М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

21-1

18.12.2018

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга   карата бюджетин жана 2020-2021-ж.ж.карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

2.

21-2

18.12.2018

Көк-Жар айыл аймагынын тургундары Матисаева Замиранын 0,51 га жерин  Абдуллаев Гапардын 0,27 га жерин жана Бөрүбай уулу Бакытбектин 0,11 га жерлеринин багытын өзгөртүү жөнүндө

3.

21-3

18.12.2018

 Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан  шайланган депутат М.Абдракманованын депутаттык мандатын кароо жөнүндө.

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

21-1

18.12.2018

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга   карата бюджетин жана 2020-2021-ж.ж.карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-ж.ж. болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2019-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 26 701,2 (жыйырма алты млн жети жүз бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.         2019-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

 

3.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2020-жылга жылга 27 910,9 (жыйырма жети млн тогуз жүз он миң тогуз жүз) сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6413,8 (алты млн төрт жүз он үч миң сегиз жүз сом)) менен жана 2021-жылга 29 298,2 (жыйырма тогуз млн эки жүз токсон сегиз миң эки жүз) сомго (Ремпубликалык бюджеттен алынуучу гранттар 6429,1 (алты млн төрт жүз жыйырма тогуз миң бир жүз сом)) сом  менен белгиленсин.

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-2021-ж.ж. айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.   

 

4.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

 

5.         Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

 

6.         Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикасынын бюджетинин 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.

 

 

7.         2019-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.

 

8.         Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

 

-Ушул токтомдук 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө,

 

-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө,

 

                 -киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын      

                 эсебинен, чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

 

9.         2018-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

 

10.       Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү С. Миңбаев жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибек тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

11.       Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

21-2

18.12.2018

 

Көк-Жар айыл аймагынын тургундары Матисаева Замиранын 0,51 га жерин  Абдуллаев Гапардын 0,27 га жерин жана Бөрүбай уулу Бакытбектин 0,11 га жерлеринин багытын өзгөртүү жөнүндө

    Көк-Жар айыл аймагынын тургундары Матисаева Замиранын 0,51 га жерин Абдуллаев Гапардын 0,27 га жерин жана, Бөрүбай уулу Бакытбектин 0,11 га жерлеринин  багыт өзгөртүү максатында маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл аймагынын тургундары Матисаева Замиранын 0,51 га жерин Абдуллаев Гапардын 0,27 га жерин жана, Бөрүбай уулу Бакытбектин 0,11 га жерлеринин  багыт өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

21-3

18.12.2018

 

 Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан  шайланган депутат М.Абдракманованын депутаттык мандатын кароо жөнүндө.

Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат М.Абдракманованын жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кештеринин депутаттарынын мандаттары жөнүндөгү мыйзамына ылайык айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Көк-Жар айыл аймагындагы №5414 Борбаш шайлоо участкасынан шайланган депутат М.Абдракманованын өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшыруусуна макулдук берилсин.

 

2.Андан кийинки көп добуш алган талапкерди тактап, ага депутаттык мандат берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын. 

 

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов                    

 

 

Назад