М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

18.07.2018

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

2.

ХVIII/4

18.07.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

белгиленген  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин  долбоорнун болжолу жана 2019-жылга бюджеттик коомдук угуулар  жөнүндө

3.

ХVIII/5

18.07.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин,   дагы башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашалары,  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № XVI/5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№1

18.07.2018

"Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө"

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мызамын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтомун, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 03-сентябрындагы №603 Токтомун аткарууга алуу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  коомчулугунун Уставын" жетекчиликке алуу менен Кара-Таш айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

Назад

2

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХVIII/4

18.07.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга

белгиленген  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин  долбоорнун болжолу жана 2019-жылга бюджеттик коомдук угуулар  жөнүндө

        Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга   белгиленген киреше жана чыгаша  бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин  долбоорнун болжолу     жана 2019-жылга бюджеттик коомдук угууларын, Кара-Таш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып,сессияда угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө, бюджет кодексинин 78,79  жана 127-беренелине, каржы министирлигинин 2018-жылдын 17-апрель № 44-б буйругуна ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга  белгиленген киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2019-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин  долбоорнун болжолу жактырылсын.

2.         Кара-Таш айыл өкмөтүндө  бюджеттик коомдук угуулар боюнча өткөрүлгөн  2018-жылдын 18-июлундагы  протоколу жактырылсын жана бекитилсин.

3.         Жогорудагы жактырылган долбоордун болжолу жана бюджеттик коомдук угуулардын протоколу боюнча иш алып баруу  жагы айыл өкмөт  башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун  аткарылышына  көзөмөлдүк кылуу  Кара-Таш айыл  Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"    туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

Назад

3

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

ХVIII/5

18.07.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин,   дагы башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашалары,  Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № XVI/5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Таш аймагындагы "Таза суу" долбоорунун алкагында "MSDSP KG" коомдук фонду айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү ортосунда алкактык келишим түзүлүп,"Кара-Таш айылын таза суу менен камсыз кылуу" долбоору каралган,айыл өкмөтүнүн накталай салымы 2500,0 (Эки миллион беш жүз миң) сомду түзгөн. 2018-жылдын бюджеттин бекитүүдө 1000,0 (бир миллион) айыл өкмөтүнүн накталай салымы   депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине  ылайык  Кара-Таш айыл  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Таш айыл кеңешинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № XVI/5 токтомунун 3-беренесинде жаны конуштарга электр мамычаларын алып, орнотууга каралган 1200,0(бир миллион эки жүз мин)сом акча каражаты толугу менен Кара-Таш айылына таза суу жеткирүү долбоорун ишке ашырууга бөлүнгөн каражатка кошулуп, көбөйтүрүп берилсин.

2.         Бөлүнгөн акча каражатын жылдырып (которуп)  берүү  жагы Кыргыз республикасынын финансы министирлигинин Ноокат башкармалыгынан суралсын.

3.         Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо  жагы  Айыл өкмөт  башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш                          айыл Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

Н. Джаныбаев                 

Назад