М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№2

17.04.2018

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 

кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу

стратегиясынын долбоорун бекитүү  жөнүндө

2.

№6

17.04.2018

Кара-Таш  айылында  жайгашкан  элдин мүлк  үлүшүндөгү  "Эски кампанын" ээлеген ордундагы жер янтын  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө 

3.

№12

17.04.2018

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Чечме-Сай айылынын  тургундарынын   2018-жылдын 16-апрелиндеги   №ЖТ/6 - арызынын  жана  айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1-протоколунун  негизинде 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№2

17.04.2018

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 

кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу

стратегиясынын долбоорун бекитүү  жөнүндө

Бул стратегия Кара-Таш айыл аймагынын 2017-2022 - жылдарга "Аймакты  өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын", туруктуу өнүгүүнүн 2017-2022- жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгө  өтүү  Планы жана Программаларынын, КР  Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү  Программаларынын  негизинде  түзүлгөн.

Эн негизгиси бул документ кызыкдар тараптар жана жергиликтүү коомчулук  менен макулдашылган жана айыл өкмөтүнүн аппаратында талкуулангандан кийин кабыл алынган. Кара-Таш айыл өкмөтү 2017-жылдын октябрынан баштап USAID дин  "Ийгиликтүү аймак " долбооруна кирип, жумушчу комииссиянын мүчөлөрү СТӨП төн приоритеттүү маселелерди бөлүп алышып кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгышкан, ошого таянып жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобону, Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, КТК жыйноо жана чогултуу  боюнча  кызмат  көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө  Жобону угуп, талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин.

2.         Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобосу бекитилсин.

3.         Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.

4.         КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө  тартиби жөнүндөЖобосу бекитилсин.

5.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык кенешинин укук, мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муктарбек уулу Бектурга  милдеттендирилсин.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Джаныбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№6

17.04.2018

 

Кара-Таш  айылында  жайгашкан  элдин мүлк  үлүшүндөгү  "Эски кампанын" ээлеген ордундагы жер янтын  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө 

Кара-Таш  айылынын тургундары өздөрүнүн мүлк үлүшүндө турган эски кампанын айланасындагы  ага тиешелүү болгон жер аянтын  айыл  өкмөтүнүн  муниципалдык  менчигине  өткөрүп  берүү жөнүндөгү сунушу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы айыл өкмөтүнө кайрылгандыгын айыл өкмөтү баяндап, аталган жер аянтын муниципалдык  менчикке алып берүүгө чечим берүүгө айылдык  кеңешине кайрылган. Кара-Таш айылында  жайгашкан эски кампанын жер аянтын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү долбоору  менен таанышып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамынын  18-19-беренелеринин  Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин  30-32, 13-беренелеринин  негизинде   Кара-Таш  айыл  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Эски  кампанын  ордундагы  жер  аянтын  ага  тиешелүү  болгон тиешелүү иш кагаздары  менен  муниципалдык менчикке  өткөрүп алууга иш кагаздарын  даярдоо  жагы  айыл  өкмөтүнө  тапшырылсын.

2.         Кампанын  ордундагы  жер  аянтынан  жерлерди  мыйзамсыз  ээлеген ээлери   менен  сүйлөшүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  айыл  өкмөтүнүн  башчысына, тармакка тиешлүү адистери менен туруктуу комиссия менен биргеликте  иш алып баруусу тапшырылсын.

3.         Кампага  тиешелүү  болгон жер аянтын, өлчөмүн жана ал жердин ичинен  ээлеп алган мыйзамсыз жерлерди тактоо жагы  Ноокат райондук  кыймылсыз  мүлккө  укуктарды  каттоо  жана  кадастр  бөлүмүнөн, Ноокат  райондук  архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.

4.         Такталган жер аянтын  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  муниципалдыкм менчигине  Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу"  жөнүндөгү  мыйзамынын 18-19-беренелеринин,  Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин  13-30-32- беренелеринин негизинде  өткөрүп алуу жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  башчысына  тапшырылсын.

5.         Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл кеңешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

      

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Джаныбаев                 

 

 

Назад

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№12

17.04.2018

 

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Чечме-Сай айылынын  тургундарынын   2018-жылдын 16-апрелиндеги   №ЖТ/6 - арызынын  жана  айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1-протоколунун  негизинде 

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Чечме-Сай  айылынын  тургундарынын   2018-жылдын 16-апрелиндеги   №ЖТ/6 - арызынын  жана  айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1-протоколун  

карап  чыгып,  талкуулап  жана ой-пикирлерди  эске алып    Кара-Таш  айыл  кенеши

                                                     

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Чечме-Сай айылынын  тургундарынын   2018-жылдын  16-апрелиндеги   №ЖТ/6 - арызы  канааттандырылып  жана  айыл  тургундарынын  чогулушунун  № 1-протоколу    кубатталсын.

 

2.         Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Чечме-Сай   айылындагы   жаңыдан  курулган  мечитке  "Шарип  уулу   Мадумар-Ата"  аты   ыйгарылсын  жана  муниципалдык  менчиктеги  0.07га  жер  аянты  бекитилип  берилсин.

 

3.         Керектүү  иш  кагаздарын   даярдоо  жагы   тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.

 

4.         Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл  кенешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу комиссиясына   милдеттендирилсин.

                                             

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Джаныбаев                 

 

 

Назад