М А З М У Н У

п/п

Токтом

Токтом датасы

Кыска мазмуну

1.

XXIII-1

28.08.2015

Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2015-жылын биринчи жарым жылдыгындагы   бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттер жөнүндө

2.

XXIII-2

28.08.2015

Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дөң-Кыштак айылындагы  «Саодат-Гоя» балдар бакчасын аталышын өзгөртүү   жөнүндө

3.

XXIII-3

28.08.2015

М Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонтоо иштери боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

4.

XXIII-4

28.08.2015

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча баашкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгу мыйзамынын 24-беренесине негиз депутаттык мандатын кароо тууралуу

5.

XXIII-5

28.08.2015

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы тамеки сарайлар, өндүрүштүк объектилер жана  башкалардын жерлерин пайдалануу багытын   турак-жай багыты боюнча  пайдаланууга өзгөртүү үчүн сунуш берүү жөнүндө

6.

XXIII-6

28.08.2015

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы экономикалык жактан пайдаланууга ынгайсыз таштак кайрак  жерлерди пайдалануу багытын бак- дарак багыты боюнча пайдаланууга которуу жөнүндө

 

 

 

 

 

 

1

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)  23-кезектеги сессиясынын  заседаниясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

XXIII-1

28.08.2015

 

Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2015-жылын биринчи жарым жылдыгындагы   бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттер жөнүндө

Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы  айылдык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын экинчи жарым жарым жылдыгына каралган айылдык бюджети айылдык   Кеңештын депутаттарын   «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк»  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жонундъгу» Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын Жаны-Ноокат айылдик Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2015-жылын биринчи жарым жылдыгындагы   бюджетинин аткарылышын канааттандырарлык деп табылсын.

           

2. 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттин пайдаланууда бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык  негиздерин  чыңдоо, алардын финансалык   мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы  тарабынан көзөмөлгө алынсын.

             

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын жаны-Ноокат айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

2

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)  23-кезектеги сессиясынын  заседаниясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

XXIII-2

28.08.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дөң-Кыштак айылындагы  «Саодат-Гоя» балдар бакчасын аталышын өзгөртүү   жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылындагы «Саодат-Гоя»  балдар бакчасынын ата-энелер комитетинин 2015-жылдын 21- апрелиндеги жалпы чогулушунун токтомун  жана аталган балдар бакчасынын эмгек жаматынын  2015-жылдын 21- апрелиндеги Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө   «Саодат-Гуя» балдар бакчасын атын «Саадат Сатарова» деп өзгөртүү жөнүндагы суранычын  карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дөң-Кыштак айылындагы  «Саодат-Гоя» балдар бакчасынын ата-энелер комитетинин жалпы чогулушунун жана эмгек жамаатынын суранычтарын негизинде  «Саодат-Гуя» балдар бакчасынын  аталышы «Саадат Саттарова» деп  өзгөртүлсүн.

 

2. Балдар бакчасын аталышы өзгөртүлушүно байланыштуу керектелүүчү иш кагаздарын өзгөртүү иштерин аткарылышы балдар бакчасынын жетекчиси Иминова Гояга  тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

3

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)  23-кезектеги сессиясынын  заседаниясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

XXIII-3

28.08.2015

 

М Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонтоо иштери боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

М Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонтоо иштерин сапатту жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө максатында     комиссия курамын  түзүү боюнча  маселени карап чыгып жана талкуулап, депутаттар тарабынан билдирилген макулдуктун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   М Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонтоо иштерин

сапатту жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө  максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.

 

Комиссиянын төрагасы   А.Яйлопов  

Жандама айылынын айыл башчысы

 

Комиссиянын  мүчөлөрү:

 

Мамажонов Дилшод       айылдык кеңештын депутаты

Узаков Махамаджон       айылдык кенштын депутаты

Муталов Обид                 айылдык кеңештын депутаты

Юлдашов Хамидулло     айылдык кеңештын депутаты

Казибоев Юсуфжон        айылдык кеңештын депутаты

Жураев Маматохир        Ноокат райондук архитектура башкармалыгы өкүлү

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

4

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)  23-кезектеги сессиясынын  заседаниясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

XXIII-4

28.08.2015

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча баашкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгу мыйзамынын 24-беренесине негиз депутаттык мандатын кароо тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча баашкаруу   Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгу мыйзамынын 24-беренесинин 3 бөлүгү жана 24-статьясынын 6  бөлүгүнүнө негиз депутаттык мандатын кароо тууралуу маселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин депутаттары  Розиев Турсунмамат Позилович, Хамрокулов Абдилтохоб Эргашмаматовичтын депутаттык ыйгарм укуктарын мөөнөтүнан мурда токтотуу жөнүндөгу арыздарын негизинде, Жаңы-Ноокат айылдык  кеңешинин депутаты Каримбердиев  Набижон Муталовичтын  дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу   Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын Жандама айылынан Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары  Рузиев Турсунмамат Позилов жана Хамрокулов  Абдилтохоб Эргашмаматовичтардын депутаттык ыйгарым угугун мөөнөтүнан мурда токтотуу жөнүндөгү арызынын негизинде,  Дөн-Кыштак айылынан Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Каримбердиев Набижон Муталовичтын дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын» мыйзамынын 24 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана 24-беренесинин

 6 бөлүгүнө негиз депутаттык мандаты жана ыйгарым укуктары өз мөөнөтүнан мурда токтотулсун.

 

2.  Рузиев Турсунмамат Позиловичтын, Хамрокулов Абдилтохоб Эргашмаматовичтын, Каримбердиев Набижон Муталовичтерден кийинки добуш алган талапкерлерди тактап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

5

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)  23-кезектеги сессиясынын  заседаниясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

XXIII-5

28.08.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы тамеки сарайлар, өндүрүштүк объектилер жана  башкалардын жерлерин пайдалануу багытын   турак-жай багыты боюнча  пайдаланууга өзгөртүү үчүн сунуш берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында жер жана агрардик реформа жүргүзүлгөн учурда Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мурдагы  Маданият,Янги-Новкат,Сахаба,Кызыл-Тейит колхоздорунун эсебиндеги тамеки сарай курулуш имараттары, өндүрүштүк объектилер жана башка жайлардагы 22.96 га жерлер курулуш имараттары  жаңыдан уюштурулган дыйкан чарбалар тарабынан айыл тургундарына жеке менчикке сатылып, дыйкандар тарабынан турак-жайлар курулуп кеткендигине байланыштуу  , аталган жер аянтын пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүүнү карап чыгып жана талкулап Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы  мурдагы   Маданият, Янги-Новкат, Сахаба, Кызыл Тейит колхоздорунун эсебиндеги 22.96 га тамеки сарайлар, өндүрүштүк объектилер жана  башкалардын жерлери  жаңыдан уюштурулган дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын токтомунун негизинде дыйкандарга жеке менчикке сатылып кеткендигине байланышту аталган жайлардын жерлерин  пайдалануу багыты   турак-жай багыты боюнча  пайдаланууга өзгөртүү  жагы Ноокат райондук мамлекеттик админис- трациясына сунуш кылынсын.

 

2. Ушул токтомдун иш жүзүнө ашырылышын камсыз кылуу үчүн Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу  башкармалыгына иш кагаздарын даярдап берүү жагы   Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад

 

 

 

6

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\sony\Desktop\герб.jpg

Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (бешинчи  чакырылышы)  23-кезектеги сессиясынын  заседаниясы

Т О К Т О М

Жаңы-ноокат айылы

XXIII-6

28.08.2015

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы экономикалык жактан пайдаланууга ынгайсыз таштак кайрак  жерлерди пайдалануу багытын бак- дарак багыты боюнча пайдаланууга которуу жөнүндө

Жаңы-Ноокат  айыл аймагынын тургундари тарабынан айылдардын четтеринде жайгашкан экономикалык жактан ыңгайсыз таштак  кайрак жерлерди өздөштүрүп бак тигүү боюнча суроо талаптар түшүп жаткандыгын карап чыгып, айыл аймагынын Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын № 24-23 контурунда жайгашкан 9.50 га жерди өздөштүрүп кайрак жерди бак- дарак жерге   которууну иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын №24-23 контурунда жайгашкан  экономикалык жактан пайдаланууга ыңгайсыз таштак 9.50 га  кайрак айдоо жер айыл өкмөтүнүн тургундарынын суроо кайрылууларынын негизинде  пайдалануу багыты бак- дарак жерлери багытына которулсун 

 

2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы айыл өкмөтүнүн жер картасынын № 24-23 –контурунда жайкашкан экономикалык жактан пайдаланууга ыңгайсыз таштак 9.50 га кайрак айдоо жер боюнча токтомду бекитип берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

 

3. Токтомдун иш жүзүно ашырылышын камсыз кылууталган жерди конкурс негизинде айыл тургундарына ижарага берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Жаңы-Ноокат  айылдык  төрагасы 

 

А. Имомов

 

 

Назад