Дата публикации 03.04.2015

 

М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

19-1

28.11.14

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин киреше бөлүгүн  көтөрүү жөнүндө

2.

19-2

28.11.14

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигиндеги жерлерин ижарага берүү тууралуу

3.

19-3

28.11.14

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата айылдык кеңешинин 2014-жылдын 15-февралындагы №12-1-токтомунун негизинде бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

4.

19-4

28.11.14

 

Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын кароо жөнүндө

5.

20-1

01.12.14

 

Депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин  төрагасын шайлоо жана анын орун басарын  дайындоо жөнүндө

6.

21-1

10.02.15

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата айылдык кеңешинин 2014-жылдын 15-февралындагы №12-1-токтомунун негизинде бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

7.

22-1

10.02.15

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу геология жана минерал-

 дык ресурстар боюнча агенттигинин  2015-жылдын 12-январындагы гео-

 логиялык чалгындоо иштери үчүн №3851 ТР лицензиялуу«Кыргыз цемент»  жоопкерчилиги чектелген коомдук  ишканасынын кайрылуусу жөнүндөгү  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн сунушун кароо  туралуу

8.

22-2

10.02.15

 

Жийде айылындагы Сасык-Бука сайына таш майдалоочу жана аки таш

 чыгаруучу кичи ишкана ачуу жөнүндө

9.

22-3

10.02.15

 

Көчөлөргө ат коюу тууралуу

10.

22-4

10.02.15

 

«Каранай» толук эмес орто мектебине ат коюу жөнүндө

11.

22-5

10.02.15

 

Сарыкаңды айылындагы эски чайкананын  максаттык багытын өзгөртүү тууралуу

12.

22-6

10.02.15

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигиндеги жерлерди пайдаланууга  берүү жөнүндө.

13.

22-7

10.02.15

 

«Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасынын билдирүүсү тууралуу

14.

22-8

10.02.15

 

Көк-Жар айылында жайгашкан эски клубдун  имаратын бузуу жөнүндө

15.

22-9

10.02.15

 

Борбаш айылынын жашоочуларынын билдирүүсү тууралуу

16.

23-1

21.02.15

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жы ичинде аткарылган иштери боюнча

 айыл өкмөт башчысынын жана  ФЭБнүн башчысынын отчетторун  угуу тууралуу

17.

23-2

21.02.15

 

Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, «Абшыр-Таңы» СПАнын жана «Тешик-Таш»  ИСКААКБлардын 2014-жыл ичинде аткарган  иштери бонча отчетторун угуу жөнүндө

18.

24-1

24.02.15

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин жана 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

19.

24-2

24.02.15

 

2015-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө

20.

24-3

24.02.15

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планын жана 2015-жыл Кыргыз Республикасында «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп  жарыялангандыктан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн мына ушул багытта иш-чараларын бектүү жөнүндө

21

24-4

24.02.15

 

Кок-Жар айыл окмотунун жергиликтуу  бюджетиндеги 2015-жылдын 1-январына   карата эсептик счетундагы 2014- жылдан калган калдыкты болуштуруп беруу жонундо

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы токтом 21, тиркемелери 0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

19-1

28.11.2014

 

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин киреше бөлүгүн көтөрүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 10-ноябрындагы №369-катын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында,Көк-Жар айыл аймагындагы тиешелүү жерлерден «Нефть изилдөөчү»Чжуннен» жана «Z-Explorer» жабык акционердик коому, нефть изилдөө иштерин жана Улуу-Тоо участкасында бурголоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. ОсОО «Нефть изилдөөчү «Чжуннен» жана «Z-Explorer» жабык акционердик коомунун изилдөө жана бурголоо иштеринен түшкөн кирешелерди жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөп турууга,көзөмөл жүргүзүп туруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айылуу чарба,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Г.Абдуллаев

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

19-2

28.11.2014

 

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык

 менчигиндеги жерлерин ижарага берүү тууралуу.

Айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл аймагы боюнча жаштарды спортко тартуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында,айыл өкмөтүнүн

муниципалдык менчигиндеги спорт аянтчасынын түштүк- батыш тарабындагы жеринен спорт аянтчасын өз эсебинен куруу үчүн, конкурстук негизде көп жылдык мөөнөт менен келишимге негиз тиешелүү жер аянтын убактылуу пайдалануу менен ижарага берүүгө жана айыл өкмөтүнүн ген.планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ижарага жер берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо жагыйыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго,жер комиссиясынын мүчөлөрүнө,айыл өкмөтүнө жана жер адистерине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Г.Абдуллаев

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

19-3

28.11.2014

 

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата айылдык кеңешинин 2014-жылдын 15-февралындагы №12-1-токтомунун негизинде бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Айылдык кеңештин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап,айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.       . Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу К.Жээнтаевдин билдирүүсүнө негиз 2014-жылга карата кабыл алынган бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй:

 -70111- бөлүкчөнүн 22153100 статьясынан 33 600 (отуз үч миң алты жүз) сомун, 70111- бөлүкчөсүнүн 22111100 статьясына,аппарат кызматкерлеринин окуу курстарына барып,окуп келүү үчүн сапардамалык чыгымдарына:

                      -702-бөлүкчөнүн 22154900 статьясынан 50 000 (элүү миң) сомун,70111-бөлүкчөсүнүн 22154900 статьясына биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине:

 - 702-бөлүкчөнүн 22181100 статьясынан 40 000 (кырк миң) сомун,70823-бөлүкчөнүн 22154900 статьясына 2015-жаңы жылдык кечелерди уюштуруу иштерине:

 - 702-бөлүкчөнүн 22181100 статьясынан 10 000 (он миң) сомун,710-бөлүкчөнүн 27211500 статьясына айыл тургундарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн:

 - 70921-бөлүкчөнүн 22121100 статьясынан 30 000 (отуз миң) сомун,70111-бөлүкчөнүн 22154900 статьясына жыл жыйынтыгын тактоонун негизинде,ишканалардын алдыңкы кызматкерлерин акчалай сыйлык менен сыйлоо үчүн жылдырууга макулдук берилсин.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 1 548 000 (бир млн. беш жүз кырк сегиз миң) сом акчаны Росинбанк-Көк-Жар банктын имаратын сатып алууга жана максатуу пайдаланууга макулдук берилсин.

3. Акча каражатын мыйзам чегинде жылдырып иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшылсын

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Г.Абдуллаев

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

19-4

28.11.2014

 

 Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы №667-б буйругунун негизинде,Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылдын 25-ноябрындагы №377-катын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.       . Көк-Жар айыл аймагындагы калктын биометрикалык маалыматтарын өз убагында каттоону уюшкандыкта жүргүзүү максатында,Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен 75 000 (жетимиш беш миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.       Акча менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Жээнтаевге жүктөлсүн.

 

3.       Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикаюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Г.Абдуллаев

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

20-1

01.12.2014

 

 Депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жана анын орун басарын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештер жөнүндөгү мыйзамына ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 2014-жылдын 01-декабрындагы жашыруун добуш берүүсүнүн жана эсептөө комиссиясынын 2014-жылдын 01-декабрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколунун негизинде айылдык кеңештин депутаты Туманов Нурланбек Жаңыбаевич депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп дайындалсын.

2. Айылдык кеңештин төрагасынын сунушу жана депутаттардын колдоосунун негизинде Амиракулова Марзия Абдуллаевна депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп кайра шайлансын.

.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

И.Калбаев

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

21-1

29.12.2014

 

 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата айылдык кеңешинин 2014-жылдын 15-февралындагы №12-1-токтомунун негизинде бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Айылдык кеңештин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап,айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

.

1. Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика .бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 26-декабрындагы №17-1-токому жактырылып,колдоого алынсын.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдагы иштетилбей калган суммалардын эсебинен 548 000 (беш жүз кырк сегиз миң)сом акча каражаты Көк-Жар Росинбанктын имаратын балдар бакчасы кылып сатып алуу үчүн жылдырууларга макулдук берилсин.

3. Каралган акчаны максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Г.Абдуллаев

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-1

10.02.2015

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минерал- дык ресурстар боюнча агенттигинин 2015-жылдын 12-январындагы гео- логиялык чалгындоо иштери үчүн №3851 ТР лицензиялуу«Кыргыз цемент»  жоопкерчилиги чектелген коомдук ишканасынын кайрылуусу жөнүндөгү Көк-Жар айыл өкмөтүнүн сунушун кароо туралуу.

«Кыргыз цемент» жоопкерчилиги чектелген коом, Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасында лицензияда көрсөтүлгөн координаттар боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн макулдук берүү жана ушул участкага жакын жайгашкан жер аянтынан цемент иштеп чыгаруучу завод куруу үчүн 30,0 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнө кайрылган.Мына ушул маселелерди карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.«Кыргыз цемент» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Көк-Жар айыл аймагынын Улуу-Тоо участкасында лицензияда көрсөтүлгөн координаттар боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана ушул участкага жакын жайгашкан кайрак жер аянтынан, цемент иштеп чыгаруучу завод куруу үчүн көп жылдык мөөнөт менен 30га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

 2. Ижарага жер берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо жагы айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовгоер комиссиясынын мүчөлөрүнө,айыл өкмөтүнө жана жер адистерине жүктөлсүн.

 

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 



 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-2

10.02.2015

 

Жийде айылындагы Сасык-Бука  сайына таш майдалоочу жана аки таш  чыгаруучу кичи ишкана ачуу жөнүндө

Айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы 515-токтомуна негиз, Көк-Жар айыл аймагында кичи ишканалардын санын көбөйтүү,айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында, Жийде айылына караштуу Сасык-Бука сайынын жайытка тиешелүү болгон 1263-1268-контурундагы 1га жерине таш майдалоочу жана аки таш чыгаруучу кичи ишкана ачууга макулдук берилсин.

 2. Жер берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароо жагы айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовгоер комиссиясынын мүчөлөрүнө,айыл өкмөтүнө жана жер адистерине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-3

10.02.2015

 

 Көчөлөргө ат коюу тууралуу

Борбаш айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү,Борбаш айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 15-январындагы өткөргөн элдик жыйынынын №1-протоколун угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Борбаш айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 15-январындагы элдик жыйындын №1-протоколу колдоого алынсын.

2. Борбаш айылындагы Аким Алиев жана Ташев Маман атындагы көчөлөрдүн аралыгындагы аты жок өчөгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Раимжан Абдраимовдун ысымын коюуга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго тьапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-4

10.02.2015

 

 «Каранай» толук эмес орто мектебине ат  коюу жөнүндө

Каранай айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 14-январындагы элдик жыйынынын №1-протоколун жана «Каранай» толук эмес орто мектебинин эмгек жамаатынын чогулушунун 2015-жылдын 29-январындагы протоколдорун угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каранай айылынын жашоочуларынын жана «Каранай» толук эмес орто мектебинин эмгек жамаатынын чогулуштарынын протоколдору колдоого алынсын.

2. «Каранай» толук эмес орто мектебине, персоналдык пенсиядагы ардагер Абдыганы Маматовдун ысымын коюуга макулдук берилсин.

3. Каралган маселе боюнча иш-кагаздарды мыйзам чегинде бүткөрүү жагы «Каранай» толук эмес орто мектебинин жетекчилигине тапшырылсын.

4. Ушул токтомду карап берүү жагы Ноокат райондук элге билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго жүктөлсүн.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-5

10.02.2015

 

 Сарыкаңды айылындагы эски чайкананын максаттык багытын өзгөртүү тууралуу

Сарыкаңды айылындагы «Ак шоола» балдар бакчасынын башчысы М.Мамырованын «Ак шоола» балдар бакчасынын 2009-жылдан бери балдар бакчасы кылып иштетип келе жатканы,бирок бүгүнкү күнгө чейин анын кызыл китеби чайкананын атында тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            . Сарыкаңды айылында жайгашкан эски чайкананын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2.            Анын багытын өзгөртүүдө,мыйзам чегинде карапш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана Ноокат райондук архитектура жана мамкаттоо башкармалыктарынан суралсын.

 

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго жүктөлсүн.

 

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-6

10.02.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди пайдаланууга  берүү жөнүндө

Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл чарбасы,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.        Көк-Жар айыл аймагынын,Жийде айылындагы Ош-Кызыл-Кыя чоң жолунун боюндагы Сасык-Бука сайынын көпүрөөсүнүн айланасындагы бош турган жерлерди аукцион жолу менен мыйзам чегинде пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

 

2.         Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлеринен,ГСВ-14-15 оорууканасынын жанынан түнкү даарыкана жана УЗИ аппаратын иштетүүгө,аукцион жолу менен ижарага жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3.         Жер ажыратып берүүдө анын мыйзамдуу жагын кароойыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясына,айыл өкмөтүнө жана башка жер боюнча тиешелүү адистерге тапшырылсын.

 

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-7

10.02.2015

 

 «Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык  ишканасынын билдирүүсү тууралуу

Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясындагы, «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовдун берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2015-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 610 000 (алты жүз он миң ) сом болуп бекитилсин жана таштанды таштоонун жана экскватордун калькуляциялары тиркемеде көрсөтүлгөндөй тарифте макулдук берилсин.

 

2. «Көк-Жар азалык» муниципалдык ишканасына айылдардан чыккан таштандыларды таштоо үчүн Дедек-Бүбү участкасынан тиешелүү жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн имаратынын алдындагы аянтчаны акы төлөөчү унаалар токтоочу жайга уруксат берүүгө макулдук берилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышында мыйзам чегинде иш алып баруу жагы «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовго милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовго жүктөлсүн.

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-8

10.02.2015

 

Көк-Жар айылында жайгашкан эски клубдун имаратын бузуу жөнүндө

Айылдык кеңештин сессиясында айтылган,айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу жактырылып,колдоого алынсын.

2. Көк-Жар айылындагы борбордук базарды кеңейтүү максатындаазардын жанында жайгашкан,эскилиги жетип,бүгүнкү күндө талапка жооп бербей,пайдаланылбай жаткан клубдун имаратын,мыйзам чегинде бузууга макулдук берилсин.

3. Эски клубдун имаратын бузупорбордук базарды кеңейтүүдө,анын мыйзамдуу жагын карап,иш алып баруу жагы,айыл өкмөтүнө жана айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго жана башка тиешелүү адистерге милдеттендирилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасыерге жайгаштыруу жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиялардын төрагалары М.Абдилазизовго жана О.Исаковдорго тапшырылсын.

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

22-9

10.02.2015

 

Борбаш айылынын жашоочуларынын   билдирүүсү тууралуу

Көк-Жар айылдыкеңешинин сессиясындагы,Борбаш айылынын депутаты К.Турабыевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жерди кайра бөлүштүрүү фондусунун Борбаш айлында жайгашкан суулуудагы таштак жерин пайдаланууга кыйын болгондуктан,жер кыртышын жакшыртуу максатында,ижарачыларга мыйзам чегинде,көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Айыл өкмөтүнүн КБФнун Борбаш айылындагы таштак жерди көп жылдык ижарага берүүдө,мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы,айыл өкмөтүнө,жер адистерине жана айыл аймагында түзүлгөн жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абдилазизовго тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

23-1

21.02.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жыл  ичинде аткарылган иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын жана  ФЭБнүн башчысынын отчетторун  угуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2014-жылда аткарылган иштер тууралуу,айыл өкмөт башчысы Н.Э.Козуевдин жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевдин отчетторун угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынана 2014-жылда аткарылган иштери тууралуу айыл өкмөт башчысы Н.Э.Козуевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевдин отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

23-2

21.02.2015

 

 Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, «Абшыр-Таңы» СПАнын жана «Тешик-Таш»  ИСКААКБлардын 2014-жыл ичинде аткарган иштери бонча отчетторун угуу жөнүндө

Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А.Карабаевдин,Абшыр таңы СПАнын директору Э.Жороевдин жана Тешик-Таш ИСКААКБнын башчысы А.Жаяевдердин 2014-жылга карата аткарган иштеринин жыйынтыктарын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

.

  1. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси А.Карабаевдин 2014-жылда аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
  2.  Абшыр-Таңы СПАнын директору Э.Жороевдин 2014-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
  3. Тешик-Таш ИСКААКБнын башчысы А.Жаяевдин 2014-жылда аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

24-1

24.02.2015

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата     бюджетин жана 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга Республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27- статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

.

  1. 2015-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 19591,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
  2. 2015-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

- Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондго чегерүү,тамак- аш жана коммуналдык кызматтарга) карожылануусу белгиленсин.

 3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

 -Кирешенин болжолу 2016-жылга 20313,8 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5281,3 миң сом менен) жана 2017-жылга 20676,6 миң сомго(республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4736,1миң сом менен) белгиленсин.

 - Көк-Жар айылөкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

 4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

 - Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары,мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

 5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык булл каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттке алынып коюлары эскертилсин.

 6. 2015-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.

 7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер булл айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдө киргизүүгө:

-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:

- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

 8. 2014-жылга айылдыкбюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

 9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыль өкмөтүнүн жана ФЭБнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 10. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 19508,3 миң сомго,чыгаша бөлүгү 19508,3 миң сомго жана кирешенин чыгашадан 2712,9 миң сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы №4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

 11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

24-2

24.02.2015

 

2015-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө

Кыргыз Ркүеспубликасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнүн негизинде депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.             Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылга карата жер ( айыл чарба багытындагы эмес,жер салыгы) жана мүлк (1,2,3-топтогу) салыгына салыктарды алуу төмөнкү коэфициенттер менен киргизилсин.

 - Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгына 1,2 жана мүлк салыгына 1,0 коэфициент:

 - Таштанды төлөмү ар бир түтүнгө 75 сомдон болуп белгиленсин.

 - Айыл өкмөттүн аймагындагы иштеп жаткан ишканаларда иштеген ар бир адам үчүн бир жылда бир жолу төлөнүүчү таштанды төлөмү киргизилсин жана анын өлчөмү ар бир адам үчүн 100 (бир жүз) сом болуп белгиленсин.

 2. Тамарка салыгына 1278 кожолукка жеңилдик берилсин (пенсионерлер,көп балалуу,ВОВ катышуучулары,ДРА,Баткен,ЧАЭС,майыптар).

 3. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу,айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевге милдеттендирилсин.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет,соода,ишкердүүлүк боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

24-3

24.02.20152

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата тратегиялык планын жана 2015-жыл Кыргыз Республикасында «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп жарыялангандыктан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн мына ушул багытта иш-чараларын бектүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планын жана 2015-жыл Кыргыз Республикасында «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп жарыялангандыктан,Көк-Жар айыл өкмөтүнүн мына ушул багыттагы иш-чараларын угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карта стратегиялык планы бекитилсин.

 

  1. 2015-жыл Кыргыз Республикасында «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп жарыялангандыктан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ушул багытта түзүлгөн иш-чаралары бекитилсин.

 

  1. Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад

 

 

 

 

 

 

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

Т О К Т О М

Көк-Жар айылы

24-4

24.02.2015

 

Кок-Жар айыл окмотунун жергиликтуу бюджетиндеги 2015-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы 2014- жылдан калган калдыкты болуштуруп беруу жонундо

Кок-Жар айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук боюнча туруктуу комисиясынын 2015- жылдын 2 –февралындагы № 18 чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кок-Жар айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кок-Жар айыл окмотунун жергиликтуу бюджетиндеги 2015-жылдын 1-январына карата 2014-жылдан калган 1 565 482 (бир миллион беш жуз алтымыш беш мин торт жуз сексен эки) сом калдыкты ,мыйзам чегинде максаттуу пайдаланып ,айылокмотунун буткорулуучу иштерине берген билдируусуно негиз акча каражатын жумшоого макулдук берилсин.

 

  1. 2014-жылдан калган калдык суммадан :

- электр энергиясынан болгон карызга -158390 (бир жуз элуу сегиз мин уч жуз токсон) сом ;

- эскиден калган комурдон болгон карызга -72100 (жетимиш эки мин бирж уз ) сом;

- биометрикалык маалыматтарды чогутууда ноябрь ,декабрь,январь айларында дем

 алыш кундору иштеген адистердин эмгек акысы учун – 40 000 (кырк мин ) сом;

- келишимге негиз айыл окмотунун компьютерлерин ондоо учун 2014- жылдын

 ноябрь, декабрь айларына калган эмгек акысы учун -10000 (он мин) сом;

- 2014- жылы Кок-Жар айылындагы жеке ишкер Э.Сраждиновон мектеп ,балдар

 бакчаларына алынган товарлар жана Борбаш айылынна алынган электр

 чубалгыларынан болгон карыздарга – 100000 (бир жуз мин) сом ;

- айылдык кенештин 2014-жылда чыккан сессиясынын чечимдерин веб сайтка

 жарыялоого жана аларды областык юстициядан каттоодон откоруу учун -10000 (он мин) сом.

- ОБСЕ тарабынан колдоого алынган «Коопсуз айыл» программасы б.аидеонаблдения сатып алууга жана орнотууга 56550(элуу алты мин беш жуз элуу) сом ;

- Кок-Жар айылындагы эс алуу паркына кируучу жерге 114 Х 6 метр узундуктагы аллея куруу учун сметага негиз - 975000 (тогуз жуз жетимиш беш мин) сом ;

-сапардамалык чыгымдар учун -21760(жыйырма бир мин жети жуз алтымыш ) сом;

- 2015-жылга айыл окмотунун аппарат кызматкерлерине канцелярдык товар сатып алуу учун -75000(жетимиш беш мин) сом ;

- Б.Матаипов ат. Алашан орто мектебинин терезелерине айнек сатып алуу учун-

32 682 (отуз эки мин алты жуз сексен эки ом ,жалпысы болуп 1 565 482 (бир миллион беш жуз алтымыш беш мин торт жуз сексен эки) сомду иштетууго уруксат берилсин .

  1. Каралган акча каражатын мыйзамдуу турдо статьяларга коюп иш алып баруу

жагы айыл окмотунун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Салиевке милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын козомолдоо депутаттардын Кок-Жар айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук боюнча туруктуу

комиссиясына жуктолсун .

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

Н.Туманов

 

 

Назад