М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

ХXX/V1

31.10.2019

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

бюджетин бекитүү боюнча  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрь айындагы № XXII / Iтоктомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХXX/V1

31.10.2019

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

бюджетин бекитүү боюнча  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрь айындагы № XXII / Iтоктомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

      Кара-Таш айыл өкмөтү, 2019-жылдын 9 айынын планынын аткарылышын эске алып,Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгашаларына  планды тактоонун жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешесин  кошуп көбөйтүрүп,чыгашалары боюнча планга коюп  берүү жөнүндө Кара-Таш айылдык кеңешинин  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине  ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылына бекитилген жергиликтүү бюджеттинин кирешелери боюнча жыл башында бекитилген планы № 1- тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн .  (№ 1- тиркеме тиркелет)

 

2.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылына бекитилген жергиликтүү бюджеттинин чыгашалары боюнча планына, кошумча түшкөн акча каражатын эске алуу менен №2- тиркемеге ылайык  өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин. (№2-тиркеме тиркелет)

 

 

3.         Токтомду аткаруу,бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт  башчысы жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

4.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш  айылдык  Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча" туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад