М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 31-1

28.10.2019

2019-жылга карата айыл аймагындагы муниципиалдык имараттардын электр  энергиясынын лимитине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2.

№ 31-2

28.10.2019

Ак-Өтөк толук эмес орто  мектебин көмүр менен камсыз  кылуу жөнүндө

3.

№31-3

28.10.2019

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата  бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 31-1

28.10.2019

 

2019-жылга карата айыл аймагындагы муниципиалдык имараттардын электр  энергиясынын лимитине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн жолдорун жарыктандыруу максатында жол жарыткычтардын саны көбөйүп, "Көк-Жар" гимназия класстары бар инновациялык мектеби, "Каранай" толук эмес орто мектеби, "Алашан" орто мектеби, "Дедек-бүбү" башталгыч мектептери ысык тамак-аш программасына өтүп, тамак-аш жасоочу жогорку кубаттагы электр жабдыктары алынып, М.Мамытов атындагы "Жийде" орто мектебине кошумча мектепке чейинки билим берүү бөлүмү ачылгандыгына байланыштуу электр энергиясын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнунда чыгарылган №208-токтомунда каралган лимиттен ашыкча коротулушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 3-главасынын 17-18- беренелерине негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу жалпы электр энергия пайдалуучу субьектилердин лимитине 140 квт, башкача айтканда 352,8 (үч жүз элик эки миң сегиз жүз) сом акча каражатынын негизинде өзгөртүүлөр киргизилсин.

 

2.         Мындар ары электр энергиясын бекитилген лимиттин чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге, айыл өкмөтүнүн электр кызматкери Б. Жакыповго жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлсүн.

 

3.         Жалпы электр энергия пайдалуучу субьектилердин короткон электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№ 31-2

28.10.2019

 

Ак-Өтөк толук эмес орто  мектебин көмүр менен камсыз  кылуу жөнүндө

    Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын Ак-Өтөк участкасында жайгашкан "Ак-Өтөк" толук эмес орто мектеби 2019-жылы жаңыдан көмүр менен жылытуу системасына өткөндүгүнө байланыштуу көмүр менен камсыз кылуу максатындагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Ак-Өтөк толук эмес орто мектебин БК көмүрү менен камсыз кылуу максатында бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу канааттандырылсын.

 

2.         Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата каралган бюджетине 1-тиркемеге негиз өзгөртүүлөр киргизилсин.

 

3.         Ажыратылган акча каражатына карата тендер өткөрүп, мектепти көмүр менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке, ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке жана сатып алуулар боюнча адис Акботоев Зайнидинге милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

№31-3

28.10.2019

 

Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата  бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

    Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын планын ашыкча аткарылышы жана кем аткарылышы жөнүндө бюджет, соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 21-главасынын 115-беренесинин 4-пунктуна негиз депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын планын ашыкча аткарылышын жана кем аткарылышын эсепке алып 1-тиркемеге негиз киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2.         Мындан ары өзгөртүлгөн планды так аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке  милдеттендирилсин.

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,соода, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад