М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№ 1

30.08.2018

Кара-Таш  айыл  аймагына  караштуу      Капчыгай  массивиндеги  (Туя-Моюн)   уран  калдыктары  калган  жер   аянты  тууралуу  

2.

№2

30.08.2018

Кара-Таш  айыл  өкмөтүндө "Муниципалдык мүлктү  эсепке алуу жана муниципалдык  менчиктеги обьекттердин жобосун жана реестрин бекитүү жөнүндө

3.

№3

30.08.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

бюджетин бекитүү боюнча  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

4.

ХIX/4

5.

№5

30.08.2018

Кара- Таш жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  2018- жылдын  9-июнунда  өткөрүлгөн  жайыт  комитетинин мүчөлөрүнүн   жыйынынын  №4- протоколун бекитүү  жөнүндө   

6.

№7

30.08.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда элдик салымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө  

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№ 1

30.08.2018

Кара-Таш  айыл  аймагына  караштуу      Капчыгай  массивиндеги  (Туя-Моюн)   уран  калдыктары  калган  жер   аянты  тууралуу  

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы №161 "Иштетилип бүткөн кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана кен алынгандан кийинки тектерин Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу боюнча  министрлигине кайра бекитип берүү  жана аларды  реабилитациялоо  чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорунун негизинде негиздеме-маалымкат келген. Анда жазылгандай Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан жалпы аянты 243,43 га ды түзгөн Туя-Моюн кен калдыгын  тартипке келтирүү, кароосуз калган кен калдыктарын КР ӨКМнин карамагына алуу, мындан ары кен калдыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчи кезекте иш чараларды  жүргүзүү  тууралуу  маалымат  жазылган.   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна негиздеме-маалымкаттын  негизинде жогоруда  айтылган  Туя-Моюн кен калдыгын КР ӨКМнин карамагына алуу боюнча маселе Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын арасында талкууга коюлуп, кеңири ой-пикирлерди  жаратты. Жогорудагы  маселе  боюнча ой-пикир, сунуштарды угуп, талкуулап  Кара-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Таш  айыл  аймагына  караштуу  Капчыгай  массивиндеги  (Туя-Моюн)   уран  калдыктары  калган  жалпы  аянты  243,43 га  барабар  болгон  жер   аянты  Кара-Таш  айыл өкмөтүнүн  карамагында  калтырылсын.  

2.         Коопсуздук иш-чараларын  алып  баруу жагы  Кара-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилип, керектелүүчү материалдык чыгымдар 2019-жылдын чыгашаларына сунушталсын.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык кенешинин укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муктарбек уулу Бектурга  милдеттендирилсин.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№2

30.08.2018

Кара-Таш  айыл  өкмөтүндө "Муниципалдык мүлктү  эсепке алуу жана муниципалдык  менчиктеги обьекттердин жобосун жана реестрин бекитүү жөнүндө

Кара-Таш  өз  алдынча  башкаруу органынын  карамагында,пайдалануусунда тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди бекитүү максатында, "Мүлккө муницалдык менчик жөнүндө" КР мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын граждандык Кодексинин негизинде," Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын        36-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу тартиби жөнүндө  ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.         Муницапалдык менчиктеги обьекттердин реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.         Токтомдун  аткарылышына  көзөмөлдүк  кылуу  жагы  Кара-Таш  айыл   Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"   туруктуу  комиссиясына  жана  Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн башчысы  Б.С.Мамарасуловго  жүктөлсүн.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№3

30.08.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

бюджетин бекитүү боюнча  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жергиликтүү бюджеттинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын счетунун (ата энелер жана кызматкерлердин взносу) 14232400 беренесине  киреше боюнча бекитилген планына,жаңы ачылган "Пазилат апа " жана "Эмирлан" балдар бакчасына кошулган бир тайпасына азык түлүк сатып алууга.Кара-Таш айылдык кеңешинин  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине  ылайыкКара-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылына бекитилген жергиликтүү бюджетинин мектепке чейинки билим берүү тармагынын атайын счетунун 14232400 беренесине  киреше боюнча бекитилген планына 557700 (Беш жүз элүү жети миң жети жүз)  сом акча каражаты кошулуп көбөйтүрүп берилсин.

2.         Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо,токтомду аткаруу  жагы Айыл өкмөт  башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш  айыл  Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

Назад

4

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХIX/4

30.08.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

бюджетин бекитүү боюнча  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-декабрь айындагы № XI/I токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин алдындагы дем берүүчү (түрткү берүүчү) үлүштүк гранттардын механизмин ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу уюшулуп.2018-жылдын 01-декабрь айына демберүүчү (түрткү берүүчү) үлүштүк гранттардын тиешелүү иш кагаздарын даярдоого,Кара-Таш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине  ылайык Кара-Таш айыл  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин спорт эс алуу маданият жана дин бөлүмүнүн чыгашаларынын 2222 статьясынан 62280 (алтымыш эки миң эки жүз сексен) сом  акча каражаты, аткаруу жана мыйзам чыгаруучу  бөлүмүнүнүн  2215 статьясына жылдырып (которуп)берилсин.

2.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин спорт эс алуу маданият жана дин бөлүмүнүн чыгашаларынын 2215 статьясынан 140000 (бир жүз кырк миң) сом  акча каражаты, мектепке чейинки билим берүү  бөлүмүнүнүн  2215 статьясына жылдырып (которуп)берилсин.

3.         Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, токтомду аткаруу  жагы Айыл өкмөт  башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  Кара-                                  Таш  айыл Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

Назад

5

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№5

30.08.2018

Кара- Таш жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  2018- жылдын  9-июнунда  өткөрүлгөн  жайыт  комитетинин мүчөлөрүнүн   жыйынынын  №4- протоколун бекитүү  жөнүндө   

Кара- Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  Кара-Таш  айылына  караштуу  Капка  жайлоосуна  "Беккари" чуңкурун  куруу  боюнча  долбоору менен таанышып чыгып, талкуулап  айтылган сунуш-пикирлерди  эске  алып   Кара-Таш айыл  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара- Таш жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  2018 жылдын         9-июнунда  өткөрүлгөн  жайыт  комитетинин мүчөлөрүнүн   жыйынынын  №4- протоколу  бекитилсин. (Тиркелет)   

2.         Кара-Таш  айылына  караштуу  Капка  жайлоосуна  "Беккари" чуңкурун  куруу  боюнча  керектелүүчү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кара-Таш жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  төрагасы  А.Мамытов менен  Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ветеринардык маселелер боюнча башкы адиси А.Алиевге милдеттендирилсин.

3.         Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин айыл, суу  чарба, жерге  жайгаштыруу, экология  жана  жаратылышты коргоо  боюнча  туруктуу  комиссиясына милдеттендирилсин.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

ТИРКЕМЕ №2

Назад

6

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№7

30.08.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда элдик салымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө  

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда керектелүүчү курулуш материалдары "MSDSP KG" коомдук фонду аркылуу каржыланып,ал эми курулуш жумуштары Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана  элдик салымдын эсебинен каржыланышы белгиленген. Элдин эсебинен төлөнүүчү салым, долбоордун сметасында көрсөтүлгөн  түтүктөрдүн алдына жана үстүнө жумшак топурак төшөө жумуштарынын  наркы  973,5 (тогуз жүз жетимиш үч миң беш жүз ) сомду түзгөн. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын элден жыйноо маселеси Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан каралып чыгылып, Кара-Таш айыл  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырууда элдик салым ар бир кожолукка 1,0 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ Кара-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышсын.

3.         Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Мамарасуловко милдеттендирилип, көзөмөлдүк  кылуу жагы Кара-Таш айыл кеңешинин "Укук, регламент жана мыйзамдуулук","Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  жана  боюнча туруктуу  комиссияларына  тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

Назад