М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

09.03.2019

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш  айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы  жана бюджеттик  багыттагы мекеме-ишканаларга  карата  ичүүчү таза сууга болгон  тарифти  бекитүү  жөнүндө 

2.

2

09.03.2019

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин  уюштурууну  кошуу жөнүндө 

3.

3

09.03.2019

Кара-Таш айыл аймагында  Катуу тиричилик калдыктарын  (КТК) чыгаруу боюнча  кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти

бекитүү  жөнүндө

4.

4

09.03.2019

Кара-Таш  айыл  аймагындагы  №1 кен калдыгын (Туя-Моюн)  КР ӨКМнин балансына  өткөрүп  берүү  жөнүндө     

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

1

09.03.2019

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  Кара-Таш  айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы  жана бюджеттик  багыттагы мекеме-ишканаларга  карата  ичүүчү таза сууга болгон  тарифти  бекитүү  жөнүндө 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы жана бюджеттик  багыттагы  мекеме-ишканаларга карата  ичүүчү таза сууга болгон тарифин ЮСАИДдин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун эксперттеринин  кеп-кеңеши, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагындагы "Көл-Жаңгак" ИСКАКБнын   Кара-Таш айылынын тургундары менен өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдору Кара-Таш айыл кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук жана регламент", "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын                           18-февралындагы №83-токтомунун  Жобосуна  ылайык  Кара-Таш айыл  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылынын тургундарына, коммерциялык багыттагы  жана  бюджеттик багыттагы  мекеме-ишканаларга суу эсептегич аркылуу өткөн суунун өлчөмү үчүн  түзүлгөн калькуляциянын  негизинде  төмөндөгү тарифтер белгиленсин:

-          Айыл тургундарына                                         -  1м3 = 20 сом

-           Бюджеттик багыттагы  мекемелерге                -  1м3 = 35 сом

-           Коммерциялык багыттагы  мекемелерге         -  1м3 = 35 сом

-           Борборлоштурулган  мечит менен медресеге -  1м3 = 10 сом

 

2.         Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөлдүк  кылуу  жагы  Кара- Таш                                  айыл  Кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук  жана регламент"  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

2

09.03.2019

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин  уюштурууну  кошуу жөнүндө 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин уюштурууну кошуу жөнүндөгү жумушчу комиссиясынын жыйынынын чечиминин негизинде Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу (КТК) кызматын уюштуруу, спорт оюндарын уюштуруу, маданий  ийримдерин уюштуруу  боюнча  Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги менен  таанышып чыгып,  талкуулап  Кара-Таш айыл кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл аймагында Кызмат Көрсөтүүнү Уюштуруу Стратегиясына артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин уюштурууну кошуу  колго алынсын.

2.         Кара-Таш айыл аймагында Катуу Тиричилик Калдыктарын (КТК) чыгаруу кызматы уюштурулсун (№1- тиркеме тиркелет)

3.         Кара-Таш айыл аймагында Спорт оюндарын уюштуруу кызматы уюштурулсун (№2-тиркеме тиркелет)

4.         Кара-Таш айыл аймагында Маданий ийримдери  уюштурулсун (№3-тиркеме тиркелет)

5.         Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кара-Таш айыл кенешинин " Укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча" туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

3

09.03.2019

 

Кара-Таш айыл аймагында  Катуу тиричилик калдыктарын  (КТК) чыгаруу боюнча  кызмат көрсөтүүгө болгон тарифти

бекитүү  жөнүндө

Кара-Таш айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө болгон тарифин ЮСАИДдин  "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун эксперттеринин кеп-кеңешинин, ошондой эле Кара-Таш айыл аймагынын жалпы тургундары менен өткөрүлгөн чоглуштарынын протоколдорунун чечимдери Кара-Таш айыл кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук жана регламент", "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиялары тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-февралындагы №83-токтомунун  Жобосуна  ылайык  Кара-Таш айыл  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

3.         Кара-Таш  айыл  аймагында  Катуу тиричилик  калдыктарын  (КТК) чыгаруу боюнча  кызмат көрсөтүүгө болгон тарифи  ар бир кожолук тарабынан  чыгарылган  катуу  тиричилик   калдыктарынын көлөмү

үчүн түзүлгөн калькуляциянын  негизинде  төмөндөгү тарифтер белгиленсин:

-           Ар бир кожолуктан, бюджеттик жана коммерциялык ишканалардан чыгарылган  1 (бир)  кап  катуу тиричилик калдыктарына = 20 сом

-           1м 3   = 200 сом

 

4.         Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөлдүк  кылуу  жагы  Кара- Таш                                  айыл  Кеңешинин "Укук, мыйзамдуулук  жана регламент"  боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

4

09.03.2019

 

Кара-Таш  айыл  аймагындагы  №1 кен калдыгын (Туя-Моюн)  КР ӨКМнин балансына  өткөрүп  берүү  жөнүндө     

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын                            17-сентябрындагы №424-токтомун жана КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы №101-б буйругун аткарууга алуу максатында Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгын (Туя Моюн)  КР ӨКМнин алдындагы  Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин  балансына өткөрүп берүү боюнча областтык комиссия курамы түзүлүп, анын негизинде  2019-жылдын  28-февралында  Ноокат шаарында АКТ түзүлгөн.

Актыда  жазылгандай Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгы (Туя Моюн) Ош шаарынын түштүк-батыш тарабында 35 км алыстыкта жайгашкан, үстү ачык көмүлгөн эмес. Иштетилген жылдары 1946-1954-жж. Калдыктын көлөмү боюнча так маалымат жок. Курамы уран катарынын радионуклеиддери. Радиациялык гамма нурлануу орточо 17-41мкр/саатты түзөт. Кээ бир жерлеринде (локалдуу) 140-150мкр/ саатка чейин жетет.  Кен калдыктын айланасы ачык, жакын аралыкта калктуу конуш жайгашкан эмес ж.б.у.с.

Жогорудагы түзүлгөн актыга негиз, айтылган сунуш-пикирлерди, маалыматтарды эске  алып, талкуулап  Кара-Таш айыл кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл аймагындагы №1 кен калдыгы  (Туя Моюн)  КР ӨКМнин  алдындагы  Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин  балансына  өткөрүлүп  берилсин.

 

2.         Коопсуздук иш-чараларын алып баруу жагы КР ӨКМнен суралсын.  

 

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айыл кенешинин укук, мыйзамдуулук  жана регламент  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Муктарбек  уулу  Бектурга  милдеттендирилсин.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад