М А З М У Н У

№ п/п

Токтом №

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

1

22.02.2017

"Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын  бюджетинин аткарылышы   2017-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджети 2018-2019-   жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"

2.

2

22.02.2017

"Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын  бекитүү жөнүндө"

3.

3

22.02.2017

"Кара-Таш айыл өкмөтүнө  2017-жылга

 айылдык бюджетке түшүүчү физикалык  тараптардан алынуучу жер салыгына, таштанды төлөмүнө жана жердин ижарасы  үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү  сунушун бекитүү жөнүндө"     

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

1

22.02.2017

 

"Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын  бюджетинин аткарылышы   2017-жылга  айыл өкмөтүнүн бюджети 2018-2019-   жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө"

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2017-жылга республикалык бюджети  жана 2018-2019-жылдарга болжолу   жонундогу" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелуу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 4 пунктуна  ылайык депутаттардын Кара-Таш  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2017-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 12302,0 мин сом (Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү  грант 6747,2 миң сомду кошкондо) өлчөмүндө бекитилсин.

            2.    2017-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде,ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц фондко чегерүү,тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

3.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  №2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

Кирешенин болжолу 2018-жылга 11659,6 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 5977,3 миң сом) 2019-жылга 11767,0 миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирүүчү грант 5400,2 миң сом) болжоолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4.         Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдыкбюджеттик мекеменин каржылоосуна калары  аныкталсын.Айылдык бюджеттик мекемелери казналыктын региондук бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

5.         Атайын каражаттар казналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин 2018-2019-жылдарга болжоолу жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып койулары эскертилсин.

6.         Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-           Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгортүүлөрдү киргизүүгө;

-           ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

-           киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн  каражаттын өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;

7.         2017-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландакрынан ашыкча түшкөн карадаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.

8.         . Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чындоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

9.         Кара-Таш айыл өкмөтүнүн  2016-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү  13685,0 миң сомго, чыгаша  бөлүгү 13107,0 миң сомго аткарылгандыгы  № 4,5 тиркемеге ылайык белгиленсин.

10.       Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №1

 

Назад

 

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

2

22.02.2017

 

"Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын  бекитүү жөнүндө"

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн   2017-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин  "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгө" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын Кара-Таш  айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.         2017-жылга Кара-Таш айыл окмотунун айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 697,8  (алты жүз токсон жети миң сегиз жүз)сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.

 

2.         2016-жылга айылдык бюджетине 1-январга калган калдыктын эсебинин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн  жыл башындагы бекитилген суммага 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.

             

3.         Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-                                  Таш айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"                                                         туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

ТИРКЕМЕ №2

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Кара-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 4 сессиясы

Т О К Т О М

Кара-Таш айылы

3

22.02.2017

 

"Кара-Таш айыл өкмөтүнө  2017-жылга

 айылдык бюджетке түшүүчү физикалык  тараптардан алынуучу жер салыгына, таштанды төлөмүнө жана жердин ижарасы  үчүн акы төлөмдөрүн көтөрүү  сунушун бекитүү жөнүндө"     

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджетти жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын  2017-жылга республикалык бюджети  жана 2018-2019-жылдарга болжолу   жонундогу" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелуу мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айылдык кенешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын   Кара-Таш  айыл  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

            1.  2017-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетине түшүүчү физикалык тараптардан алынуучу жер салыгына 1,2 коэффицент, таштанды төлөмүнө 25 сом башкача айтканда 100 сомго,жердин ижарасы үчүн алынуучу салыктын түрүнө 30%  өлчөмүндө көтөрүү сунушу  бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

            2.  2017-жылга айылдык бюджеттин  кирешелерин түзүүчү булактарына түшүүчү акча каражатын туура пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы эконмика бөлумүнө милдеттендирилсин.

             

            3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңешинин "Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча"  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Таш айылдык Кенешинин  төрагасы 

 

Н.Джаныбаев                  

 

 

Назад