М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

28-1

25.06.2015

Кыргыз Республикасынын «Зет-Эксплорер» жабык акционердик коомуна, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жылгын-Сай аймагынын  кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү жөнүндө

2.

28-2

25.06.2015

Көк-Жар айылында жайгашкан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

3.

28-3

25.06.2015

Көк-Жар айыл аймагынын  М. Мамытов атындагы “ Жийде “ орто мектебинде  мектепке чейинки билим берүү багытындагы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн коммуналдык тейлөөнү камсыз кылуу жөнүндө

4.

28-4

25.06.2015

Көк-Жар айыл аймагына караштуу Көк-Жар  айылындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы иштеп жаткан 3-4-тайпаны жана тейлеп жаткан кызматкерлердин эмгек акысын республикалык каржылоого өткөрүү жөнүндө

5.

28-5

25.06.2015

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Каңды айылындагы,Дедек-Бүбү участкасындагы намазкананы мечит кылып, өзгөртүү жөнүндөгү айыл тургундарынын сураныч катын карап берүү тууралуу.

6.

28-6

25.06.2015

Борбаш айылындагы  жайгашкан эски чайкананы,балдар бакчасына берүү тууралуу

7.

28-7

25.06.2015

«Тешик-Таш» ИСКАКБнын 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн бекитүү жана жетекчиси А.Жаяевдин 2014-жыл ичинде элди таза суу менен камсыз кылууда аткараган иштери тууралуу отчетун угуу

8.

29-1

21.10.2015

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жана ФЭБнүн башчыларынын 2015-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу отчетторун угуу

9.

29-2

21.10.2015

Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасын бүтүрүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндө

10.

29-3

21.10.2015

Кызматтык унаа сатып алууга акча каражатын ажыратуу тууралуу

11.

29-4

21.10.2015

Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алууга жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасына   акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-1

25.06.2015

 

Кыргыз Республикасынын «Зет-Эксплорер» жабык акционердик коомуна, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жылгын-Сай аймагынын  кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү жөнүндө

«Зет- эксплорер» жабык акционердик коому Жылгын-Сай аймагынан Курбан-Булак участкасында геологиялык чалгындоо максатында бургулоо иштерин жүргүзүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттарынын ой-пикирин жана сунуштарын угуп жана талкуулап,Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жылгын-Сай аймагындагы, Курбан-Булак участкасынын чектеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, «Зет-эксплорер» жабык акционердик коому жер казынасын пайдалануу укугун берген АП-236 лицензиясына макулдук берилсин.

 

2.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы, «Зет- эксплорер» жабык акционердик коомуна жүктөлсүн.

 

3. Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү жана салыктарды өндүрүү Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-2

25.06.2015

 

Көк-Жар айылында жайгашкан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагында 2015-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен социалдык-маданий обьектилерди оңдоо жана аларды калыбына келтирүү боюнча пландаштырылган иш-чараларын колдоо максатында,Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айылында жайгашкан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн  Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантына даярдалган жалпы суммасы 2 932 887 (эки миллион тогуз жүз отуз эки миң сегиз жүз сексен жети)сом болгон сметалык долбоордун 10 пайыздык өздүк салымын төлөө үчүн айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча кирешелеринин эсебинен, 293 300 (эки жүз токсон үч миң үч жүз) сом акча каражаты  ажыратылып берилсин.

 

2. Жогорудагы каралган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-3

25.06.2015

 

Көк-Жар айыл аймагынын  М. Мамытов атындагы “ Жийде “ орто мектебинде  мектепке чейинки билим берүү багытындагы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн коммуналдык тейлөөнү камсыз кылуу жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагындагы М.Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинде ГПЦО- 100 мектепке чейинки билим берүүнү колдоо долбоору тарабынан мектепке чейинки билим берүү багытында иш-аракеттер жүргүзүлө тургандыгы жөнүндөгү маселени карап чыгып,Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.ГПЦО-100 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачуу долбоору тарабынан уюштурулуучу М.Мамытов атындагы”Жийде” орто мектебинде мектепке чейинки билим берүү иш-аракеттеринин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен беш жылдан кем эмес мөөнөткө чейин коммуналдык тейлөөсүн колдоп берүү жагы колдоого алынсын.

 

2.М.Мамытов атындагы “Жийде”орто мектебинде ГПЦО-100 мектепке чейинки билим берүү мекемелерин уюштуруу долбоору тарабынан мектепке чейинки билим берүү багыты ачылып жаткандыгы жана ал иш-чаранын коммуналдык тейлөөсүн камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттен каралып жаткандыгы тууралуу иш-чаралар Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.

 

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинен суралсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-4

25.06.2015

 

Көк-Жар айыл аймагына караштуу Көк-Жар  айылындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы иштеп жаткан 3-4-тайпаны жана тейлеп жаткан кызматкерлердин эмгек акысын республикалык каржылоого өткөрүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы 3-4-тайпаны жана анда эмгенктенген кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча Көк-Жар айылынын тургундарынын 2015-жылдын 3-февралындагы №2-протоколундагы суроо талаптарын карап чыгып,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ата-энелер чогулушунун 2015-жылдын 3-февралындагы №2-протоколундагы     талаптары канаттандырылсын.

 

2.    Көк-Жар айылындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча кирешелеринин эсебинен   2015-жылга  тамак ашына 105600 сом, электр  энергиясына 16 317 сом, көмүр сатып алуу үчүн 22000 сом, трансформатор сатып алууга 50000 сом жалпысы болуп 193917 сом акча каражаты бөлүнгөндүгү эске алынсын.

 

3. «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы иштеп жаткан 3-4- тайпасындагы жана анда эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик каржылоого өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

4. Мамлекеттик каржылоого өткөрүү жөнүндөгү маселени, тийиштүү жогорку органдарга кайрылып, чечип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-5

25.06.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Каңды айылындагы,Дедек-Бүбү участкасындагы намазкананы мечит кылып, өзгөртүү жөнүндөгү айыл тургундарынын сураныч катын карап берүү тууралуу.

Көк-Жар айыл аймагына караштуу Дедек-Бүбү участкасындагы жайланышкан намазкананы,мечит кылуу жөнүндөгү элдин сураныч каты боюнча,айылдык кеңештин депутаттарынын ой-пикир,сунуштарын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Дедек-Бүбү участкасы, Сары-Каңды айылындагы мечиттерден 5-6 км алыстыкта жайланышкандыгына байланыштуу,Дедек-Бүбү участкасындагы мурда намазкана үчүн  ажыратылып берилген 0,20 га жер участкасына мечит куруу үчүн мыйзам чегинде иш кагаздарын бүткөрүүгө  макулдук берилсин.

2.        

3.         Мечит куруу үчүн мурда ажыратылып берилген 0,20га жер участкасына токтом чыгарып берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

4.         Ажыратылган жердин тиешелүү юридикалык иш кагаздарын, мыйзам чегинде бүткөрүү жагы,Дедек-Бүбү участкасынын имамы И.Хайдаровго тапшырылсын.

 

5.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-6

25.06.2015

 

Борбаш айылындагы  жайгашкан эски чайкананы,балдар бакчасына берүү тууралуу

Көк-Жар айыл аймагына караштуу,Борбаш айылындагы «Сүйкүм» балдар бакчасында,бүгүнкү күндө 75 орундуу балдар бакчасында,93 бала тарбияланып жатат деген Борбаш айылынын тургундарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Борбаш айылынын жашоочуларынын билдирүүсү колдоого алынсын.

 

2. Борбаш айылында мектепке чейинки балдардын саны көбөйүп,балдар бакчасында орун аз болуп жаткандыгына байланыштуу,Борбаш айылында жайгашкан .эски чайкананын имаратын,оңдоп.ремонттоп,балдар бакчасына берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Токомду аткарууда,анын мыйзамдуу жагын кароо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,айылдык кеңештин  мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

7

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

28-7

25.06.2015

 

«Тешик-Таш» ИСКАКБнын 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүктөрүн бекитүү жана жетекчиси А.Жаяевдин 2014-жыл ичинде элди таза суу менен камсыз кылууда аткараган иштери тууралуу отчетун угуу

Көк-Жар айыл аймагындагы «Тешик-Таш» ИСКАКБнын аткаруучу директору А.Жаяевдин,2014-жыл ичинде элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарган иштери тууралуу отчетун жана 2015-жылга карата түзгөн  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун  угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         «Тешик-Таш» ИСКАКБнын аткаруучу директору А.Жаяевдин элди таза суу менен камсыз кылууда, 2014-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.         «Тешик-Таш» ИСКАКБнын башкаруу органынын төрагасы болуп Абдилазизов Мухтар бекитилсин.

3.         «Тешик-Таш» ИСКАКБнын  2015-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн суммасы 1 282 182 (бир млн.эки жүз сексен эки миң бир жүз сексен эки)сом болуп  бекитилсин,ошондой эле таза сууга болгон тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

4.         Кабыл алынган бюджетти туура жана максаттуу пайдалануу жагы  «Тешик-Таш» ИСКАКБнын аткаруучу директору А.Жаяевге жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин.

5.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл жана суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

                                                                                                                                                                                                                                    

                                                                                                           «Бекитемин»

                                                                                         «Тешик-Таш» ИКАКБынын

                                                                                           аткаруучу  директору

                                                                                                                           А.Жаяев.

 

 

Калькуляция.

Ноокат райондук Көк-Жар айыл округунун калкына жана ишканаларына берилүүчү ичүүчү таза суунун өздүк наркын эсептөө боюнча 2015-жыл үчүн расчету.

 

Чыгым түрлөрү

Өлчөө бирдиги

Сумма

Эскертүү

 

Берилүүчү суунун көлөмү

М³

133318

 

 

 

 

 

 

1

Эмгек акыга

сом

304800

 

2

Соц.фонд 17,25%

сом

52578

 

3

Материалдык чыгымдар

сом

105550

 

4

Комуналдык чыгымдар

сом

10800

 

5

Амортизац.чыгымдар 0,5%

сом

92282

 

6

Транспорт чыгымдары

сом

102200

 

7

Командировка чыгымдары

сом

12000

 

8

Текущ.ремонт

сом

184564

 

9

Ререрв.фондко

сом

92282

 

10

Башка чгымдарга

сом

30500

 

11

Сатуудан алынуучу салык3%

сом

29626

 

12

5%тик кайтаруу төлөмдөр

сом

265000

 

 

Жалпысы

сом

1282182

 

 

 

(Бир миллион эки жүз сексен эки миң бир жүз сексен эки сом)

 

 

1282182сом:133318м³= 9,62сомх0,5% рент.=0,48 т.

9,62 сом+0,48 тыйын =10,10 сом.

 

 

Калькуляция түзгөн «Тешик-Таш» ИСКАКБынын бухгалтери

 

                                                                                                 М. Тажибаев.

“Тешик-таш” ИСКАКБынын 2015 жылга ичүүчү таза сууга болгон тарифтик өлчөмү.

Мазмуну

Сумма

1.

Көчөдөн суу ичкендерге

20 сом 1 жанга

2.

Коросуунан суу ичкендерге

200 сом кожолукка

3.

Коросуна суу түтүгүн улаатуга

500 сом

 

 

 

 

 

 

8

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

29-1

21.10.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жана ФЭБнүн башчыларынын 2015-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу отчетторун угуу

        Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын 2015-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы тууралуу отчетторун угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Жар айыл аймагы боюнча, 2015-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Козуевдин аткараган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 6 ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы тууралуу ФЭБнүн башчысы А.Салиевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

Көк-Жар айыл  аймагында 2015-жылдын   6 айында  аткарылган  иштер жөнүндө отчет.

                     Көк-Жар айыл аймагынын    социалдык-экономикалык абалын көтөрүү, инфраструктурасын жакшыртуу багыттарында 2015-жылдын 6 айында  айыл  өкмөтү жана  мекеме-ишканалар тарабынан  бир топ иштер аткарылган.

          - Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше болугунун 2015-жылдын  6  айы үчүн бекитилген планы  9145,9 мин  сом болгон болсо,андан такталган планы 9325,9 мин сом болуп бекилген. Жарым жыл ичинде аткарылганы 11654,8  мин сомду түзүп,бекитилген пландан  2470,4мин сомго ашыкча б.а. 124,9,0 пайызга аткарылган.  Алар негизинен төмөнкүлөр:

 

 

Салыктын түрү

Такталган планы

аткарылганы

    %

1

Киреше салыгы

1605,3

1644,7

102,5

2

Бирдиктүү салык

23,3

166,7

715,5

3

Милдетүү патент

35,0

79,4

226,9

4

Ыктыярдуу патент

784,3

793,3

101,1

5

Кыймылсыз мүлк салык

105,7

105,7

100,0

6

Автотранспорт салыгы

638,7

922,7

144,5

7

Тамарка салыгы

285,8

511,1

178,8

8

Айыл чарбалык

407,7

706,6

173,3

9

Айыл чарба баг. эмес

222,2

260,9

117,4

10

Сатуудан түшкөн салык

1080,5

1303,4

120,6

11

 роялти

156,9

267,9

170,7

12

Лицензия кармаганы учун

382,5

849,3

222,0

13

Калктуу пункт салыгы

7,2

19,5

270,8

14

жайыт

31,2

0,0

0,0

15

КБФ

210,2

287,2

136,6

16

Гос.пошлина

40,0

49,6

124,0

17

Администр. айып

6,0

70,7

1178,3

18

Аренда помешен

40,0

67,0

167,5

19

Таштанды салыгы

282,0

369,3

369,3

20

Жер сатуудан

0,0

38,5

 

 

Жергиликтууу бюджет.

 

 

 

22

Тендештируучу грант

2456,4

2456,4

100,0

21

Атайын каражаттар

525,0

684,9

130,5

 

Жалпысы:

9325,9

11654,8

 

 

 

.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Айылдардын инфраструктурасын көтөрүү жана инвестиция тартуу боюнча аткарылган иштер:

 

                                                     Билим берүү тармагы:

 

        Айыл айыл аймагыбызда жалпысы болуп 8 мектеп, алардын ичинен 5 орто, 2 толук эмес орто, 1 башталгыч мектеп бар.Бул мектептердеги окуучулардын саны 3445, мугалимдердин саны 265.   Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелери: 6 айылда  6 балдар бакчасы иштеп, 330 балага 12 тарбиячы  мектепке чейинки тарбия берип келе жатат.  Мектептердин материалдык базаларын чыңдоо, алардын комуналдык кызмат акылары  үчүн жергиликтүү бюджеттен ушул жылдын 6 ай ичинде таза сууга 40,9 миң  сом, электр энергиясына 744,9 миң сом, түрдүү чыгымдарына жана кезектеги  ремонтторуна 105,0 миң  сом сарпталган.    Ал эми балдар бакчаларына ысык тамак үчүн бюджеттик каражаттар эсебинен 224,3 миң сом,атайын каражаттар эсебинен 665,3 мин сом, майда ремонтторуна 52 миң сом,таза сууга 20,0 миң сом жана электр энергиясына 40,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүп берилди.    

           Мектептердин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жана демөөрчүлөр тарабынан айыл аймагындагы мектептерге жалпысы болуп  215 миң сомдон ашуун жардам көрсөтүлгөн.М: Борбаш орто мектебинин алдына  20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен 63 миң сомго  сырткы тосмосу курулуп, М.Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинде 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан мектептин футбол аянтчасы чоңойтулуп  берилди. Калган мектептердин да 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан   ар кандай зарыл жумуштары бүткөрүлгөн. Мындан сырткары мектептердин ремонт иштерине , зарыл болгон эмеректерин алууга  демөөрчү атуулдар тарабынан да бир топ жардамдар көрсөтүлгөн. Атап айтсак  Жогорудагы Бекмурзаев Абдрахман агабыз  Каранай  айылындагы сопртзалдын ремонтуна 100миң сом, Алашан орто мектебине 15миң сом, Борбаш орто мектебине 30 миң сом демөөрчүлүк кылган. 

      Былтыркы жылы     М.Мамытов атындагы Жийде орто мектеби ПРООН менен иштешип, 362 миң 333 сомдук ашканасына эмеректер алып келинип, 1-4-класстардын окуучуларына ысык тамак уюштурулган болчу, быйылкы жылы ушул проект менен дагы иш улантылып, айыл өкмөтү тарабынан ажыратылып берилген 2 га жер аянтына  көмөкчү чарба түзүү  боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Мындан сырткары бул мектепте мектепке чейинки билим берүү класстарын ачуу боюнча да атайын долбоор даярдалып жөнөтүлгөн.

     Дедек-Бүбү толук эмес орто мектебине жергиликтүү бюджеттен 1 даана компьютер алып берилип, биологиялык участкасы темир тосмо менен тосуп берилди. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 64 миң сом ажыратылды.

Балдар бакчаларда:

      “Сүйкүм” балдар бакчасында ата-энелердин жардамы менен бир топ иштер аткарылган. М: Балдар уктоочу бөлмөлөрдү жылытуу максатында полуна фальга төшөлүп, ОИЗБИ кагылган. Ал үчүн ата-энелер 26миң сом, ашканага линелиум алуу үчүн 5280сом, ремонтуна 12миң сом,балдардын төшөнчөлөрүн актоо үчүн 18 миң сом,формасына 11700 сом ж.б. буюмдарды сатып алып беришкен.

      Ак-Шоола балдар бакчасынын алды жагына 118мквадрат аянты бетондолуп оңдолду. Ата-энелер 20 миң сом жардам көрсөтүштү.

       Жийде-Бурак балдар бакчасында беседка куруу үчүн ата-энелерден 35миң сом жардам болгон.Экинчи жарым жылдыкта да мына ушундай иштерди улантуу максатыбыз бар.

 

                                                           Саламаттыкты сактоо тармагы:

 

         Саламаттыкты сактоо тармагында 1 оорукана,2 /БДТ жана 4 ФАП иш жүргүзүп,аларда 6 врач, 24 орто медициналык персонал 26 кенже медициналык кызматкерлер эмгектенишип келүүдө./БДТ-14-15 тарабынан өткөн 6 ай ичинде бир нече оорулардын алдын алуу максатында эмдөөлөр жүргүзүлгөн.М: айыл аймагыбыздагы бардык мектеп, балдар бакчаларынын балдары медициналык кароодон өтүп, 3460 бала  кызамык оорусуна каршы  эмдөөдөн өткөрүлгөн.Бүгүнкү күндө атайын каттоодо турган төмөнкүдөй диспансердик оорулар бар:Гипертония оорусу-365адам,бронхиалдык астма-12 адам, кант диабети-65 адам,бруцеллез-6 адам, ревматизм-10 адам, кургак учук-18 адам ж.б. оорулар каттоодо турушат. Бул оорулууларга дайым көзөмөл жүргүзүлөт. Акыркы кургак учук менен ооругандардын саны быйылкы жылдын 6 айында 6 адамга көбөйгөн.  Былтыр жергиликтүү бюджеттен 140миң сом ажыратып, поликлиникага кире бериш жерине кабыл алуу бөлмөсүн уюштуруп бергенбиз.

      Быйылкы жылы бул тармакты өнүктүрүү багытында Сарыкаңды айылындагы ФАПтын курулуш иштерин атасак болот. Бул иштер июль-август айларында бүткөрүлөт.Мындан сырткары жогоруда айтылгандай 100 койкалуу оорукананын имараты Республикалык бюджетке кирген. Буюрса быйылкы жылы иштер башталат деген ойдомун.

                                                              

                                                        Социалдык обьектилердин куруу:

 

          Көк-Жар айылындагы Улуу-Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигинин  күн батыш тарабына темир тосмо орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 133 миң сом, ал эми эстеликтин кире беришине брусчатка жаткыруу үчүн 254 миң сом акча каражаты жумшалды.

           Көк-Жар айылындагы Маданият үйүнүн  күнгөй тарабына жеке ишкер М. Эрматова тарабынан кичи футбол аянтчасы курулуп иш киргизилди. Бул обьектин иш-аракети жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, алардын ар кандай терс көрүнүштөрдөн арылуусуна өбөлгө түзөт деген ойдобуз.Мындан сырткары айыл өкмөтүнүн балансында турган былтыркы жылы курулган спорт аянтчасынын кичи футбол аянтчасына жаздын алды менен ашар жолу аркылуу чым чабылып бастырылды. Жалпысы  Хундай маркасындагы автомашинада 120 рейстен ашуун чым чабылып ташылды. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери 4 күн жардам беришти. Ар айылдан келип кол кабыш кылган атуулдарга ыраазычылык билдиремин. Бул иштер үчүн жергиликтүү бюджеттен  33 миң сом акча каражаты жумшалды.

           Сарыкаңды айылындагы АРИС тарабынан каржыланып жаткан жалпы суммасы 2млн. 76 миң сом  болгон ФАПтын имаратынын курулуш иштери  ушул жылдын июнь айларында башталып, бүгүнкү күндө бул жумуштардын  50%дан көбү бүткөрүлүп калды. Буюрса мына ушул жылдын август-сентябрь айларында  ФАПтын имараты толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

           Алашан айылындагы спорт аянтчасынын айланасын тосуп,ремонттоо иштери жүргүзүлүп былтыр калып кеткен спорт аянтчасынын түндүк тарабына темир тосмо курулду. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 80 миң сом акча каражаты бөлүп берилди.

          Көк-Жар айылындагы  былтыркы жылы сатып алган “Росинбанктын” имаратын балдар бакчасына ылайыкташтырып куруу боюнча Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантына проект жазылып, ал проект комиссияда жактырылды. Буюрса экинчи жарым жылдыктын авугст-сентябрь айларында бул иштерди бүткөрүү планыбызда бар.

           “Маданият” орто мектебинин имаратын жаңылоо, Көк-Жар айылына 100 койкалуу оорукана куруу   иштери боюнча Республикалык бюджетке кирген,   буюрса бул иштер да быйылкы жылы башталат деген ойдомун.

       

                                                           Инфраструктураны жакшыртуу  иштери:

 

         Айылдардагы жаңы конуштардын жашоочуларын электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында өткөн жарым жыл ичинде бир топ иштер аткарылды. Атап айтканда Көк-Жар айылынын күн батыш тарабындагы жаңы конуштун жашоочуларына айыл өкмөтү тарабынан 1 даана КТП,  12 даана ЖБ электр столбалары жана жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылып берилди. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 520 миң сом акча каражаты ажыратылып берилди. Борбаш айылынын жашоочусу Боркошов Алмазбектин демөөрчүлүгү менен 1 даана 100 кВт КТП  жана 20 даана ЖБ столбалар алып келинди. Жакын арада  бул линия тартылып, дагы бир конуштун электр энергиясы менен камсыз болуусу жакшырат. Ушул эле айылдагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан  мазардын тосмосун оңдоо үчүн 40 миң сом, мектептин тосмосун оңдоо үчүн 63 миң сом, айылга 20 даана түнкү жарыткычтарды орнотуу үчүн 41миң 500 сом  акча каражаты бөлүнүп.аталган иштерди толугу менен бүткөрүшкөн. Каранай айылында  Бекмурзаев Абдрахмандын демөөрчүлүгү менен бир нече көчөлөргө 173 рейс  ХОА  маркасындагы автомашинада шагыл төгүлүп, анын жалпы суммасы 520 миң сомду түздү. Мындан сырткары ушул эле айылдын Ынтымак көчөсүнө 4 даана ЖБ столбалар коюлуп,линиясы тартылды. Бул үчүн демөөрчү тарабынан 75 миң сом акча каражатын бөлүп берилди Ушул эле демөөрчүнүн жардамы менен Жийде айылына жана Ак-Өтөк бөлүмүнүн көчөлөрүнө 40 рейс шагыл төгүп берилди.  Сарыкаңды айылындагы көчөлөргө Маматов Нурбектин демөөрчүлүгү менен 100 рейс шагыл төгүлдү. Алашан айылында Акматов Абдилаким өз каражатынын эсебинен  13 рейс,  Исмаилов Шаирбек  3 рейс ХОА маркасындагы автомашина менен көчөлөргө шагыл төгүштү.Мындан сырткары 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан Алашан мечитинин тосмосу оңдолуп, мазарга ажааткана куруп беришип, 50 миң сомдук жумуш аткарышкан.

            Көк-Жар айылында  өкмөттүн имаратына кире бериш жерине арка орнотулуп,  жергиликтүү бюджеттен 160 миң сом сарпталды.   Чоң жолдон эс алуу паркына карай узундугу 115 метр болгон аллея курулуп, пайдаланууга берилди. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 805 миң сом акча каражаты жумшалды. Мындан сырткары эс алуу паркынын тосмосу жаңыланып, эс алуу паркына 1 даана беседка, айыл өкмөтүнүн кире бериш жерине 4 даана отургучтар жана 4 даана  урна орнотулду.

 

                    Жашылдандыруу  жана көрктөндүрүү  жана жазгы талаа иштери:

 

      Жаз айлары башталары менен жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери  колго алынып,  бир топ жумуштар аткарылды. Бул боюнча үстүбүздөгү жылдын айыл өкмөтүнүн

6-мартындагы № 16 буйругу чыгып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланып, ага карата калктуу конуштардын, мекеме-ишканалардын, социалдык обьектилердин алдына ар түрдүү декаративдик жана мөмөлүү дарактар отургузулду. Райондук токой чарбасы менен болгон келишимдин негизинде  120 даана туя, 30 даана можевельник, 230 даана акация, 8 даана сосна көчөттөрү алып келинип, алдын ала пландаштырылган участкаларга отургузулду. Бул көчөттөр үчүн жергиликтүү бюджеттен 25 миң сом акча каражаты бөлүп берилди. Жалпысы болуп айыл аймагы боюнча  32860 даана көчөт отургузулуп, жалпы баасы 2млн.628миң   сомду түздү.  Анын ичинен  мөмөлүү дарактар 15200  даана, тал-теректер 12500 даана, арча көчөт 170 даана,  дарактардын башка түрлөрү 15000 даана отургузулду. Ал эми ички сугат арыктарын тазалоо, иретке келтирүү боюнча элдин күчү менен 31 км узундукта арык, каналдар тазаланды. Көрктөндүрүү боюнча курулган жана оңдолгон тосмолордун узундугу 1,5 км  түздү.  Көк-Жар айылындагы борбордук базардан жана айылдардан чыгарылган таштандылардын массасы 93 тоннаны түздү.

        Көк-Жар айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин айланасын тазалап,иретке келтирилди.  Айыл өкмөтүнүн алдындагы жаңы курулган аллеянын бир жагына газон себилип, 33 даана можевельниктин көчөттөрү отургузулуп,бир жак бетине ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү эгилди.

 

                                                 Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча:

 

     Айыл аймагындагы таза суу линиясынын жалпы узундугу 74 км түзөт. Бүгүнкү күндө «Тешик-Таш» ИСКАКБда 5  кызматкер эмгектенип келе жатышат: 1 аткаруучу директор,1 сантехник, 2 кароол жана 1 бухгалтер.  Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл өкмөт тарабынан «Тешик-Таш» ИСКАКБна 52 миң сом акча каражаты которуп берилип, төмөнкүдөй жумуштар аткарылган.

 

     Борбаш айылындагы  борбордук линияда 3 жерден порыв жамалып, резервуардын ылдый жагынан 2 пробка тазаланды.  Өтөш тараптан 6 жерден воздушный пробка тазаланып, суунун Шилвиге кеткен тарабы оңдолду.

     Сарыкаңды айылындагы К.Ташматов көчөсүндө 2 жерден пробка тазаланып оңдолду.

    

     Көк-Жар айылндагы ооруканага кеткен көчөдө 2 жерден пробкасы тазаланып, 10 жерден порыв жамалып ремонттолду. Кызыл-Кыя чоң жолунун боюнда 3 жерден порыв жамалды.

   

       Жийде айылындагы  кормоцех бөлүмүнө кеткен линияда 3 жерден порыв жамалып, полиэтилен трубасына алмаштырылды. Алибаев көчөсүндө 2 жерден пробка тазаланды. М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин жаңы ажаатканасы тарапка жаңыдан линия тартылып,       ага 5 миң сом акча каражаты жумшалды. Мындан сырткары бул айылдагы резервуар толугу менен тазаланып жуулду. СЭС аркылуу резервуардагы суу  хлордонуп, акт аркылуу пайдаланууга берилди. Бул жумуштарга 12 миң сом акча каражаты жумшалды.

      Алашан айылындагы «Алашан келечеги» балдар бакчасына таза суу линиясы тартылып, балдар бакчасы таза суу менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 13 миң сом акча каражаты ажыратылып, бул иштер толугу менен бүткөрүлдү.Жалпысы болуп  2015-жылдын 6 айында «Тешик-Таш» ИСКАКБ аркылуу 166миң 735 сомдук жумуштар аткарылган.

     Мындан сырткары  Каранай айылынын «Ынтымак» көчөсүндө таза суу такыр чыкпай калган болчу. Мына ушул көчөгө быйылкы жылы толугу менен  суу чыгардык. Жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом сарпталды.

              Былтыркы жылы «Борбордук Азия суу боюнча альянс» коомдук бирикмеси менен иш алып барып, Борбаштагы резервуарды тазалап,сбросун оңдоп, резервуардын айланасын тоскон болчубуз. Жалпысы 415 миң сомдук жумуштар аткарылган. Быйылкы жылы ушул эле ишкана менен дагы 1млн. 600 миң сомдук проект даярдап, бул проект боюнча  тендер өткөрүлүп, жеңүүчүсү аныкталды. Натыйжада жалпы суммасы 1млн.   430 миң сом болгон «Cтройкомпания Имарат» тендерди утуп алды. Каранай жана Жийде айылдарында бул проект боюнча иштер башталып, жалпы узундугу 1500 метр болгон таза суу линиясын жаңылайт Бул проектин элдик салымы 530миң сом болуп, ал сумманы жергиликтүү бюджеттен ажыратып бердик. Буюрса июль айында бул иштер да аягына чыгып, Каранай жана Жийде айылдарында элди таза суу менен камсыз кылуу иштери жакшырат деген ойдомун.

      Жогоруда айтылгандай элибизди таза суу менен камсыз кылуу багытында бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат, бирок таза суу системасынын эскилиги жетип, суу түтүктөрү чирип калгандыктан система толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк болбой жатат.  Буюрса таза суу системасын утур жаңылап оңдоо иштерин улантуу максатында дагы да чет элдик инвесторлор менен тыгыз байланышта иштөө планыбызда бар.

 

Иш кагаздарынын аткарылышы жана жарандык абалдын актыларын каттоо иштери

 

       2015-жылдын 1-январына карата айыл аймагыбыздын калкынын саны  19622 адамга жетип, былтыр 19325 адам болсо, ага салыштырмалуу 297 адамга көбөйгөн.  Ал эми  кожолуктун саны быйыл 3326, ал эми былтыр 3296 болгон, б.а. 30 кожолукка көбөйгөн. Жарандык абалдын актылары боюнча 6 ай  ичинде төрөлгөн наристелердин саны 257   жетип,былтыркы жылга салыштырмалуу 47 наристеге аз төрөлгөн. Атайын мамлекеттик каттоодон өткөн никеге турган жаш үй-бүлөлөрдүн саны 91, былтыркы  жылга салыштырмалуу 25 үй-бүлөгө  аз, ал эми өлгөндөрдүн саны 39 адам,былтыркыга салыштырмалуу   10 адамга аз катталган.  Бирок жалпысынан алып караганда туулгандардын, ааламдан өткөндөрдүн жана айыл өкмөтүнүн каттоосунан чыккандардын  жана каттоого алынгандардын эсебин алганда калкыбыздын саны жылдан жылга өсүп жаткандыгын байкоого болот.

          Айыл аймагыбызга 2015-жылдын биринчи жарым жылында жогору турган органдардан 237 кат, 70 буйрук, 46 токтомдор келип түшкөн. Алар тиешелүү адистер менен иштелип чыгып,  убагында  аткарылып келе жатат. Мындан сырткары айыл аймагы  боюнча ар кандай мазмундагы жазуу жүзүндө 33 арыз түшүп, алар тиешелүү адистер тарабынан чечилип, жооптору берилди. Айыл өкмөт тарабынан кабыл алынган токтомдордун саны 46, буйруктардын саны 70, башка жактарга айыл өкмөтү тарбынан 252 кат жөнөтүлгөн. Айыл өкмөтү тарабынан 4113 адамга ар түрдүү маанидеги маалым каттар берилген. Быйылкы жылы Кыргыз республикасында “Улуттук экономиканы көтөрүү жылы” Облусубузда “экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы” жана районубузда “ Өнөр жай өндүрүшүн күчөтүү жылы” деп жарыялангандыктан бул багыттарда да иш-чаралар түзүлүп, тиешелүү иш-аракеттер алып барылды.

 

                                     Социалдык жактан камсыздоо  иштери боюнча:

 

             2015-жылдын өткөн 6 ай ичинде жергиликтүү бюджеттен материалдык колдоо көрсөткүлө деп кайрылган жарандарга мүмкүн болушунча колдоо көрсөттүк. Өткөн жарым жыл ичинде жардамга муктаж атуулдарга жергиликтүү бюджеттен жалпысы болуп 53 миң сом материалдык колдоо көрсөтүлдү. 6 жылдан бери «Балдардын эмгегин тамекиден четтетүү» долбоору же болбосо азыркы күндө ал «Балдардын укугун коргоо альянсы» деп аталып калган уюм менен биргеликте иш жүргүзүлүп, 102 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар бирине 25 000 сомдон, бардыгы болуп 2млн 550 миң сом жылдык төлөмү 18% тен кредит алып бердик, Бул да болсо элибизге  убагында жер айдоого, жер азыктарын алып алууга мүмкүнчүлүк жаратат.Ушул долбоор тарабынан жыл сайын 12-июнь күнү балдардын эмгегин оор жумуштарынан четтетүү күнү деп жарыяланып, быйыл да мектеп окуучуларынын ортосунда   спорттун футбол,кол күрөш, волейбол жана шахмат түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, кыздардын арасында жандуу үн сынагы болуп өттү. Жеңүүчүлөргө түрдүү белектер тапшырылды. Айыл аймагыбыздагы 348 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пул  чегерилди. Айыл аймагыбызда 2 тоголок жетим, 167 жарым жетим 18 жашка чейики балдар катталган. Мындан сырткары 13 ДЦП жаштайынан майыптар бар. Быйылкы жылы 2 тоголок жетим балдарга ар бирине 2000 сомдон 4000 сом материалдык жардам берилди . Кургак учук менен ооругандарга 3 атуулга Жети Өгүз санаториясына барып даарыланып келүүсү үчүн ар бирине 3 миң сомдон, жалпысы 9 миң сом жардам көрсөтүлдү. 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата айыл аймагыбыздагы балдар бакчаларынын ар бирине 1000 сомдон, үч мектептин, Борбаш,Жийде жана Маданият орто мектептеринин окуучуларына 1000 сомдон 3миң сом сыйлык берилди. 

 

 

 

 

Маданий массалык иштер жана майрамдар

 

       Баарыңыздарга маалым бир жылдын ичинде бир топ майрамдарды тосуп алууга туура келет. Ошол майрамдарды татыктуу тосуп алуу максатында жыл башында жергиликтүү бюджеттен атайын акча каражатын ажыратканбыз.  Быйылкы жылы  8-март аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу түрдө майрамдалып, майрамга карата маданият үйүнүн чоң залында энелерибизге,эже-карындаштарга,жеңелерибизге арналган атайын чоң прграммадагы концерт тартууланды.   Бул күнү аялдардын арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага жергиликтүү бюджеттен 6000сом акча каражаты бөлүп берилди. Майрамга жергиликтүү бюджеттен 31миң сом акча каражаты бөлүп берилди.

        21-март Нооруз майрамын өткөрүүгө жана элибиздин башын бириктирип, ынтымакчылыкка, достукка чакырган бул майрамды тосуп алуу үчүн  айыл өкмөтүнүн алдындагы аянтка боз үй тигилип, ар түрдүү улуттук тама-аш даярдалып, ыр бийлер уюштурулду. Булл майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Зулпукааров, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Айтиев Бекболот Баратович ж.б. расмиң адамдар катышышты. Булл боз үйдүн жасалгалоо жана улуттук тамак-аш даярдоо боюнча өткөрүлгөн кароо-сынакта 2 орунду камсыз кылдык. Мындан сырткары ушул күнү маданият үйүнүн чоң залында 1961-жылы туулган атуулдар тарабынан даярдалган ыр-кесе майрамы тартууланды.  Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамын татыктуу тосуп алууга  өзгөчө көңүл бурулуп,   эстеликтин айланасы иретке келтирилип,  анын күн батыш тарабы темир тосмо менен тосулуп, кире бериш жерине брусчатка жатыкрылып, желектер орнотулуп,майрамга карата  зор даярдыктар көрүлдү. Булл күнү Ооган согушунун жана Баткен когалаңынын катышуучуларын арналган согуштук техникалардан эстеликтин ачылыш аземи болуп, ага Республикабыздын түрдүү бурчтарынан жогорку даражадагы меймандар келип катышты.  Бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы конгуроо”    майрамы  бардык мектептерди уюштурулуп, алдынкы мугалимдерге жана окуучуларга   айыл өкмөтүнүн грамоталары тапшырылды . Бул майрамды өткөрүүнүн алдынан НРМАнын атайын буйругунун негизинде айылдык округдун буйругу чыгып, бүтүрүүчүлөрдүн кечелерин өткөрүү, кымбат-баалуу белек-бечектерди берүүнүн кыскартуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлдү.  .

                                 

                                           Айыл чарба багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер:

 

               Айыл  аймагында жалпы жер аянты 16107 га,анын ичинен 3524 га айдоо жери ,  анын ичинен сугат айдоо 1655 га,кайрак айдоо 1869 га, мындан сырткары көп жылдык бак 125 га ны түзөт. Айдоо аянтынын 2615га жерине дан эгиндери, анын ичинен 710га жерге жүгөрү, калган 1905 га жер аянтына кылкандуу дан эгиндери эгилди. Анын ичинен 190га жер аянтына арпа, жаздык буудай 615 га, күздүк буудай 1100га жер аянтына эгилди. Дан эгиндеринен сырткары 200 га картошка,165 га жашылча, 40 га май өсүмдүгү,   384 га көп жылдык чөп өсүмдүктөрү эгилген.Былтыркы жылы жаратылыш климатынын бир топ катаал болгондугуна байланыштуу дан эгиндеринен ойдогудай түшүм ала алган эмеспиз. Буюрса быйылкы жылы  жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу дан эгиндеринин өсүмү былтыркыга салыштырмалуу бир топ жакшы,демек былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ көп түшүм жыйнап алууну пландаштырып жатабыз.   Быйылкы жылы күйүүч  дыйкандарыбызга мамлекет тарабынан жеңилдетилген кредиттер берилди. М:  РСК банк аркылуу мал чарбачылыгы үчүн 7 адамга 3млн.760 миң сом,   айыл банк аркылуу 7 адамга 2 млн. 680 миң сом мал чарбысы үчүн кредиттер берилип,жалпысы биздин айыл аймактан 14 адамга 6 млн. 440 миң сомдук жеңилдетилген насыялар берилген.

Айыл  аймагындагы жалпы КБФнын жерлери 619 га ны түзүп, анын ичинен суулуу айдоо 158 га, кайрак айдоо 435 га, көп жылдык бак 26 га түзөт. Алардын бардыгы ижара келишиминин негизинде   ижарага берилип, пайдаланылбай калган жер аянты жок. Айыл аймагында 3 айыл чарба кооперативдери иш жүргүзөт.Каңды техникалык, Жийде багбанчылык  жана Көк-Жар айыл чарба үрөөнчүлүк кооперативдери.Бирок булардын ичинен бир гана Көк-Жар айыл чарба үрөөнчүлүк кооперативи гана иш-аракет жүргүзөт. Ал эми калган экөөсү кагаз жүзүндө гана эсепте жүрөт. Жаңыдан ири айыл чарба кооперативдерин түзүү бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатат.  

 

 

                                          Мал чарбачылыгы жана ветеринардык кызмат

 

2015-жылдын 1-январына карата айыл  аймагында 4538 баш кара мал, 580 баш жылкы,9071 баш майда жандык жана 8157 баш үй канатттулары катталган.Былтыркы жылга салыштырмалуу кара мал 60 башка, майда жандык 1483 башка  көбөйгөн.Ал эми жылкы 12 башка көбөйгөн. Көк-Жар айыл аймагында бүгүнкү күндө 3 ветеринардык сервис (Алашан,Көк-Жар жана Борбаш вет. Сервистери ) элге кызмат көрсөтүп келе жатат.Алар тарабынан 2015-жыл өткөн 6 айында   Шарп оорусуна 3100 баш,  карасанга 1850 баш бодо малдар эмделип, 921 баш кара малдан бруцееллезге серологиялык кан алуу жүргүзүлүп, 3856 баш бодо малды мите курттарга каршы дарылоо жүргүзүлгөн.    Майда жандыктардан чечекке 1840 баш, Рев-1ге козу-улактар 2875 баш, пастореллезге 3840 баш жана ички гельментке 6745 баш,котурга 7840 баш кой-эчкилер эмделип, 368 баш кой-эчкиден бруцеллезге каршы серологиялык кан алуу жүргүзүлгөн.Ит-мышыктардан кутурмага каршы 863 баш, эхинококтун алдын алуу боюнча цестодго каршы 863 эмделип,   жыл башынан 535 баш жолбун иттер атылып жок кылынды. Жолбун иттерди атуу иштери мындан ары кеч күз мезгилдеринде да   улантылат.Жогоруда айтылгандай малыбыздын саны жылдан жылга өсүп бара жатат, бирок малдын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү керек деп эсептеймин.  Малдардын асылдуулгун жогорулатуу максатында айыл аймагында 2 жасалма уруктандыруучу пунктар ачылган. Анын бирөөсү 2013- жылы ачылып, жалпы суммасы 76900 сомдук жасалма уруктандыруунун аспаптарын алып келгенбиз.   Бүгүнкү күнгө чейин бул пункт аркылуу  55  баш кара мал жасалма жол менен уруктандырылып,  27 баш музоо алынды.  Жылдын аягына чейин дагы калган уруктандырылган малдар төлдөшү күтүлүүдө.

 

Өнөр жай тармагы

 

      Баарыңыздарга белгилүү болгондой 2015-жыл мамлекетибизде “Улуттук эканомиканы көтөрүү жылы”,ал эми облусубузда “Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы”,ал эми районубузда “Өнөр жай өндүрүшүн күчөтүү жылы” деп жарыяланган. Мына ошонун негизинде Көк-Жар айыл аймагында да бир топ иштер аткарылды. Азыркы күндө районубуздан тынымсыз билдирүүлөр келип жатат,анда чет өлкөлөргө экспортко чыгаруучу продукциялардын көлөмүн аныктап,алардын тизмесин берүү тууралуу. Бул маселе тууралуу айыл башчылар аркылуу айылдарга кабарлар жеткирилген. 2015-жылдын  биринчи жарым жылдыгында  айыл аймагындагы бардык айылдарды кошкондо ПДН тармагында иш жүргүзгөндөрдөн 134 жеке ишкер катталып, алардын  22си өнөр жай тармагындагы ишкерлер, 2 сү тегирмендер,калгандары соода – сатык  дүкөндөрү барлар, базар ж.б. жайларда чекене соода менен иш жүргүзгөн ишкерлер жана элди ар кандай кызматтар менен тейлеген  ишканалар  саналат. Бул тармактан 2014-жылдын жарым жылында жергиликтүү бюджетке 837 миң сом түшкөн болсо, быйылкы жылдын өткөн жарым жыл ичинде  бюджетибизге 1млн.39 миң сом киреше түшкөн. Б.а. 202миң сомго ашыкча түшкөн.   ПДН дин калган түрлөрү боюнча ишкана,соода-сатык дүкөндөрүнүн саны былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ өскөн. М: өнөр жай ишканаларынын саны былтыр 18 болсо,быйылкы жылы 22ке, соода түйүндөрүнүн саны былтыр 89 болсо,быйылкы жылы 101 ге жетти. Бул да болсо өнөр жай тармагыбыздын өсүп-өнүгүп жаткандыгын билдирет.Бирок ошондой болсо да айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды, чоң зовод-фабрикаларды куруу бул келечекте айыл аймагыбыздын экономикасын көтөрүүдө эң негизги факторлордун бири деп эсептейбиз.     

        Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында башкача айтканда 6 ай ичинде 7 млн 713 миң сомдук ички жана тышкы инвестициялар тартылды, ал эми 2014 – жылдын 6 ай ичинде 3 млн 333 миң сомдук инвестиция тартылган. Өзүңүздөргө маалым болгондой бүгүнкү күндө изденүү менен гана иш алып баруу зарыл. Бул дегенибиз азыркы учурда көп тармактар боюнча проекттер бар. Биз ошол донорлорду пайдаланып, башкача айтканда чет элдик инвесторлорду тартып, айылыбыздын инфраструктурасын жогорулатсак болот. Аны үчүн биз ивесторлор тынымсыз байланышып иш алып барышыбыз керек.

 

 

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы:                                 Н.Козуев.

 

   

 

 

9

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

29-2

21.10.2015

 

Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасын бүтүрүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасынын абалы боюнча бакчанын жетекчиси Ниязова Жыпардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Жар айылынын борборунда жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасынын абалы боюнча билдирүүсү  колдоого алынсын.

2.   Көк-Жар айылында жайгашкан балдар бакчасынын отканасын бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча кирешелеринин эсебинен,66 170 (алтымыш алты миң бир жүз жетимиш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

3.  Акча каражаты менен мыйзамга ылайык  камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

10

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

29-3

21.10.2015

 

Кызматтык унаа сатып алууга акча каражатын ажыратуу тууралуу

         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасынын жараксыз  болуп,  калгандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,жогоруда айтылган сунуштарды эске алып депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасынын эскилиги жеткендиги боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу жактырылып колдоого алынсын.

2.         Кызматтык унаа сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешелеринин эсебинен 700 000 (жети жүз миң) сомго чейин акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3.         Акча каражаты менен мыйзамга ылайык камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын.

4.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика

жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

11

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

29-4

21.10.2015

 

Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алууга жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасына   акча каражатын ажыратуу жөнүндө

        Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алуу жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасы  боюнча  жетекчилердин  билдирүүлөрүн  угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Жар айылынын борборунда жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алуу  жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасы боюнча жетекчилердин билдирүүлөрү  колдоого алынсын.

2.   Көк-Жар айылында жайгашкан балдар бакчасына эмерек алуу жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасы үчүн   айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  электр энергиясынан үнөмдөлгөн акчасынын  эсебинен, 120000 (жүз жыйырма миң) сомго чейин  акча каражаты ажыратылып берилсин.

3.  Акча каражаты  менен мыйзамга ылайык камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасы 

 

Н.Туманов

 

 

Назад