М А З М У Н У

п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

25-1

10.08.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна Ак-Сай бөлүмүнөн жаныдан конвейер линиясын  тартуу үчүн жайыттын  жер аянтынан которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

2.

25-2

10.08.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски   бала бакчанын имаратын,  азыркы убакта  иштеп жаткан ФАПты көчүрүү же башка жакка жаныдан куруу, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачууга капиталдык ремонт жасоо үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

3.

25-3

10.08.2015

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган жер аянтына врачтык амбулатория курууга макулдук берүү жөнүндө

4.

25-4

10.08.2015

«Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө»

 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезексиз 25 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

25-1

10.08.2015

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна Ак-Сай бөлүмүнөн жаныдан конвейер линиясын  тартуу үчүн жайыттын  жер аянтынан которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк-Кыргыз Цемент» жабык типтеги акционердик коомунун 2015-жылдын 29-июлундагы № 750-15 сандуу катынын негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин торагасы А.Ажибаев суйлоп Ак-Сай бөлүмүнөн конвейер линиясын жаныдан тартып куруу үчүн жайыттын жер аянтынан Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун  (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү»  Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 27-32 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып,  Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан  Ак-Сай бөлүмүнөн конвейер линиясын жаныдан тартып куруу үчүн жайыттан 4,5 га жер аянтын  «Түштүк-Кыргыз Цемент» жабык  акционердик коомуна  «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүнөн конвейер линиясын жаныдан тартып куруу үчүн жайыттан 4,5 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

3. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык типтеги акционердик коомуна жуктөлсүн.

 

 

4. Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларды тактап тийешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап жерге болгон укугун тактап терүү жагы Ноокат райондук катастр  жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын.

 

5. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына суралсын.

 

6. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Сай бөлүмүнөн 4,5 га жер аянттын конвейердик линия тартып куруу үчүн жер аянты трансформациялангандан кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен  «Туштук-Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомунун жетекчилиги менен ижаралык келишим түзүлсүн.

 

7. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча  комиссиясына  тапшырылсын.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

 

А.Ажибаев

 

 

Назад

 

 

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

 

Т О К Т О М № 81

 

 

Кызыл-Булак айылы                                                                                  14 август  2015-жыл

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин 5 чи чакырылышынын 2015-жылдын 10-августундагы кезексиз 25 чи сессиясынын 25-1 токтомуну турмушка ашыруу жөнүндө  аймагындагы Ак-Сай бөлүмүндөгү айрым жер аянттыны которууга (трансформациялоого)  макулдук берүү жөнүндө

 

            Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 2015-жылдын 10-августундагы № 25-1 токтомун негизинде «Южно-Кыргызский-Цемент» жабык акционердик коомунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Сай бөлүмүнөн 4,5 га жер аянттын конвейердик линия куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексини эске алып,

 

                                               Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүндө жайгашкан 4,5 га жер аянттына «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырысын.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл

өкмөтүнүн башчысы:                                                              Н.Мадимаров

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезексиз 25 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

25-2

10.08.2015

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски   бала бакчанын имаратын,  азыркы убакта  иштеп жаткан ФАПты көчүрүү же башка жакка жаныдан куруу, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачууга капиталдык ремонт жасоо үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски   бала бакчанын имаратын,  азыркы убакта  иштеп жаткан ФАПты көчүрүү же жаныдан куруу, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачуу жөнүндөгү Баглан айылынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 25-32 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып,  Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылындагы эски   бала бакчанын имаратын,  турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн убактылуу келип, кетүүчү борбор ачууга макулдук берилсин.

 

2. Баглан айылындагы ФАПты  Т.Кулатов атындагы көчөнүн түштүк тарабындагы, Баглан 2 жаны конушуна кетүүчү жолдун батыш тарабындагы бош турган жер аянтына контейенер орнотуп  көчүрүлсүн.

 

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

 

А.Ажибаев

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезексиз 25 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

25-3

10.08.2015

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган жер аянтына врачтык амбулатория курууга макулдук берүү жөнүндө

 

Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин жер комиссиясынын жана Кожо-Арык жамаатынын жалпы чогулушунун протоколунда, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган жер аянтына  врачтык амбулаториясын өзгөртүү  жөнүндөгү  айылдык кенештин депутаты М.Авазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 25-32 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 47- беренесинин жетекчилике алып,    депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк

        тарабындагы мечитке деген бош турган жерди мөөнөтсүн пайдаланууга берилип, 0,17 га жер аянтына  врачтык

        амбулатория курууга макулдук берилсин.

 

2. Ноокат районуна караштуу «Медигос» борбордук үй-бүлөлөр дарыгерлер тобунан каттоо жагы суралсын.

 

3. Врачтык амбулаторияга тиешелүү юридикалык иш кагаздарын  алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына

        милдеттендирилсин.

 

 

4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарына менчик укуктарды тү  жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча жана социалдык жана маданий, саламаттыкты сактоо, билим берүү,

        спорт, туризм, жаштар жана миграция боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

 

А.Ажибаев

 

 

Назад

 

 

Протокол №2

Кожо-Арык  айылы                                                                      2015-жыл 

                                

Биз  төмөндөгүлөр;

 

1.Ж.Паязов  айыл  башчы- чогулуштун  төрагасы

2.А.Матанов  жамаат  башчы-  катчысы

3.М.Авазов  айыл кенешинин  депутаты

4.А.Абдуллаев  Жал  айылдык  оорукананын  бөлүм  башчысы   жана айыл  тургундары  болуп  чогулуш  өткөрдүк.

 

Каралуучу  маселе: Кожо-Арык  айылындагы  Бекиев  участкасындагы  бош турган  жерге  врачтык  амбулатория  куруу  боюнча.

 

            Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча  сөздү Жал айылдык ооруканасынын бөлүм башчысы  Абдуллаев  Азим  баштады.

Урматту бүгүнкү чогулуштун катышуучулары биздин Кожо-Арык калкынын  саны  өсүп  баратканына  байланыштуу  элди  медициналык  жактан  кароого  медиктердин  жетишсиз  болуп  жатат. Ошондуктан  айылга  врачтык  амбулатория куруу керек.  «Абшыр-Ата» спорт комплексинин түштүк тарабындагы бош турган мечитке деген жерге амбулатория курсак кандай дейсиздер.   Кийинки сөзгө чыккан М.Авазов  кышкы  күндөрү  ФАПтын  алыстык кылаарын,  оорулар  көбөйүп  бизге  врачтык  амбулатория  керектигин  айтып  өттү. А.Матанов  врачтык амбулаторияны  жаны заманбап кылып курууну сунуштады.  Чогулуштун  катышуучулары  дагы  бир  катар  колдошуп  төмөнкүдөй  чечимге  келишти.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап жалпы элдик чогулуш

 

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата» спорттук комплекстин түштүк тарабындагы мечитке деген бош турган 0,17 га жер аянтына  врачтык амбулатория курууга макулдук берилсин.

2.      Ошол жерге    врачтык  амбулатория  куруу  жагы  өкмөткө         сунушталсын.

 

1.             Ж.Паязов

2.             А.Матанов

3.             М.Авазов

4.             А.Абдуллаев    

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин  V чи чакырылышынын  кезексиз 25 чи  сессиясы

Т О К Т О М

Кызыл-Булак айылы

25-4

10.08.2015

 

«Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын айылдык бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө»

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  2015-жылдын 4-кварталынан 3-кварталына жылдыруу  жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган.  Тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2015-жылдын  Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 4-кварталдан  3-кварталга 2000,0 мин сом өлчөмүндө жылдыруулар бекитилсин.

 

2. 2015-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге  ылайык аныкталсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык  төрагасы 

 

А.Ажибаев

 

 

Назад

 

 

Төрөбай Кулатов  атындагы айыл окмотунун  2015-жылдын 4-кварталынан 3 кварталына  киреше жана чыгаша    боюнча  маалымат

 

 

 

 

 

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

 

Элемент (8)

Кирешелердин аталышы

2015-жылдын 4-кварталынан 3 кварталына план

 

 

1

2

 

 

Кирише жана активтер

2000,0

 

11

Салык кирешелери

2000,0

 

 

Роялти

2000,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чыгашалардын жыйынтыгы

2000,0

 

 

Билим беруу

2000,0

 

 

 

 

 

Депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин жоопту катчысы

 

 

 

А.Жээнбаева

 

 

 

 

Т . Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн  бюджеттик комиссиясынын 2015-жылдын 6 айында киреше жана  чыгаша бөлүгү жөнүндө

 

 

ПРОТОКОЛУ

 

Кызыл-Булак айылы                                                                            «_15__»__07__ 2015 ж.

 

1.Катышкандардын саны  5

2.Кун  тартибинде  каралуучу  маселелер:

 

 Т.Кулатов айылдык округунун экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча  комиссиянын  төрагасы Ж.Нарматов  ачты.

 

    Урматуу  отурумдун катышуучулары, Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше  жана чыгаша бөлүгүнү  аткарылышын талкулоо  жана айыл өкмөтүнө  караштуу  айылдардан келген арыз даттанууларбоюнча .

     Бугунку отурумга Н.Мадимаров айыл өкмөтүнүн башчысы,  айыл  кенештин экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана айыл  округунун аппараттын кызматкерлери катышууда:

Т.Кулатов айыл  округунун  туруктуу бюджеттик  комиссиясы 2015-жылдынг 6 айында   акча каражатын  экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча  комиссиянын  көрсөтүлгөн  токтому менен бекитилсин.((Тиркеме тиркелет)

 

Бүгүнкү отурумда  кун тартибиндеги экинчи маселедеги каралуучу жергиликтүү бюджеттен 4 кварталдан  каралган суммадан 3 кварталга жылдыруу жагы  Ноокат райондук  финансы бөлүмүнөн суралсын жана жергиликтүү бюджеттен эконом болгон  статьялардан төмөнкүлөргө акча каражаты каржылансын.

 

  1. Муратов Жумандын кайрылган  арызын эске алып  жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом акча каражаты  бөлүнүп берилсин

 

  1. Бурханов Мамазаирге кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Рысов Эркинге  кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Каримова Айнура    кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Жунусали уулу Баяманга кайрылган  арызын эске алып айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
  2.  Калган  сураныч каттар менен  кайрылган  арыз даттануулар 2015-жылдын  9 айында  кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен каржылансын.  

 

 

                                                                           

 

Урматтуу отурумдун  катышуучулары:

     Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча  комиссиянын  күн тартибинде коюлган маселелер каралып тиешелүү чечимдер кабыл алынып бүтүп  жана отурумдун   өтүшү боюнча кимде кандай ой пикир, сунуштар бар.

Жогоруда айтылган ой-пикир, сунуштарды угуп жана талкуулап  отурумдун жыйыны кезектүү жергиликтүү кеңешинин сессиясына

  

                                  

 

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

 

1.                              Т.Кулатов айыл  округунун  туруктуу бюджеттик  комиссиясы 2015-жылдынг 6 айында түшкөн акча каражатын  экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча  комиссиянын  көрсөткөн токтому менен бекитилсин.

 

2.                              Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов  айыл  өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов  айыл  өкмөтүнүн  финансы жана экономика  бөлүмүнө  тапшырылсын.

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айыл кеңешинин

Экономика,  бюджет жана ишкердүүлүк 

комиссиянын торагасы :                                                                         Ж.Нарматов

 

 

 

мүчөлөрү;                                                                          

                                                                                              М.Мурзаев

 

                                                                                              Б.Топчубаев

 

                                                                                              З.Рахманкулов

                                                                                             

А.Каратаев