,0

11,0

Билим беруу орто мектептер

78,0

-378,7

378,7

78,0

Клуб

8,5

8,5

Китепкана

2,5

2,5

Жалпысы

522,9

-478,7

-574,9

530,7

0,0

 Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин жоопту катчысы:           А.Жээнбаева.

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-4

10.11.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча иштерди бекитип берүү жөнүндө

Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдалган материалдарын карап чыгып, депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдалгпан материалдарынын жыйынтыгы бекитилсин.

2. Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын 181,70 га үчүн ажыратылуучу жер аянтарын юридикалык жана картографиялык материалдарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер жана кыймылсыз  мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

3.  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  181,70 га   жер аянтын “Өнөр жайдын,транспорттук байланыштын, коргоонун жана башкалардын жерлер категориясын” муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жана жалпы жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгын макулдашуу жагы Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн жалпы жер фондуна инвентаризация жүргүзүү боюнча түзүлгөн райондук комиссиясына жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Т О К Т О М   135

Кызыл-Булак айылы                                                                                                             « 20 » ноябрь2015-жыл.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин 5 чи чакырылышыны 2015-жылдын 10-ноябрындагы кезектеги 26 чы сессиясынын 26-4 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө

Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдалган материалдарын карап чыгып, айыл өкмөтү

                                            Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

  1. Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдалган материалдарынын жыйынтыгы жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 85.а буйругуна ылайык түзүлгөн комиссия курамынын 2015-жылдын _____17.09.№ 1__________________актысы бекитилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

Т.Кулатов атындагы айыл

өкмөтүнүн башчысы:                                            Н.Мадимаров.

Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянттарын аныктап-тактоо (инвентаризация) жүргүзүү жөнүндө

АКТ №1

Кызыл-Булак айылы                                                                                   17-сентябрь 2015-жыл.

Бул акт Ош облусунун Ноокат райоунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 85а буйругуна ылайык жер фондун инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамдагы жумушчу топ (комиссия) тарабынан түзүлдү:

  1. Д.Көчкөнов-Т.Кулатов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары.

                  мүчөлөрү:

1.      Ж.Паязов-Кожо-Арык айылынын айыл башчысы.

2.      О.Чодонова-Ак-Терек,Кош-Дөбө айылдарынын айыл башчысы.

3.      А.Закиров-Акчал,Кызыл-Булак айылдарынын айыл башчысы.

4.      К.Маткаримов-Баглан,Таш-Булак айылдарынын айыл башчысы.

5.      К.Рустамов-Жайыт комитетинин төрагасы.

6.      Д.Боркош уулу-МП “Айыл курулуш” ишканасынын жетекчиси.

7.      Ш.Абдираимов-айыл өкмөтүнүн статисти.

8.      Г.Абдуллаев-айыл өкмөтүнүн жер адиси.

9.      А.Топчубай уулу- “Кыргызмамжердолбоор” институтунун адиси

Анткени 2015-жылдын 1-апрелинен баштап 2015-жылдын 1-сентябрына чейин Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл аймагында талаага чыгып изилдөө жолу менен жалпы 181,70 гектар жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзүлдү.

Инвентаризациялоо жүргүзүүдө төмөнкү материалдар колдонулду:

  1. 1992-жылы “Кыргызмамжердолбоор” институту даярдаган Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындапгы комсомол көмүр шахтасына берилген жерди чек араларын аныктап тактоо долбоору.
  2. Жер битин өзү учуучу аппарат менен тартылган планы М 1:5 000.
  3. Түштүк-Кыргыз-Цемент ЖАКомунун 1:2000 масштабындагы планы.Жыйынтыгы контурлар боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүп таржымал, ошондой эле М 1: 5 000 масштабындагы план жана салыштырма ведомость түзүлдү.

Түзүлгөн бул акт туура деп кол коюучулар:

Жумушчу топтун төрагасы:    Д.Көчкөнов.

мүчөлөрү:

О.Чодонова

А.Закиров

К.Маткаримов

Д.Боркош уулу

Ш.Абдираимов

Г.Абдуллаев

А.Топчубай уулу

Бул акт үч нускада түзүлдү, айыл өкмөтүнө 1 нуска, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасына 1 нуска, райондук комиссияга 1 нуска

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-5

10.11.2015

Ноокат райондук сотунун төрагасы К.А.Пирматовдун 2015--жылдын 09-октябрындагы № 990 сандуу сураныч катын аткаруу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2015-жылдын 10-октябрында № 990 сандуу каты келген. Катта  Ноокат райондук сотунун имаратын ондоо түзөө иштерине акча каражат сураган.Айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нооокат райондук сотунун имаратынын ремонтуна  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 80 000 (сексен  мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.  Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджеткономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-6

10.11.2015

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 2015-жылдын 26-октябрындагы № 5.2354 сандуу катын аткарууга алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2015-жылдын 26-октябрында № 2354-сандуу каты келген. Катта  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына кийим тиктирүү үчүн демөөрчүлүк иретинде акча каражат сураган.Айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына кийим тиктирүү үчүн демөөрчүлүк иретинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджеткономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

7

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-7

10.11.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндөгү айылдык Кенештин төрагасы А.Ажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерде иш алып барылсын.

2. Мектептерде  «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндөгү жыйындарды өткөрүүнүн графигин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Көчкөновго жүктөлсүн.

3. Ар бир мектепте окуучулар менен ата-энелер,  айылдык тескөөчүлөр, соц. мугалимдер,айыл өкмөтүнөн соц.адиси менен биргеликте жолугушууларды өткөрүү жана протоколдорун айыл өкмөтүнө берүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Назад

8

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезектеги 26 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

26-8

10.11.2015

 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атуулу Сарыев Эрдолат Токтосуновичтин арызынын негизинде Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу үчүн 50 (Элүү) га жайыт жер аянтарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттук байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого макулдук берүү  жөнүндө

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы Разаков М. билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасынын кайрак адырдан курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана куруу үчүн жайыттан 50 (элуу) га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянтына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянтарын баштапкы калыбына келтирүү (рекультивизациялоо) жагы ижарачы Сарыев Эрдолат Токтосуновичке милдеттендирилсин.

3. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баглан айылынын Чал-Таш участкасындагы 50 (элүү) га жер аянтына курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана куруу  жана топуракты алып иштетүү  үчүн жайыттан 50

(Элуу) га жайыттын жер аянтарынан «Айыл чарба багытындагы жерлер»  категориясынан «Транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү  жагы Ноокат райондук мамлекеттик  администрациясынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү  боюнча комиссиясына тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу (жерлер) категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясынын мөөнөтүнүн негизинде ижара келишимин түзүү жагы Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

А.Ажибаев

Артка

Т. Кулатов  айылдык Кенешинин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиянын заседаниесинин

П Р О Т О К О Л У  № 12

Кызыл-Булак айылы.                                                                                                                15-июнь 2015-жыл.

Заседаниеге катышкандар:

1.      Разаков М – айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы.

2.      Жээнбаева А. – айыл аймагынын катчысы, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

     3.  Мадимаров Н – айыл өкмөтүнүн башчысы.

     4.  Абдуллаев Г – жер боюнча адис.

5.   Жунусов Р – айылдык кенештин депутаты.

      6.  Боркош уулу дамир – айылдык кенештин депутаты

7.  Рустамов К. – айылдык кенештин депутаты.

8.      Нарматов Ж. – айылдык кенештин депутаты.

9.      Ахмедов Ш – айылдык кенештин депутаты.

10.  Закиров А – айыл башчы

11.  Паязов Ж. – айыл башчы

12.  Маткаримов К – айыл башчы

13.  Чодонова Ө – айыл башчы.

                               Күн тартибинде каралуучу маселе:

1        Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө айылынын тургуну Сатаров Кайрат Кош-Дөбө айлынын суу кетүүчү жагынан эл керектөөчү буюмдарды сатуу үчүн дүкөн салууга 0,02 (эки сотых)  га жер аянтын сураган.