М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

18.12.2017

 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын  бюджетинин аткарылышы   2018-жылга

айыл өкмөтүнүн бюджети 2019-2020-   жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"     

2.

2

18.12.2017

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Таштак участкасынын  тургуну  У.С.Мурзалиевдин 2017-жылдын   14-декабрындагы  №М/37 - арызынын  жана  айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1-протоколунун  негизинде 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

1

18.12.2017

 

 "Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын  бюджетинин аткарылышы   2018-жылга

айыл өкмөтүнүн бюджети 2019-2020-   жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"     

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2019-2020-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2018-жылга республикалык бюджети  жана 2019-2020-жылдарга  болжолу жөнүндөгү"  Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине  ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык  Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.  2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 13632,6 миң сом (Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү  грант 6876,9 миң сомду кошкондо) өлчөмүндө бекитилсин.

            2.    2018-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

-           Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

-           Кирешенин болжолу 2019-жылга 13765,4 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 6761,7 миң сом) 2020-жылга 13751,9 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 6475,2 миң сом) белгиленсин.

-           Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжоолу жактырылсын,аларды ар бир конкретүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

-           Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары  аныкталсын.Айылдык бюджеттик мекемелери казналыктын региондук бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

-           Атайын каражаттар казналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин 2019-2020-жылдарга болжоолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна  ылайык  бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

1.         Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-           Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келсе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

-           Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

-           Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

2.         2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү  жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.

3.         Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык экономикалык негиздерин чыңдоо,алардын каржылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,сарамжалдуу пайдалануусун касыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

4.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 14317,8 миң сомго,чыгаша бөлүгү 13519,6 миң сомго аткарылганы бекитилсин.

5.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Джаңыбаев                 

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

2

18.12.2017

 

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Таштак участкасынын  тургуну  У.С.Мурзалиевдин 2017-жылдын   14-декабрындагы  №М/37 - арызынын  жана  айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1-протоколунун  негизинде 

Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Таштак участкасынын  тургуну  У.С.Мурзалиевдин 2017-жылдын   14-декабрындагы  №М/37 - арызынын  жана  айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1- протоколун  карап   чыгып   жана  талкуулап   Кара-Таш  айыл  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Таштак участкасынын  тургуну  У.С.Мурзалиевдин  2017-жылдын   14-декабрындагы  №М/37 - арызы канааттандырылып  жана   айыл  тургундарынын чогулушунун  № 1-протоколу  кубатталсын. 

 

2.         Кара-Таш  айыл  өкмөтүнүн  Таштак  участкасында жайгашкан  көчөгө   Улуу  Ата Мекендик согуштун  катышуучусу  "Мурзалиев Сатыбалдынын" аты  ыйгарылсын  деп  бекитилсин.

 

3.         Керектүү  иш кагаздары  тиешелүү  мекеме-ишканалардан  суралсын.

 

4.         Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл  кенешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу комиссиясына   милдеттендирилсин.

                                             

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н. Джаңыбаев                 

 

 

Назад