М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

23-1

23.01.2019

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Мухаммадалинин өз менчигинде турган

 жер аянтчасынын багытын  өзгөртүү жөнүндө

2.

23-2

23.01.2019

2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкерине республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатын бекитип берүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

23-1

23.01.2019

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Мухаммадалинин өз менчигинде турган

 жер аянтчасынын багытын  өзгөртүү жөнүндө

    Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы Эшматов Султан атындагы көчөнүн  тургуну Кийикбаев Мухаммадалинин өз менчигинде турган жер аянтынын багытын өзгөртүү  максатында маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылындагы Эшматов Султан атындагы көчөнүн тургуну Кийикбаев Мухаммадалинин өз менчигинде турган жер аянтчасынын 0,04га жер аянтына Жийде айылындагы Эшматов Султан атындагы көчөнүн тургундарына мечит куруу үчүн макулдук берилсин.

 

 

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

23-2

23.01.2019

 

2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкерине республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатын бекитип берүү жөнүндө

          Көк-Жар айыл өкмөтүнүн экономист-статист адисинин айлык акысы, кеңсе буюмдары, сапардамалык жана байланыш кызматтары үчүн сарпталуучу чыгымдар республикалык бюджеттен каржылангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715-токтомуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин чыгымдары 1-тиркемеге негиз 34 956 (отуз төрт миң тогуз жүз элик алты) сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2.         Учурдагы жылга карата экономист-статист кызматкерине карата республикалык бюджеттен ажыратылган акча каражатынан жыл ичинде үнөмдөлгөн суммасы толугу менен мамлекеттик казынага кайтарылып берилсин.

 

3.         Жогоруда бекитилген акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү максатында иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.

 

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад