М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

  33-2

27.12.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  карата бюджетин жана 2021-2022-ж.ж.  карата бюджетинин долбоорун бекитүүжөнүндө.

2.

№ 33-3

27.12.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто мектебине   "Панфиловчу"   Акматов Каримдин ысымын ыйгаруу жөнүндө. 

3.

№ 33-4.

27.12.2019

Кыргыз Республикасынын бюджети тарабынан 2019-жылдын декабрь айында ажыратылган акча каражатын  бекитүү жөнүндө.

4.

№ 33-1.

27.12.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун    бекитүү жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 33 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

  33-2

27.12.2019

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  карата бюджетин жана 2021-2022-ж.ж.  карата бюджетинин долбоорун бекитүүжөнүндө.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-ж.ж. болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2020-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 28580,0 (жыйырма сегиз млн беш жүз сексен миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.2020-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соцондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

 

3.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2021-жылга жылга 29820,9 (жыйырма тогуз млн сегиз жүз жыйырма миң тогуз жүз) сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6464,6 (алты млн төрт жүз алтымыш төрт миң алты жүз сом)) менен жана 2022-жылга 30247,9 (отуз млн эки жүз кырк жети миң тогуз жүз) сомго (Ремпубликалык бюджеттен алынуучу гранттар 6295,6 (алты млн эки жүз токсон беш миң алты жүз сом)) сом  менен белгиленсин.

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2022-ж.ж. айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.   

 

4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

 

5.Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

 

6.Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикасынын бюджетинин 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.

 

 

7.2020-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.

 

8.Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

 

-Ушул токтомдук 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө,

 

-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө, -киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен, чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

 

9.2019-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

 

10.       Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү С. Миңбаев жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибек тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

11.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов.                   

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 33 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 33-3

27.12.2019

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто мектебине   "Панфиловчу"   Акматов Каримдин ысымын ыйгаруу жөнүндө. 

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто  мектебине "Панфиловчу" Акматов Каримдин ысымын ыйгаруу максатында, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургундарынын жана Борбаш орто мектебинин жамаатынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылындагы Борбаш орто   мектеби "Панфиловчу" Акматов Карим атындагы Борбаш орто мектеби  деп аталышына макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын. 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов.                   

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 33 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 33-4.

27.12.2019

 

Кыргыз Республикасынын бюджети тарабынан 2019-жылдын декабрь айында ажыратылган акча каражатын  бекитүү жөнүндө.

Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын Республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатын бекитүү жөнүндөгү сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамдарына негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Көк-Жар  айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фонду боюнча салыкты жогорку деңгээлде төлөгөн айылдын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында Сарыкаңды айылына таза суу чыгаруу үчүн,  Республикалык бюджеттен 2019-жылдын декабрь айында каржыланган 200 000 (эки  жүз миң) сом акча каражаты 1-тиркемеге негиз бекитилсин.

 

2.Мындан ары да мыйзамга ылайык статьяларга коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Минбаевге  жана ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна тапшырылсын.

 

   

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов.                   

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 33 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 33-1.

27.12.2019

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун    бекитүү жөнүндө.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 22-главасынын; 117-беренесине негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ нүн башчысы   

Тургунбай уулу Айтибектин 2018-жыл ичинде аткарган иштери 1-тиркемеге негиз "канааттандырарлык" деп табылсын. (тиркеме тиркелет)

 

2.Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн 

башчысы С. Минбаевге тапшырылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов.                   

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад