М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

№1

05.01.2018

Кара-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү Жамаатынын Уставын толуктоо жана өзгөртүүгө демилге көтөрүү  жөнүндө  

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

№1

05.01.2018

 

Кара-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү Жамаатынын Уставын толуктоо жана өзгөртүүгө демилге көтөрүү  жөнүндө  

Кара-Таш айыл аймагында Жергиликтүү Жамааттын Уставы бүгүнкү күндүн талабына шайкеш келбегендиктен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары -ЖӨБЭММА)  директорунун 2014-жылдын 4-мартындагы №01-24-19 буйругу менен бекитилген Типтүү Уставына ылайыктап толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы турат.

Жалпы жоболор:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер, жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары, Жергиликтүү Жамааттын жергиилктүү маанидеги маселелерди   чечүүгө түз катышуусу, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери тууралуу мыйзамы менен таанышып, талкуулап чыгып Кара-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү Жамаатынын Уставын толуктоо жана өзгөртүүгө  болгон  демилгеси колдоого алынсын.

 

2.         Кара-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү Жамаатынын Уставын толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча  айыл өкмөтүнүн буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлсүн. (тиркелет)

 

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Таш айыл кеңешинин укук,мыйзамдуулук  жана регламент  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Муктарбек уулу Бектурга милдеттендирилсин.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Джаныбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад