М А З М У Н У

№ п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXV-01

25.12.2018

"Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы,2019-жылга жергиликтүү бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө"

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

Т О К Т О М

Кок-Бел айылы

XXV-01

25.12.2018

 

"Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы,2019-жылга жергиликтүү бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө"

  Көк-Бел айыл өкмөтүнүн  2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жеткечилеринин катышуусунда депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү "Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16-главасынын 78-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2018-жылга Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18 335300 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         2018-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар аныкталсын. Жергилктүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмге акы, соцфондко чегерүү) каржылануусу белгиленген.

3.         Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3-тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2019-жылга жергиликту бюджет 11822900 миң сомго, (Республикалык бюджеттин алынуучу гранттар 65124 00 жана 2019-жылга 11822900 мин сомго (республикалык бюджеттин алынуучу гранттар 6512400 сом менен) белгиленсин.

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, алардын ар бир конкреттүү  мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү  толугу менен жергиликтүү бюджетинин каржылоосуна калары аныкталсын.

    Айылдык бюжеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн  тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын тыюу салынсын.

Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган  учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренесинин 2-пункутуна бул каражаттын 100 пайыз Республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

5. 2018-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкон каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын.

6. Жергиликтүү бюджеттик мекеме -ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана  финансы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

7.  Көк-Бел  айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы  жергиликтүү бюджеттин киреше 18335300 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.

8. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн  башчысы жана  ФЭБ  башчысына:

Айыл өкмөттүн  бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принсиптери жөнүндө"  15- беренесине ылайык айылдык кенештин депутаттарынын макулдугу менен уруксат берилсин.

            Жогорудагы аныкталган жергиликтүү  бюджеттин аткарылышы жана киреше, чыгаша бөлүмдөрү боюнча Көк-Бел айылдык кенешинин  төрагасына жана айылдык кенешине ар бир квартал сайын үнөмдөлгөн акча каражаты жана 9 айлык жыйынтыгы боюнча, билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин ""Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк" боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Депутаттардын Көк-Бел айылдык  төрагасы 

 

А.А.Раев                     

 

 

Назад