М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

27-1

13.05.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев агайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

2.

27-2

13.05.2019

Жайыт комитетине тартылуучу    инвестицияга акча каражатын  ажыратып берүү жөнүндө

3.

27-3

13.05.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш  айылынын тургуну Омурзаков Жолдошбайдын  жазган арызы жөнүндө

4.

27-4

13.05.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде  айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн  жазган арызы жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

27-1

13.05.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев агайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө

            Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев агайдын ысымын ыйгаруу максатында, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебинин жамаатынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.

2.         Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев атындагы Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык  мектеби деп аталышына макулдук берилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын. 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

27-2

13.05.2019

Жайыт комитетине тартылуучу    инвестицияга акча каражатын  ажыратып берүү жөнүндө

Жайыт комитетине АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2" долбоорунун алкагында Жийде айылына курулуучу көпүрөнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушун угуп  жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Бюжеттик кодексинин" 4-бөлүмүнүн 5-главасынын                   28-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жайыт комитетине АРИСтин "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2" долбоорунун алкагында Жийде айылынын Абылгазы жайлоосуна өтүүчү Качкынды-Сайына курулуучу көпүрөсүнө өздүк салым катары      220 000 (эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин инвестицилар үчүн каралган акча каражатынын эсебинен ажыратылсын.

2.         Ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

27-3

13.05.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш  айылынын тургуну Омурзаков Жолдошбайдын  жазган арызы жөнүндө

            Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш  айылынын тургуну Омурзаков Жолдошбайдын жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Омурзаков Жолдошбайдын уулу Артыков Айбаттын кызыл өңгөөчүн жана жигарин операция кылуу үчүн турмуш шарты оор болгондуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин резервдик фондунан 10 000(он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.    

2.Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин,бюджет жана  мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

Н.Туманов                    

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

27-4

13.05.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде  айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн  жазган арызы жөнүндө

            Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде  айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн  жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн уулу Абдивахап уулу Нурсултандын жүрөгү ооругандыгына байланыштуу дары дармек алууга материалдык жардам көрсөтүү максатында турмуш шарты оор болгондуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин резервдик фондунан 10 000(он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.    