М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

03.02.2017

Кыргыз  Республикасынын    "Тянь Шань Голд"  жоопкерчилиги  чектелген   коомуна  КөкЖар  айыл  өкмөтүнүн   Улуу тоо жеринин Курбан-Булак   аймагынын кен   байлыктарына  геологиялык   чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү  жөнүндө

2.

2

03.02.2017

Көк-Жар айылдык кеңешинин  2017жылга карата иш  планын   бекитүү жөнүндө

3.

3

03.02.2017

Көк-Жар айыл аймагында бодо  малдарын идентификациялоо иштерин жүргүзүүдө тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  кенешинин кезексиз VI чакырылышынын 4 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

1

03.02.2017

 

Кыргыз  Республикасынын    "Тянь Шань Голд"  жоопкерчилиги  чектелген   коомуна  КөкЖар  айыл  өкмөтүнүн   Улуу тоо жеринин Курбан-Булак   аймагынын кен   байлыктарына  геологиялык   чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү  жөнүндө

"Тянь-Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген  коому Жылгын-Сай аймагынан Курбан-Булак участкасында кен байлыктарды изилдоо боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттарынын ой-пикирин жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына негиз  Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

   1.  Жылгын-сай аймагындагы, Курбан-Булак участкасынын чектеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү  максатында, ОСОО "Тянь-Шань Голд" коому жер казынасын пайдалануу укугун  берген АП №5138  от  26  декабрь 2016 жылдагы лицензиясына  макулдук берилсин

 

 

   2. Кыргыз  Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы,  "Тянь-Шань Голд" жоопкерчилиги чектелген коомуна жүктөлсүн..

 

 

    3.  Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү жана салыктарды өндүрүү Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  кенешинин кезексиз VI чакырылышынын 4 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

2

03.02.2017

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин  2017жылга карата иш  планын   бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 2017 жылга карата тузулгон иш планы,  жалпы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен  талкуулап, айылдык кеңеши  Кыргыз республикасынын жергиликтүү кеңештеринин мыйзамдарына негиз

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Көк-Жар айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 2017 жылга карата кабыл алынган иш планы бекитилсин.

 

 

2.   Айылдык кеңештин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планына ылайык иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук

боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

4-2 токтомуна

Тиркеме 26.01.2017    

                                                                   

                                                                Көк-Жар айылдык кеңешинин      

                                                              2017-жылдын 26-январь 2017

                                                               № 4  сессиясында бекитилди

 

        Көк-Жар айылдык кеңешинин  2017-жылга карата  түзгөн

 

                                            ИШ  ПЛАНЫ

 

 

 Аткарылуучу  иштердин  мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

жана аткарат

Ким тарабынан бекитилет

1

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасын шайлоо

Январь

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Маматова жана жергиликтүү кеңештин депутаттары

Айылдык кеңештин сессиясы

2

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо

Январь

Айылдык кеңештин төрагасы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары

Аймактык шайлоо комиссиясы

3

Көк-Жар айылдык кеңешинин регламентин, туруктуу комиссиялардын составын бекитүү

Январь

Айылдык кеңештин төрагасы, жергиликтүү кеңештин депутаттары

Айылдык кеңештин сессиясы

4

Көк-Жар айылдык кеңешинин  2017-жылга карата түзгөн иш планын бекитүү

Январь

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Маматова

Айылдык кеңештин сессиясы

5

Көк-Жар айыл өкмөтү боюнча 2016-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу, айылдык округунун башчысынын  жылдык отчотун угуу.

1-квартал

Айыл  өкмөт башчысы С.Миңбаев

Айылдык кенештин сессиясы

6

Көк-Жар айылдык округунун 2016-жылга карата кабыл алынган  бюджетинин  киреше жана бөлүктөрүнүн  аткарылышы тууралуу ФЭБнүн башчысы  Мукумбаев отчетун угуу.

1-кв

ФЭБ нүн башчысы

А.Мукумбаев

Айылдык кенештин сессиясы

7

Айылдык округунун 2017-жылга карата түзүлгөн  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн проектисин талкылоо жана бекитүү.

1-кв

Апрель

Туруктуу комиссиялар, 

 ФЭБ нүн башчысы

Айылдык кенештин сессиясы

8

Элди сугат суу менен камсыз кылуу боюнча АВП «Абшыр-Таңынын» жетекчиси.

1-кв

Абшыр-Таңы

АВПнын

жетекчиси

Айылдык кеңештин сессиясы

9

Калкты таза суу менен камсыз кылуу «Тешик-Таш» ИСКАКБ нын жетекчиси А.Жаяевдин 2016-жыл ичинде аткарган иштер боюнча жылдык отчетун угуу жана 2017-жылга карата бюджетин бекитүү.

1-кв

«Тешик-Таш»

ИСКАКБ нын

Жетекчиси А.Жаяев. Айыл, суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы

Айылдык  кеңештин сессиясы

10

Элдин бейпилдигин  сактоо, диний экстремизмге  каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарын жакшыртуу, жаштар арасында коомдук  тартипти сактоо, спортту өнүктүрүү максатында айылдарда жаштар арасында спорттук мелдештерди өткөрүүнү уюштуруу, калк арасында  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

Ар дайым

ОПЦ, аксакалдар соту, имамдар, жаштар комитети, аялдар кеңеши, ПОМ участкалык милиция кызматкерлери, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Исаков

Айылдык  кеңештин сессиясы

11

Көк-Жар борбордук базарын иретке келтирүү, аны көзөмөлгө алуу

Ар дайым

Айыл өкмөтү, базарком, туруктуу комиссия О.Исаков

Айылдык  кеңештин сессиясы

12

Көк-Жар аймактык ооруканаларында медицина кызматкерлеринин элдик тейлөөсүн көзөмөлдөө

Ар дайым

Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Исаков, ГСВ-14-15 жетекчиси

Айылдык  кеңештин сессиясы

13

Мектеп жашындагы окуучулар арасында темирдей тартип орнотууга көмөк көрсөтүү

Ар дайым

ПОМдун балдар участкалык инспектору туруктуу  комиссиянын  төрагасы О.Исаков

Айылдык  кеңештин сессиясы

14

Диний  экстремизмге  каршы күрөшүү

Ар дайым

ПОМ кызматкерлери, айыл башчылар, имамдар

Айылдык  кеңештин сессиясы

15

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2017-жылдын  6 ай ичинде аткарган  иштери тууралуу отчетторун угуу

Июль, август

Айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБнүн башчысы

Айылдык  кеңештин сессиясы

16

Көк-Жар айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2017-жылдын  6 ай ичинде  аткарган  иштери тууралуу отчетторун угуу

Июль, август

Т.Пирматов, О.Исаков, З.Жалалов, Н.Абдуллаева

Айылдык  кеңештин сессиясы

17

Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусун  уюштуруу

Июль, август

Депутаттар, айыл башчылар

Айылдык  кеңештин сессиясы

18

Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын  жакшыртуу  үстүндө иштөө жана жергиликтүү бюджеттин  киреше бөлүгүнө,  кошумча булактарды табуу жолдорун  издөө

Ар дайым

Айыл өкмөт башчысы, салык кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары

Айылдык  кеңештин сессиясы

19

Айыл чарба багыты боюнча  же жалпы эле жер маселелери  тууралуу отчету

3-квартал

Айыл өкмөтүнүн жер адистери

Айылдык  кеңештин сессиясы

20

2017-2018-жаны окуу жылына карата билим берүү тармактарынын даярдыгы

Июль, август

Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Исаков

Айылдык  кеңештин сессиясы

21

Айыл аймагы боюнча  бардык айылдарда ички жана тышкы сугат арыктарын  тазалоону уюштуруу жана жалпы эле калктын, мекеме-ишканалардын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөтү, айыл башчылар, мекеме-ишканалардын жетекчилери

Айылдык  кеңештин сессиясы

22

2017-жылга карата кабыл алынган  пландагы жумуштардын аткарылышы жана аларды жыйынтыктап баа берүү

4-квартал

Айылдык кеңештин төрагасы

Айылдык  кеңештин сессиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:                             Н.Туманов

 

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык  кенешинин кезексиз VI чакырылышынын 4 сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

3

03.02.2017

 

Көк-Жар айыл аймагында бодо  малдарын идентификациялоо иштерин жүргүзүүдө тарифтерди бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагында бодо      малдарын идентификациялоо   иштерин жүргүзүүдө тарифтерин   бекитип берүү  жөнүндөгу  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башкы ветеринардак  адиси К. Сатаровдун 2016-жылдын 30-январындагы сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, Кыргыз Республикасынын  2013-жылдын  6-июнундагы "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү"  мыйзамына  негиз  Көк-Жар  айылдык кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Көк-Жар айыл аймагында бодо  малдарын идентификациялоо   иштерин жүргүзүүдө тарифтерин   бекитип берүү  жөнүндөгу  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башкы ветеринардак  адиси К. Сатаровдун 2016-жылдын 30-январындагы сунуш каты колдоп кубатталсын.

 

2. Бодо малдарды идентификациялоо боюнча Көк-Жар айыл өкмөтү пилоттук проектисине  киргендигине байланыштуу,  бодо малдарга  номер коюуу учурунда,  төмөнкү  тарифтердин  бекитилишине макулдук берилсин:

          -Кара  малдын эки кулагына басылуучу бирканын баасы  -37,76 сом

          -Ветеринардык адистин кызмат акысы прейскурантка негиз алынсын.

 

3.Депутаттардын макулдугу менен бекитилген тарифине ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл аймагынын  бардык ветеринардык адистерине милдеттендирилсин.

 

4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык   төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад