М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

11.11.2017

2017-жылдын 9 айына  карата  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  башчысынын аткарган  иштери  жөнүндө

2.

2

11.11.2017

2017-жылдын   9 айына  карата  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  бюжетинин  киреше чыгаша бөлүгүнүн  аткарылышы  жөнүндө

3.

3

11.11.2017

"Социалдык  аудит"  жүргүзүүчү  үч тараптуу келишим  түзүүгө макулдашуу  жөнүндө

4.

4

11.11.2017

Кара-Таш  айыл  аймагындагы негизги  жолдордогу  тосулуп калган тротуарларды ачуу   жөнүндө 

5.

5

11.11.2017

 Жайытттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу органдарынын  Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине өткөрүп  берүү  жөнүндөгү  Типтүү  келишимди  бекитип  берүү жөнүндө 

6.

6

11.11.2017

Кара-Таш айыл аймагындагы С.Тагаев атындагы  көчөсүнүн жана ортоңку  топ мааласина бала бакчасын ачууга макулдук берүү  жөнүндө

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

1

11.11.2017

 

2017-жылдын 9 айына  карата  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  башчысынын аткарган  иштери  жөнүндө

2017-жылдын 9 айына  карата  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  башчысынын аткарган  иштери  жөнүндөгү  маалыматын угуп жана талкуулап  депутаттардын Кара-Таш  айылдык  Кенеши  (Туруктуу  комиссия)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2017-жылдын 9 айына  карата  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  башчысынын аткарган  иштери  кемчиликтерди  эске  алуу менен  канааттандыраарлык  деп белгиленсин.

 

2.         Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   Кара-Таш  айылдык Кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү  боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.      

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

2

11.11.2017

 

2017-жылдын   9 айына  карата  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  бюжетинин  киреше чыгаша бөлүгүнүн  аткарылышы  жөнүндө

2017-жылдын 9 айына  карат  Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүнүн  аткарылышы  жөнүндө маалыматын угуп   Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-берененин 4-пунктуна негиз депутаттардын Кара-Таш  айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2017-жылдын 9 айына  карата Кара-Таш айыл  өкмөтүнүн  бюджетинин  киреше чыгаша бөлүгүнүн  аткарылышы  жалпысынан канааттандыраарлык  деп белгиленсин.

 

2.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө   Кара-Таш  айылдык Кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү  боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.      

 

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

3

11.11.2017

 

"Социалдык  аудит"  жүргүзүүчү  үч тараптуу келишим  түзүүгө макулдашуу  жөнүндө

Кара-Таш айыл  аймагында  MSDSP KG  коомдук  фондунун  "Бирге"  долбоорунун көмөгү менен  жана  анын  алкагында    Кара-Таш айыл  өкмөтү (заказчик),  Кара-Таш айылдык  кенеши  жана  Аудитор  (жумушчу топ)  ортосундагы   "Социалдык аудит"  жүргүзүү  боюнча  жаңыдан  түзүлүүчү келишимдин  долбоору менен  таанышып,  жумушчу топтун  Кара-Таш айыл аймагынын  социалдык-экономикалык  өнүгүү  планындагы   негизги  көйгөй  болуп  келген  "Таза суу" проблемасын  көтөрүп  чыгуусун  бир добуштан макулдап  Кара-Таш  айылдык Кенеши  (Туруктуу  комиссия)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл  аймагында  MSDSP KG  коомдук  фондунун  "Бирге"  долбоорунун көмөгү менен  жана  анын  алкагында    Кара-Таш айыл  өкмөтү (заказчик),  Кара-Таш айылдык  кенеши  жана  Аудитор  (жумушчу топ)  ортосунда  "Социалдык  аудит" жүргүзүү боюнча  келишим  түзүлсүн. 

 

2.         Жаңыдан  түзүлгөн  келишимдин  иш-кагаздарын даярдоо  жумушчу топтун  төрайымы Э.Абировага  милдеттендирилсин. 

 

3.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө   Кара-Таш  айылдык Кенешинин айыл  чарба, суу жана  жерге  жайгаштыруу   боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.     

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

4

11.11.2017

 

Кара-Таш  айыл  аймагындагы негизги  жолдордогу  тосулуп калган тротуарларды ачуу   жөнүндө 

Кара-Таш айыл  аймагындагы  негизги   жолдордогу  тротуарга тиешелүү жерлерди ачып,  жөө жүрүүчүлөр үчүн коопсуз шарттүзүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынан  түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында айылдык  депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде  карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңеишин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз  Республикасынын  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясынын 2  пунктуна  ылайык  Кара-Таш  айылдык Кенеши  (Туруктуу  комиссия)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл  аймагындагы  негизги   жолдордогу  тротуарга тиешелүү жерлер  ачылсын.

 

2.         Кара-Таш айыл  аймагындагы  негизги   жолдордогу  тротуарга тиешелүү жерге курулуп  калган  курулуштарды бузуу, тосмолорду ачуу жана бак-дарактарды кыюу боюнча  тиешелүү мекемелерден корутунду алып, иш алып баруу айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

 

3.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө   Кара-Таш  айылдык Кенешинин айыл  чарба, суу жана  жерге  жайгаштыруу   боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.     

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

5

11.11.2017

 

 Жайытттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу органдарынын  Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине өткөрүп  берүү  жөнүндөгү  Типтүү  келишимди  бекитип  берүү жөнүндө 

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу органдарынын  Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине өткөрүп  берүү  жөнүндөгү  Типтүү  келишимдин мазмуну, тараптардын укуктары жана милдеттери,  аны колдонууга киргизүү, шарттарын өзгөртүү, ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу негиздери жана тартиби  тууралуу маалыматты угуп  жана талкуулап    Кара-Таш  айылдык Кенеши  (Туруктуу  комиссия)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Жайытттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу органдарынын  Жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине өткөрүп  берүү  жөнүндөгү  "Типтүү  келишим"  бекитилип  берилсин.

 

2.         Кара-Таш айыл  өкмөтү  менен  Кара-Таш  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ)  ортосунда   типтүү  келишим  түзүлсүн.

 

3.         Жаңыдан  түзүлгөн  келишимдин  иш-кагаздарын даярдоо  ЖПБнин төрагасы  А.Мамытовго милдеттендирилсин. 

 

4.         Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө   Кара-Таш  айылдык Кенешинин айыл  чарба, суу жана  жерге  жайгаштыруу   боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.     

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №3

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 9 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

6

11.11.2017

 

Кара-Таш айыл аймагындагы С.Тагаев атындагы  көчөсүнүн жана ортоңку  топ мааласина бала бакчасын ачууга макулдук берүү  жөнүндө

Кара-Таш айыл аймагындагы С.Тагаев  атындагы  көчөсүнүн  жана ортоңку топ  мааланин жашоочуларынын 2017-жылдагы 6-ноябрындагы чогулушунун  чечиминин негизинде туруктуу комиссиянын  чечими  менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында  угуп жана талкуулап  Кара-Таш  айылдык кеңеши

 (А/ кенештин туруктуу комиссиясы)

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         Кара-Таш айыл аймагындагы С.Тагаев  көчөсүндөгү Тажибаев  Абибила  Кадыровичтин  үйү  Кара-Таш  айылында  муниципалдык  балдар боюнча бакчасын ачууга макулдук берилсин.

2.         Жаңыдан  ачылган  балдар  бакчасын  ачууга  макулдук   берилсин.

3.         Жаңыдан ачылган  балдар  бакчасын  юридикалык каттоодон өткөрүү,  үйдүн ээси менен  келишим түзүү жагы  Кара-Таш  айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.         Жаңыдан  ачылган балдар бакчасынын  тамак ашынын  каражатына, электр  энергиясына  жана  сураныч катында  көрсөтүлгөн  зарыл  болгон  керектөөлөрүнө  айыл  өкмөтүнүн  бюджетине  кошумча  булактардан  түшкөн  акча  каражатынын  эсебинен  акча  каражатын  ажыратып берүүгө  макулдук берилсин жана бул  бала бакча ачууну  мыйзам  чегинде  жүргүзүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5.         Балдар бакчасын акча менен каржылоо боюнча  республикалык  боюжеттин эсебине киргизип  берүү  жагы  Ноокат райондук билим берүү  бөлүмүнөн  суралсын .

6.         Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык кеңешинин  экономика  бюджет, соода жана ишкердүүлүк  боюнча  туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад