М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XX-01

28.03.2018

 Аксакалдар сотунун төрагасын бекитүү жөнүндө

2.

XX-02

28.03.2018

Сыдыков Молдошко "Ардактуу атуул"

 наамын берүү жөнүндө

3.

XX-03

28.03.2018

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан

2018-жылдын 1-январына карата калган

калдык акча каражатын бөлүшүтүрүү жөнүндө

4.

XX-04

28.03.2018

ИСКАКБнын курамын бекитүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XX-01

28.03.2018

 

 Аксакалдар сотунун төрагасын бекитүү жөнүндө

    Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай талаш тартыш, пикир келишпестик, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды өз убагында мыйзам чегинде чечүү үчүн Аксакалдар сотунун төрагасы жана аксакалдар сотунун курамын түзүү боюнча Айылдык Кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы болуп Сыдыков Молдош бекитилсин.

2.         Аксакалдар сотунун мүчөлөрү төмөндөгү курамда бекитилсин:

1.         Ташполотова Жумакан - айыл тургуну, мугалим

2.         Пазылов Кадырали        - айыл тургуну, пенсионер;

3.         Аширов Эрмек                - айыл тургуну, пенсионер;

4.         Таджибаев Камчы          - айыл тургуну, пенсионер

3.         Бекитилген комиссия курамына айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай талаш тартыш, пикир келишпестик, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды өз убагында мыйзам чегинде чечүү жагы милдеттендирилсин.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XX-02

28.03.2018

 

Сыдыков Молдошко "Ардактуу атуул"

 наамын берүү жөнүндө

       Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Сыдыков Молдош бир топ мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жатат. 2006-жылдан 2012-жылга чейин айыл башчы кызматында, 2012-жылдан ушул күнгө чейин аксакалдар сотунун төрагасы, 2009-жылдан ушул күнгө чейин Жайыт комитетинин инспектору кызматын аркалап келүүдө. Айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди өз убагында чечүү менен мыйзам чегинде жооп берет. Ар кандай чыр-чатактарды, пикир келишпестиктерди жана үй-бүлө маселесин чечүүдө мыйзамдын чегинде иш алып барып, ар кандай маселени өз убагында чечип келе жатат. Жарандардан түшкөн арыздарды өз убагында карап, тийиштүү жообун берет. Чечим чыгарууда айкөлдүк, чынчылдык менен чечим чыгарып келүүдө. Айыл арасында абийири жогору. Ар кандай маселе боюнча жарандар кайрылып тийиштүү жообун алышат. Аткарган жумуштарынын негизинде Ардак Грамоталарын алган. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министри Мелис Турганбаевдин колунун Ардак Грамота алган. Ошондуктан Сыдыков Молдоштун аткарган эмгегин эске алуу менен Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Бел айыл өкмөтүнүн тургуну Сыдыков Молдошко "Ардактуу Атуул" -  наамы берилсин.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XX-03

28.03.2018

 

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан

2018-жылдын 1-январына карата калган

калдык акча каражатын бөлүшүтүрүү жөнүндө

   Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинен 2018-жылдын 1-январына карата калган 3505,0 сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү максатында депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2018-жылдын 1-январына калган 3505,0  сом калдык акча каражаты төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнсүн.

- Башкаруу аппаратына                    (70111)      -708,4 миң сом

 -ар түрдүү маданий иш-чараларга  (70825)      - 36,3 миң сом

-билим берүү бөлүмүнө                      (70921)     - 742,3,0 миң сом

- ЖКХ                                                    (706)        - 2003,0 миң сом

- китепканага -                                     (70821)     - 15,0

 

2..Бөлүнгөн акча каражатын  ажыратып берүү жагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  милдеттендирилсин.

3..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XX-04

28.03.2018

 

ИСКАКБнын курамын бекитүү жөнүндө

Көк-Бел айыл өкмөтүндө бир да агын суу жок болгондугуна байланыштуу элин таза суу менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн ИСКАКБсынын ишин жандандыруу керек. Ошондуктан атайын курамын түзүп аларга милдеттерди коюп, алардын аткарган жумуштарын өз убагында отчеттулугун угуп, элдин таза сууга болгон муктаждыгын жоюуу максатында күн тартибиндеги коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Көк-Бел айыл өкмөтүнүн алдындагы ИСКАКБнын структурасын жакшыртуу үчүн төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:

1.         Жороев Эркин - айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы;

мүчөлөрү

2.         Мамажанов Жаныбек- айылдык кенештин депутаты;

3.         Абдыкадыров Турдали - айылдык кенештин депутаты;

4.         Сейдалиев Алтынбек - айыл башчы;

5.         Эргешова Зууракан - айылдык кенештин депутаты;

Текшерүү комиссиясы

1.         Раев Абибилла - айылдык кенештин төрагасы, текшерүү комиссиясынын төрагасы;

мүчөлөрү:

2.         Айткулов Мухамет - айылдык кенештин депутаты;

3.         Тешебаев Чолпонбай - айылдык кенештин депутаты;

Аткаруу органы

 

Айтбаев Сайтазим

 

2.         Түзүлгөн комиссия курамына ИСКАКБнын ишин жакшыртып, элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

3.         Токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кенештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад